Загрузка документа…
Рейддик салык контролун жүргүзүү
жана материалдарын тариздөө тартиби жана максаты
1-глава. Жалпы жоболор
1. Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жана максаты (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 59, 60, 127–130, 132–136, 345, 346-беренелерине, «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө», «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жазма буйрук – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча рейддик салык контролун жүргүзүүгө укук берүүчү документ, ал ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу таризделет;
2) кызматкер – белгиленген тартипте берилген жазма буйруктун негизинде рейддик салык контролун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы;
3) субъект – уюштуруу-укуктук формасына, иштин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык иш жүргүзгөн жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм;
4) субъекттин жооптуу адамы – субъект менен эмгек мамилелеринде болгон же субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди аткарган (анын ичинде келишим боюнча) жеке жак;
5) х-отчет – отчет түзүү учурунда нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын орто аралык отчету (өчүрүлбөгөн контролдук кассалык машинанын (мындан ары – ККМ) контролдук чеги);
6) орто аралык жана/же жыйынтыктоочу отчет – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун фискалдык программалык каражаттары аркылуу түзүлүүчү, белгилүү бир убакыт мезгилине акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтердин суммалары боюнча маалыматты камтыган отчет;
7) z-отчет – нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүдө түзүлүүчү нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын отчету (өчүрүлгөн ККМдин контролдук чеги);
8) рейддик салык контролунун акты (мындан ары – РСК акты) – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча рейддик салык контролунун жыйынтыктары таризделүүчү документ;
9) мүлктү убактылуу алып коюу акты (мындан ары – мүлктү алып коюу акты) – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделүүчү, алып коюлган мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн документ;
10) тоскоолдук көрсөтүү акты – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделүүчү кызматкердин жана/же салык кызматынын органынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо факты көрсөтүлгөн документ;
11) контролдук сатып алуу – ККМди колдонуу боюнча тартиптин жана талаптардын сакталышын, анын ичинде калкка контролдук-кассалык чектердин берилишин контролдоо үчүн салык органынын кызмат адамы же тартылган жеке жак тарабынан аз сандагы товарларды сатып алуу же субъекттер менен бүтүмдөрдү түзүү жолу менен мезгил аралыгы чектелбестен жүзөгө ашырылуучу текшерүү методу;
12) уруксат документтери – салык кызматынын органдары тарабынан алардын компетенциясынын алкагында берилүүчү экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтер (жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, патент, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечим, камсыздандыруу полиси, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү лицензия, атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк), ошондой эле уюмдардын жана обочолонгон бөлүмдөрдүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтер.
2-глава. Рейддик салык контролуна талаптар
3. Рейддик салык контролу субъекттин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, баалуу металлдар жана асыл таштар жана акциздик жана маркалануучу продукциянын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын өз убагында жана толук аткаруусун контролдоо жана ага көмөк көрсөтүү максатында жүзөгө ашырылат.
4. Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн максаты болуп төмөнкү фактыларды аныктоо да саналат:
1) салык төлөөчүнүн салыктык жана эсептик каттоосуз экономикалык ишти жүзөгө ашыруусу;
2) ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу;
3) патенттин негизиндеги салыкты төлөө жана анын жүзөгө ашырылуучу иштин түрүнө шайкештиги, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыкты төлөө;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте товарлардын кыймылын эсепке алууда жана контролдоодо контролдук пломбаларды жана коштоочу документтерди колдонбоо;
5) жалданма кызматкерлерди эсепке алуунун толуктугу, анын ичинде Жалданма жумушчулар боюнча салык агентинин реестрин (мындан ары – Реестр) жүргүзүү жана анда салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде жалданма кызматчылар болуп саналган жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
6) жергиликтүү салыктарга карата салык салуу объекттеринин жана салык базасынын физикалык көрсөткүчтөрүнүн шайкеш келиши;
7) Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жүргүзгөн жактарды кошпогондо, жеке ишкерлер, ал эми өткөрүлүп берилген учурда – алар ыйгарым укук берген адамдар тарабынан каттоо;
8) маркалоого тийиш болгон товарларды тиешелүү идентификациялоо каражаттарысыз жана акциздик/эсепке алуу-контролдук маркаларсыз, отун маркерисиз, алардын аныктыгын текшербестен же/жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленген минималдуу чекене баадан төмөн баада сатуу;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген акциздик жана маркалануучу товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасын колдонуу тартибинин талаптарын аткаруу;
10) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жана/же сатып алууга баштапкы эсепке алуу документтеринин болушу;
11) Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары – ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүүдө (импорттоодо) товарларды эсепке алуу тартибин бузуулар жана алар боюнча тиешелүү салыктарды төлөбөө, колдо болгон товардын иш жүзүндөгү көрсөткүчүнүн баштапкы эсепке алуу документтеринде (эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз, ЕАЭБдин коштомо кагазы ж.б.) көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө шайкеш келбеши, ошондой эле эсепке алынбаган (жашырылган) товардык-материалдык баалуулуктардын болушу;
12) банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрих-коддун (QR-код) символдорун пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүгө арналган, анын ичинде башка жакка жана/же субъекттин өзүнө катталган, ишкердик ишке байланышпаган жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арналган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) болушу жана колдонулушу;
13) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн салык кызматынын органдарында салыктык каттоосу жок жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, такси кызматынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жана курьердик кызмат көрсөтүүгө заказ берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык системага туташуусу;
14) такси кызматынын жана курьердик кызмат көрсөтүүнүн субъекттеринин ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде алынган киреше жөнүндө маалымат бербөөсү;
15) фискалдык программалык камсыздоонун ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган талаптарга шайкештигин жана анда сакталган маалыматтардын пайдаланылышын текшерүү;
16) КНС боюнча текшерүү жүргүзүүдө КНСтин ашыкча суммасынын негизсиздиги жана өлчөмү;
17) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө лицензиясыз иш жүргүзүү;
18) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу;
19) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер буюмдар жана алардын сыныктары менен операциялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу;
20) зергердик тармакта иштеген субъекттердин ишин контролдоодо кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу.
