Загрузка документа…
Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги
1. Жаратылыш газынан тышкары, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууга келишим;
2) эсеп-фактура (инвойс) – экспорттоочу резиденти болуп эсептелген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык товарды экспорттоону жүзөгө ашыруучу субъект тарабынан таризделүүчү электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндөгү салык документи;
3) товар-транспорттук коштомо кагазы (ТКК) – эл аралык автомобилдик коштомо кагазынын (CMR) ордуна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн чегинде товарларды өткөрүүдө пайдаланылуучу документ;
4) эл аралык автомобилдик коштомо кагазы (CMR) – жүктү автомобиль транспорту менен жеткирүүдө Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын (ЖЭЖТК) талаптарына ылайык таризделген документ.
2. Жаратылыш газын эл аралык ташууну (жеткирүүнү) ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн участоктору боюнча жаратылыш газын ташууга келишим;
2) эсеп-фактура – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жаратылыш газын эл аралык ташууну (жеткирүүнү) жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндөгү салыктык документ;
3) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөн магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн участоктору аркылуу ташылуучу жаратылыш газын өткөрүп берүү-кабыл алуунун коммерциялык актысы.».