5. Рейддик салык контролу өзүнчө салык төлөөчүгө, салык төлөөчүлөрдүн тобуна, ошондой эле белгилүү бир участокко (аймакка) карата жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Рейддик салык контролу контролдук сатып алууну кошпогондо, өзүнчө салык төлөөчүгө же анын обочолонгон бөлүмүнө карата жылына 12 жолудан көп эмес жүргүзүлөт.
7. Рейддик салык контролу субъекттин иш режиминде жүргүзүлөт.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан рейддик салык контролу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкү талаптарынын сакталышын контролдоо максатында жүргүзүлөт:
1) салык төлөөчүнүн салык органында салыктык жана эсептик каттоосунун болушу;
2) патенттин негизиндеги салыкты же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык төлөнгөндүгү;
3) жергиликтүү салыктарга карата салык салуу объекттеринин жана салык базасынын физикалык көрсөткүчтөрү.
3-глава. Жазма буйрук
9. Рейддик салык контролу ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча салык кызматынын органы тарабынан берилген жазма буйруктун негизинде жүргүзүлөт.
10. Рейддик салык контролун жүргүзүү укугуна жазма буйрук ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу электрондук формада таризделет. Жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын санариптик колтамгасы коюлууга (ырасталууга) тийиш. Зарыл болгон учурда жазма буйрукту кагаз түрүндө басып чыгарууга болот, анын аныктыгын QR-код менен текшерүүгө болот.
11. Жазма буйрук өзүнчө салык төлөөчүгө, салык төлөөчүлөрдүн тобуна, ошондой эле белгилүү бир участокко (аймакка) да жазып берилиши мүмкүн.
12. Жазма буйрукта төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:
1) жазма буйрукту каттоо датасы жана номери;
2) жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
3) кызматкердин аты-жөнү жана кызматтык күбөлүгүнүн номери;
4) рейддик салык контролу жүргүзүлүүгө тийиш болгон аймактын жана/же участоктун, субъекттин аталышы жана анын идентификациялык салык номери (мындан ары – ИСН);
5) салык мыйзамдарына, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана спирт камтыган продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык рейддик салык контролу жүргүзүлүүгө тийиш болгон маселелердин тизмеги;
6) рейддик салык контролун жүргүзүүнүн негизи;
7) рейддик салык контролун жүргүзүү мөөнөтү;
8) жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында жетекчинин санариптик колтамгасы коюлат (ырасталат).
13. Жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартуу өзүнчө салык төлөөчүгө жазып берилген жазма буйруктар боюнча гана төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) жазма буйруктун колдонуу мезгилинде субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы жок болгондо;
2) товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну жүргүзүүгө байланыштуу көрсөтүлгөн мөөнөт жетишсиз болсо.
14. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө субъектке төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жазма буйрукта көрсөтүлгөн кызматкердин электрондук түрдөгү кызматтык күбөлүгү;
2) таанышуу жана арткы бетине кол коюу үчүн кагаз жүзүндөгү жазма буйруктун түп нускасы же аны таанышуу жана графикалык кол тамгасын коюу үчүн тийиштүү алып жүрүүчүдө электрондук формада берүү. Өз ара макулдашуу боюнча кызматкер электрондук формадагы жазма буйрукту таанышуу үчүн субъекттин электрондук дарегине же мессенджерине жөнөтө алат.
Жазма буйрук менен таанышуудан баш тартылган учурда, баш тартуу жөнүндө маалымат тийиштүү алып жүрүүчүдө же кагаз жүзүндөгү жазма буйрукта көрсөтүлөт. Жазма буйрук менен таанышуудан баш тартуу рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
15. Жазма буйрук РСК актынын жыйынтыктарын толтуруу жолу менен жабылат. Ар бир субъект жөнүндө жазма буйрукту жабууда рейддик салык контролунун жыйынтыктарына жараша маалымат көрсөтүлөт.
Бузуулар аныкталган учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында рейддик салык контролунун жыйынтыктары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
Бузуулар жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында «бузуулар аныкталган жок» деген маалымат көрсөтүлөт.
16. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына киргизилген маалыматтардын негизинде ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамдары рейддик салык контролунун жыйынтыктары боюнча «бузуулар аныкталган жок» деген маалымат көрсөтүлгөн субъекттерге карата кошумча рейддик салык контролун жүргүзүүгө укуктуу.
17. Субъект жазма буйруктун аныктыгын анда жайгашкан QR-кодду колдонуу менен электрондук түрдө текшерүүгө укуктуу.
4-глава. Рейддик салык контролун уюштуруу
18. Кызматкер рейддик салык контролу жүргүзүлүүгө тийиш болгон субъект жайгашкан жерге келгенден кийин төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн субъекттин ишине жана мүлк объектине визуалдык байкоо жүргүзөт:
1) субъекттин же субъекттин жооптуу адамы тарабынан калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, соода операцияларын жүзөгө ашырууда же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө ККМдин болушуна жана анын колдонуу фактына;
2) субъектте жалданма кызматкерлердин иш жүзүндө болушу жана аларды пайдаланышы жана алардын саны;
3) санариптик идентификациялоо каражаттары жана/же акциздик маркалар, жана/же отун маркери, жана/же эсепке алуу-контролдук маркалар, жана/же молекулярдык маркерлер менен белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлардын болушу.
19. Зарыл болгон учурда рейддик салык контролунун алкагында төмөнкүлөр да жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылуучу контролдук сатып алуу;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлүүчү товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу.
20. Субъект же субъекттин жооптуу адамы кызматкердин субъекттин аймагына жана/же жайына кирүүсүнө негизсиз баш тарткан жана/же тоскоолдук көрсөткөн учурда тоскоолдук көрсөтүү акты түзүлөт. Негиздер болгондо жана салык кызматынын органдарынын кызмат адамы тарабынан рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн бардык талаптар сакталганда салык төлөөчүнүн аймакка киргизүүдөн баш тартуусу негизсиз баш тартуу деп эсептелет.
Тоскоолдук көрсөтүү актына кызматкер жана субъект же ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен субъекттин жооптуу адамы кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы тоскоолдук көрсөтүү актына кол коюудан баш тарткан учурда фото- жана видео тартуу жүргүзүлөт жана тоскоолдук көрсөтүү актына тапшыруу датасын көрсөтүү менен «тоскоолдук көрсөтүү актына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу киргизилет.
Бул актынын негизинде кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салык кызматынын органынын кызматкеринин жазма буйругун же талабын аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу фактысы боюнча протокол түзөт.
21. Субъектте видеокөзөмөл жүргүзүү үчүн арналган система болсо, рейддик салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө кызматкерге видеожазууну башкарууда колдонуу үчүн бул системага жана/же IP-камерага жана/же Интернет тармагы аркылуу IP-дарекке жана/же башка тармактарга жеткиликтүүлүк берилет.
Эгерде видеобайкоого кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартса, кызматкердин мыйзамдуу талаптарынын аткарылбагандыгын көрсөткөн тоскоолдук көрсөтүү актысы түзүлөт.
Тоскоолдук көрсөтүү актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тарткан учурда фото- жана видеофиксация жүргүзүлөт жана тоскоолдук көрсөтүү актысына тапшыруу датасын көрсөтүү менен «тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу жазылат.
Бул акттын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тарткан же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «укук бузуу фактысы менен макул эмес» деген белги менен протокол түзүлөт жана кагаз жүзүндөгү протоколго «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
5-глава. Рейддик салык контролун жүргүзүү тартиби
5.1. ККМди колдонууну контролдоо
22. Жазма буйрукту жана кызматтык күбөлүктү көрсөткөндөн кийин кызматкер субъекттен рейддик салык контролу учурунда x-отчетту чыгарууну талап кылат. ККМ жок болгон учурда бул факт РСК актысында белгиленет жана рейддик салык контролунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
Кызматкер x-отчетту жана/же орто аралык отчетту алып, субъект же субъекттин жооптуу адамы менен бирге ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысын толтуруу менен субъекттин кассасындагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгын алат, мында накталай түшкөн акча купюра боюнча көрсөтүлөт жана контролдоо учурунда (мындан ары – накталай акча каражаттарын алуу акты) түшкөн акчанын жалпы суммасы цифра жана жазуу жүзүндө чыгарылат (анын ичинде накталай эмес эсептешүү көрсөтүлөт), ал РСК актысына тиркелет. Накталай акча каражаттарынын калдыктарын кассадан алууда субъект же субъекттин жооптуу адамы накталай акча каражаттарын эсептейт, ал эми кызматкер накталай акча каражаттарын алуу актысын толтурат.
Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы тарабынан ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коюлат. Субъект же субъекттин жооптуу адамы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кол коюудан баш тарткан учурда фото- жана видеофиксация жүргүзүлөт жана тапшырылган датасын көрсөтүү менен накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына «накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу жазылат.
23. Эгерде субъект бир объектте бир нече ККМ колдонсо, анда кассалык тартипти контролдоо ар бир ККМ боюнча жүзөгө ашырылат.
24. Кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алууда кызматкер экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган субъекттин аймагын, жайларын, мүлк объекттерин ККМ аркылуу басып чыгарылбаган акча каражаттарынын суммасын жашыруу предметине текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
25. Рейддик салык контролу учурунда кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгы х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммалар менен салыштырылат.
26. Эгерде кассада накталай акча каражаттары х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчтүн чоңдугунан көп болсо, анда ашыкча сумма сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чектин басып чыгарылбаган фактысын ырастоо болуп саналат жана РСК актысына сумманы цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен «ашыкча» деген жазуу жазылат, мында субъекттен түшүнүк кат милдеттүү түрдө талап кылынат, ал РСК актысына тиркелет.
27. Эгерде кассада накталай акча каражаттары х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда кем чыгуу фактысы боюнча субъект же субъекттин жооптуу адамы кем чыккан суммага чыгымдарды ырастоочу документтерди берүүгө тийиш жана РСК актысына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен «кем чыгуу» деген жазуу жазылат.
28. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан көп болсо, анда айырманын суммасы контролдук-кассалык чектин басып чыгарылбагандыгын ырастайт жана РСК актысына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен «ашыкча» деген жазуу жазылат, мында субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан дал келбөөнүн аныкталган факты жөнүндө түшүнүк кат милдеттүү түрдө талап кылынат, ал РСК актысына тиркелет.
29. Субъект тарабынан түшүнүк кат берүүдөн баш тартылган учурда РСК актысында түшүнүк кат берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
30. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда айырманын суммасы кем чыккан болуп саналат жана РСК актысына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен «кем чыгуу» деген жазуу жазылат.
31. Накталай эмес төлөм инструменттери болгон учурда накталай эмес төлөм инструменттери аркылуу төлөнгөн суммалар боюнча чекте же көчүрмөдө көрсөтүлгөн накталай эмес акча каражаттарынын суммасы х-отчетто көрсөтүлгөн накталай эмес түшкөн акчага карата салыштырылат.
32. Эгерде чекте же көчүрмөдө накталай эмес акча каражаттарынын суммасы х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчтүн чоңдугунан көп болсо, анда ашыкча сумма контролдук-кассалык чектин сатып алуучуга (кардарга) басып чыгарбоо фактын ырастайт жана РСК актысына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен «ашыкча» деген жазуу жазылат.
Субъект же жооптуу адам жазуу жүзүндө түшүндүрмө кат берүүгө укуктуу, ал РСК актысына тиркелет.
33. Эгерде чекте же көчүрмөдө накталай эмес акча каражаттарынын суммасы х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда кем чыгуу факты боюнча субъект жетпеген суммага чыгымды ырастаган документтерди берүүгө тийиш жана РСК актысына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен «кем чыгуу» деген жазуу жазылат.
34. Эгерде х-отчетто көрсөтүлгөн суммага карата накталай жана/же накталай эмес акча каражаттарынын ашыкча факты ырасталса, субъект же субъекттин жооптуу адамы белгиленген ашыкча суммага ККМ аркылуу контролдук-кассалык чекти чыгарууга милдеттүү.
ККМди колдонуу тартибин жана талаптарын бузуунун белгиленген түрүнө жараша РСК актысына: «ККМди колдонбоо», «чек басып чыгарбоо», «ККМ оң эмес» деген жазуулар жана накталай акча каражаттарын алуу акты жөнүндө маалыматты тиркөө, түшүнүк кат же субъекттин түшүнүк кат берүүдөн баш тартуусу тууралуу маалымат киргизилет.
35. Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жүргүзгөн жактарды кошпогондо, ККМ оң эместиги аныкталган учурда, кардарлар менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу процессинде квитанциялардын бланктарын колдонууга жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды киргизүүгө милдеттүү.
36. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуу үчүн колдонулуучу фискалдык программалык камсыздоону пайдаланууда кызматкердин талабы боюнча субъект же жооптуу адам белгилүү бир убакыт мезгили үчүн акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтердин суммалары боюнча жыйынтыктоочу маалыматты камтыган орто аралык отчетту жана/же жыйынтыктоочу отчетту берүүгө милдеттүү.
Аралык жана/же жыйынтыктоочу отчеттун маалыматтары салык контролун жүргүзүүдө пайдаланылышы мүмкүн.
Белгилүү бир убакыт мезгили үчүн орто аралык жана/же жыйынтыктоочу отчет берилбеген учурда кызматкер тарабынан тоскоолдук көрсөтүү акты түзүлөт.
37. Субъект кызматкерге х-отчетту жана/же орто аралык отчетту берүүдөн баш тарткан учурда РСК актысында х-отчетту жана/же орто аралык отчетту берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Ошондой эле тоскоолдук көрсөтүү акты түзүлөт, анда х-отчетту жана/же орто аралык отчетту бербөө менен билдирилген кызматкердин мыйзамдуу талаптарды аткарбоо факты көрсөтүлөт.
Тоскоолдук көрсөтүү актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тарткан учурда тапшырылган датасын көрсөтүү менен фото- жана видеофиксация жүргүзүлөт жана тоскоолдук көрсөтүү актысына «тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу жазылат.
38. Белгиленген бузуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуунун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тарткан же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «укук бузуу фактысы менен макул эмес» деген белги менен протокол түзүлөт жана кагаз жүзүндөгү протоколго «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароо убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
39. Рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө төмөнкүлөрдүн болушуна да контролдоо жүзөгө ашырылат:
1) сатылуучу товарларга баалардын (тейлөө чөйрөсүндө – көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө прейскуранттардын болушу, коомдук тамактанууда – ар бир тамакка жана суусундукка баалары көрсөтүлгөн меню) жана алардын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун фискалдык программалык каражаттары аркылуу контролдук-кассалык чектерге жана/же документтерге ылайык келүүсү;
2) контролдук-кассалык чекти талап кылуунун зарылдыгы жөнүндө маалыматты жана анын сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштырылышы.
Маалыматтын жана/же баалардын жоктугу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 129-беренесинин талаптарын бузуу болуп саналат жана РСК актысында чагылдырылат.
5.2. Уруксат берүүчү документтерди контролдоо
40. Кызматкердин биринчи талабы боюнча субъект же субъекттин жооптуу адамы күбөлүктө көрсөтүлгөн иштин түрүнүн иш жүзүндө жүргүзүлүп жаткан түрүнө шайкештигин текшерүү үчүн экономикалык ишти жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтерди, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү лицензиясын, ошондой эле атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүктү берүүгө милдеттүү.
41. Эгерде субъект патенттин негизинде иш жүргүзсө, анда рейддик салык контролун жүргүзүүдө патенттин болушу, патентте көрсөтүлгөн иштин түрүнүн субъект иш жүзүндө жүргүзүп жаткан иштин түрүнө шайкештиги, анын колдонуу мөөнөтү, ошондой эле патенттин колдонуу аймагы текшерилет.
42. Рейддик салык контролу учурунда салыктык каттоосуз жана/же патенттин негизиндеги салыкты же өзгөчө режимдеги соода зоналарында ишке салыкты төлөбөстөн жана/же этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө лицензиясыз жана/же атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүксүз экономикалык ишти жүзөгө ашырган учурда жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган товардык-материалдык баалуулуктардын баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон учурда бул тууралуу маалымат РСК актысында көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуунун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартылса, «укук бузуу фактысы менен макул эмес» деген белги менен протокол түзүлөт жана кагаз жүзүндөгү протоколго «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн бузуулардын түрлөрүнүн бири аныкталган учурда кызматкер субъекттин ишкердик ишине байланышкан мүлк объекттерине мөөр басууга/пломбалоого укуктуу.
43. Мында кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча мөөр басуу/пломбалоо актын түзөт, анда мөөр басып бекитилген датасы жана орду, качан, ким тарабынан, кимдин катышуусунда болгондугу көрсөтүлөт. Мөөр басып бекитүү/пломбалоо субъекттин жана/же субъекттин жооптуу адамынын катышуусунда жүргүзүлөт, мөөр басып бекитүү актысына кызматкер, субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы кол коёт. Субъект жана/же жооптуу адам мөөр басып бекитүү/пломбалоо актысына кол коюудан баш тарткан учурда фото- жана видеофиксация жүргүзүлөт жана тапшырылган датасын көрсөтүү менен мөөр басып бекитүү/пломбалоо актысына «мөөр басып бекитүү/пломбалоо актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу жазылат.
5.3. Жалданма кызматкерлерди эсепке алуунун толуктугун контролдоо
44. Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө кызматкер субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан жалданма жумушчулардын тизмесин, рейддик контролдоо учурунда иш жүзүндө болгон жумушчулардын тизмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салык төлөөчүнүн кызыкчылыгында милдеттерди аткаруу боюнча ыйгарым укуктарды белгилеген тиешелүү документтерди талап кылат.
Жалданма жумушчулардын тизмеси жана жалданма жумушчулардын иш жүзүндөгү саны Реестрде көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырылат. Реестрде жалданма жумушчулар боюнча актуалдуу маалыматтар жок болсо, ошондой эле киреше салыгын жана/же камсыздандыруу төгүмдөрүн, жалданма жумушчулардын патентин же камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөн факты аныкталган учурда РСК актысына тиешелүү жазуу киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «укук бузуу фактысы менен макул эмес» деген белги менен түзүлөт жана кагаз жүзүндөгү протоколго «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга өткөрүп берилет.
45. Рейддик салык контролунан кийин жалданма кызматкерлердин тизмеси салык кызматынын органдарынын маалыматтар базасындагы субъекттин отчету менен салыштырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде кызматкер рейддик салык контролун жүргүзөт, анын натыйжалары боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Муну менен катар бул контролдун натыйжалары боюнча субъектке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар колдонулат.
46. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө жумуш берүүчү тарабынан жалданма кызматкердин эмгек акысын накталай эмес формада төлөө боюнча талаптарды аткаруу максатында рейддик салык контролунун учурунда иш жүзүндө болгон жалданма кызматкерлердин тизмеленген маалыматтарын Реестрде жана/же киреше салыгы боюнча отчетто көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырууга милдеттүү.
Реестрде жана/же киреше салыгы боюнча отчетто жалданма кызматкерлер боюнча маалыматтарда иш жүзүндө болгон жалданма кызматкерлердин жок экендиги аныкталган учурда кызматкер тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык эмгек акыны накталай эмес формада төлөө боюнча талаптын аткарылбагандыгы жөнүндө протокол түзүлөт.
5.4. Жергиликтүү салыктарга карата салык базасын жана салык салынуучу объекттердин физикалык көрсөткүчтөрүн контролдоо
47. Жергиликтүү салыктарга карата салык базасын эсептөө жана мүлк салыгы боюнча отчеттордун тууралыгын жана аныктыгын текшерүү, түзүү жана берүү үчүн – субъекттен объекттин колдонуудагы ижара келишимин, эгерде менчик ээси текшерилүүчү субъект болуп эсептелсе, кыймылсыз мүлктүн техникалык паспортун талап кылуу зарыл.
48. Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин негизинде кызматкер кыймылсыз мүлккө салык төлөө фактын текшерет. Кыймылсыз мүлк салыгын төлөбөгөн факты аныкталган учурда кызматкер рейддик салык контролун жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Муну менен бирге бул чечимдин негизинде субъектке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар колдонулат.
5.5. Товарларды жүгүртүү тартибинин сакталышын жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жана/же сатып алууга коштоочу документтерди жана/же баштапкы
эсепке алуу документтерин контролдоо
49. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө кызматкер субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан товарларды жүгүртүү, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу менен байланышкан коштоочу документтерди жана/же баштапкы эсепке алуу документтерин талап кылат, зарыл болгондо эсеп-фактура же коштоочу документтер жок болгон учурда, бул тууралуу маалымат РСК актында көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «укук бузуу факты менен макул эмес» деген белги менен түзүлөт жана кагаз жүзүндөгү протоколго «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароо убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга өткөрүп берилет.
50. Рейддик салык контролунун алкагында кызматкер электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (мындан ары –ЭТТК) (ЭТТКны милдеттүү колдонуу боюнча талаптарга туура келген товарларга) жана электрондук эсеп-фактураны (мындан ары – ЭЭФ) прейскурантты, калькуляциялык картаны/материалдарды чыгымдоо ченемин/рецептураны (эгерде субъект товарды өндүрүүчү болуп эсептелсе) товардын каалаган түрүнө талап кылууга укуктуу. Товарларга ЭТТК жана ЭЭФ жок болгон учурда кызматкер товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алып салат жана маалыматтарды товардык-материалдык баалуулуктарды алуу актына киргизет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт.
Субъектте ЭТТКны милдеттүү колдонуу боюнча талаптарга туура келген товарлар болгон учурда кызматкер экономикалык иш объектинин ЭТТК модулунда каттоосунун бар экендигин жана тууралыгын текшерет. Экономикалык иш объекти ЭТТК модулунда катталбаган же туура эмес катталган учурда бул тууралуу маалымат РСК актында көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Рейддик салык контролунун жүрүшүндө кызматкер ЭТТКны милдеттүү колдонуу боюнча талап күчүндө болгон товарларды жүгүртүү тартибинин сакталышын текшерет. Товарларды жүгүртүү тартибин бузуулар аныкталган учурда бул тууралуу маалымат РСК актында көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
51. Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык кызматынын органы тарабынан баштапкы эсепке алуу документтери жок товардын бар экендиги аныкталса, ошондой эле рейддик салык контроль жүргүзүү учурунда электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасында маалыматтар жок болсо, кызматкер тарабынан товардык-материалдык баалуулуктарды алып салуу актысы түзүлөт жана бул салык төлөөчүгө мындай товардын рыноктук наркынан беш пайыз өлчөмүндө киреше салыгы боюнча салыктык санкция колдонулат.
Товардын рыноктук наркын аныктоо мүмкүн болбогон учурда товардын баасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 138, 139-беренелерине ылайык аныкталат.
Ошондой эле баштапкы эсепке алуу документтери жок товарлардын категориясына баштапкы эсепке алуу документтери болбогон, бирок ККМ аркылуу сатылган товарлар кирет.
52. Салык кызматынын органынын кызматкери ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу товарларды баштапкы документтери жок сатып алгандыгы үчүн салык санкциясын колдонуу жөнүндө чечим чыгарат, анда кабыл алынган чечимдин номери жана датасы, ошондой эле кошуп эсептелген санкциянын суммасы берилет.
53. Товарларды баштапкы документтери жок сатып алгандыгы үчүн салык санкциясын колдонуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 97-беренесине ылайык тапшырылат.
5.6. Товарларды идентификациялоо каражаттары,
акциздик маркалар, эсептик-контролдук маркалар,
отун маркалары же молекулярдык маркер менен
белгилөөнү контролдоо
54. Субъект тарабынан акциздик продукцияны, ошондой эле маркаланууга тийиш болгон башка товарларды өндүрүүдө, импорттоодо, ташып келүүдө, сактоодо жана сатууда акциздик маркалардын жана/же идентификациялоо каражаттарынын, жана/же контролдук идентификациялык белгилердин, жана/же отун маркеринин, жана/же эсептик-контролдук маркалардын, жана/же молекулярдык маркердин бар же жок экендиги милдеттүү түрдө текшерилет
55. Сатылуучу акциздик товарларга карата акциздик маркалар, милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилери, жана/же отун маркери, жана/же эсептик-контролдук маркалары, жана/же молекулярдык маркери болсо, шайкеш келсе жана анык болсо, РСК актына «бар» деген тийиштүү жазуу жазылат.
56. Акциздик маркалар жана/же идентификациялоо каражаттары, жана/же контролдук идентификациялык белгилер, жана/же отун маркери, жана/же эсептик-контролдук маркалар, жана/же молекулярдык маркери жок болгон учурда РСК актына «жок» деген тийиштүү жазуу жазылат.
57. Ошону менен бирге аныкталган бузуулар боюнча ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт кошумча түзүлөт, анда чектен ашып кеткендигин текшерүү үчүн милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмүн (наркын) аныктоо максатында алып коюлууга тийиш болгон товарлардын аталышы, өлчөө бирдиги, саны, баасы жана суммасы көрсөтүлөт, ал боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгат.
Продукциянын баасы товардын баалыгы боюнча, ал эми баалыктар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 139-беренесине ылайык, бирок Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленген минималдуу дүң-чекене баалардан төмөн эмес аныкталат.
Акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кызматкер, субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт, ошондой эле субъекттен түшүнүк кат талап кылынат, ал ушул актыга тиркелет. Субъект же субъекттин жооптуу адамы акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан жана/же түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан учурда актыга тартылган калыс-күбөлөр кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото жана видео фиксациялоо жүргүзүлөт жана акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга тапшырылган датасын көрсөтүү менен «акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу жазылат.
58. Эгерде милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашып кетсе, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлк алып коюлат. Алып коюлган товар РСК актынын көчүрмөсү менен укук коргоо органдарына берилет, ага мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
59. Эгерде милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашпаса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук иш-аракет колдонулат. Маркалануучу товарларды убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «укук бузуу факты менен макул эмес» деген белги менен түзүлөт жана кагаз жүзүндөгү протоколго «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароо убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга өткөрүп берилет.
60. Берүүчүнү аныктоо максатында субъекттен түшүнүк кат талап кылынат. Берүүчү аныкталган учурда кызматкер РСК актында берүүчү тарабынан жол берилген бузуулардын мүнөзүн көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн берүүчү башка салык органында башкарылса, кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү салык органына РСК актынын көчүрмөсүн жөнөтөт.
61. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч календардык күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мүлктү конфискациялоо, менчик ээсине кайтарып берүү же жок кылуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет.
5.7. Товарлардын анык идентификациялоо каражаттары, акциздик маркалар, отун маркери, эсептик-контролдук маркалар же молекулярдык
маркер менен белгиленишин контролдоо
62. Акциздик маркалар, идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилер, жана/же отун маркери ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келбегендиги аныкталган учурда, анын ичинде электрондук-маалыматтык элемент жана/же идентификациялоо каражаттары, жана/же отун маркери идентификацияланбаган учурда, РСК актына «талаптарга шайкеш келбейт» деген тийиштүү жазуу жазылат жана/же бузуунун мүнөзү көрсөтүлөт.
63. Ошону менен бирге аныкталган бузуулар боюнча акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт кошумча түзүлөт, анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашып кеткендигин текшерүү үчүн акциздик маркалардын жана/же идентификациялоо каражаттарынын, жана/же эсептик-контролдук маркалардын, жана/же молекулярдык маркердин санын аныктоо максатында алып коюуга тийиш болгон товарлардын аталышы, өлчөө бирдиги, саны, баасы жана суммасы көрсөтүлөт.
Акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кызматкер, субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт, ошондой эле субъекттен түшүнүк кат талап кылынат, ал ушул актыга тиркелет. Субъект же субъекттин жооптуу адамы акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан жана/же түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан учурда актыга тартылган калыс-күбөлөр кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото жана видео фиксациялоо жүргүзүлөт жана акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга тапшырылган датасын көрсөтүү менен «акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу жазылат.
64. Эгерде акциздик маркалардын жана/же идентификациялоо каражаттарынын, жана/же отун маркеринин, жана/же эсептик-контролдук маркалардын, жана/же молекулярдык маркердин саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашып кетсе, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлк алып коюлат.
Алып коюлган товар РСК актынын көчүрмөсү менен укук коргоо органдарына берилет, ага мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
65. Эгерде акциздик маркалардын жана/же идентификациялоо каражаттарынын, жана/же отун маркеринин, жана/же эсептик-контролдук маркалардын саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашпаса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук иш-аракет колдонулат. Маркалануучу товарларды убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
Укук бузуу субъекти жокто протокол түзүлгөн учурда же ал протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «бузуу фактысы менен макул эмес» деген белги менен протокол түзүлөт жана кагаз жүзүндөгү протоколго «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келбеген акциздик маркалары жана/же эсептик-контролдук маркалары, жана/же молекулярдык маркери менен товарларды берүүчүнү аныктоо максатында субъекттен түшүнүк кат талап кылынат.
66. Протокол түзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келбеген акциздик маркалар, идентификациялоо каражаттары, жана/же контролдук идентификациялык белгилер, жана/же отун маркери, жана/же эсептик-контролдук маркалар он күндүн ичинде экспертизага жөнөтүлөт жана иш боюнча өндүрүш токтотулат. Экспертизанын натыйжаларын алгандан кийин укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия иш боюнча өндүрүштү кайра баштайт.
67. Эгерде экспертизанын натыйжасы боюнча акциздик маркалардын, идентификациялоо каражаттарынын жана/же контролдук идентификациялык белгилердин, жана/же отун маркеринин, жана/же эсептик-контролдук маркаларынын, жана/же молекулярдык маркердин аныктыгы ырасталса, анда укук бузуулардын курамы жоктугуна байланыштуу иш боюнча өндүрүш токтотулат, акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актынын негизинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актын түзүү менен мүлк субъектке кайтарып берилет.
68. Эгерде акциздик маркалардын, идентификациялоо каражаттарынын жана/же контролдук идентификациялык белгилердин, жана/же отун маркеринин, жана/же эсептик-контролдук маркаларынын, жана/же молекулярдык маркердин шайкеш эместиги аныкталса Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
69. Берүүчү аныкталган жана берүү факты документтер менен ырасталган учурда субъектке карата иш боюнча өндүрүш токтотулат, ал эми Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар берүүчүгө карата колдонулат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн берүүчү башка салык органында башкарылса, кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү салык органына РСК актынын көчүрмөсүн жөнөтөт.
70. Андан ары, даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч календардык күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мүлктү конфискациялоо, менчик ээсине кайтарып берүү же жок кылуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет.
5.8. Идентификациялоо каражаттары, акциздик маркалар же отун маркери менен белгиленүүгө тийиш болгон ээси жок товарларды контролдоо
71. Идентификациялоо каражаттары жана/же акциздик маркалар менен белгиленүүгө тийиш болгон тийиштүү акциздик маркалары, идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилери, жана/же отун маркери, жана/же эсептик-контролдук маркалары, жана/же молекулярдык маркери жок товарлар аныкталганда, ошондой эле ээси жок акциздик маркалар, идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилер жана/же ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келбеген эсептик-контролдук маркалар жана/же молекулярдык маркер аныкталган учурда РСК актына «жок» же «талаптарга шайкеш келбейт» деген тийиштүү жазуу жазылат жана/же бузуунун мүнөзү көрсөтүлөт.
Ошону менен бирге калыс-күбөлөрдү тартуу менен ушул Тартиптин 53-пунктунда көрсөтүлгөн акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт түзүлөт.
72. Милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы), ошондой эле акциздик маркалардын же идентификациялоо каражаттарынын, жана/же отун маркеринин жана/же эсептик-контролдук маркалардын жана/же молекулярдык маркер саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашып кетсе, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлк алып коюлат. Мүлктү алып коюу акты калыс-күбөлөрдү тартуу менен түзүлөт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото жана видео фиксациялоо жүргүзүлөт жана мүлктү алып коюу актына кызматкер кол коёт.
Алып коюлган товар РСК актынын көчүрмөсү менен укук коргоо органдарына өткөрүп берилет, ага мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
73. Эгерде милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы), ошондой эле акциздик маркалардын, жана/же идентификациялоо каражаттарынын, жана/же отун маркеринин, жана/же молекулярдык маркердин саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгуучу чектен ашпаса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук кесепет колдонулат. Мүлктү алып коюу акты калыс-күбөлөрдү тартуу менен түзүлөт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото жана видео фиксациялоо жүргүзүлөт жана мүлктү алып коюу актына кызматкер тарабынан кол коюлат.
Маркалануучу товарларды убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
Бул учурда протокол Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык «укук бузуучу жөнүндө маалыматтар» пунктунда «жаксыз» деген белги менен түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык иш боюнча өндүрүш токтотулат, ошондой эле кызматкер укук бузган адамды табууга жана аныктоого бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
74. Эгерде доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин укук бузуучунун ким экендиги аныкталбаса, кызматкер укук бузуу жөнүндө иш боюнча протоколду, ошондой эле башка материалдарды убактылуу алып коюлган мүлктү жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтөт.
Мүлктү конфискациялоо же жок кылуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет.
5.9. Күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу менен алектенген субъекттерди контролдоо
75. Автомай куюучу станцияларда (мындан ары – АКС) күйүүчү-майлоочу материалдарды (мындан ары – КММ) сатуу менен алектенген субъекттерди контролдоодо автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасынын (мындан ары – БАС) туура колдонулушу текшерилет, БАСты колдонбоо факты аныкталганда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Субъект кол коюудан баш тарткан же жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын пайдалануу менен «укук бузуу факты менен макул эмес» деген белги менен протокол түзүлөт жана кагаз алып жүрүүчүдөгү протоколго «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт.
Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
76. Ошону менен бирге ККМдин бар экендиги текшерилет. ККМ жок болгон учурда бул факт РСК актында белгиленет жана рейддик салык контролунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
Андан ары рейддик салык контролунун жүрүшүндө кассадагы акча каражаттарынын калдыктары алынат, ошону менен бирге АКСте отунду бөлүштүрүүчү колонкалардын (мындан ары – ОБК) жалпы эсептегичтеринин көрсөткүчтөрүнүн калдыктары жана резервуарлардагы (идиштердеги) КММнын калдыктары да алынат. Текшерүү учурундагы ОБКнын жалпы эсептегичтеринин көрсөткүчтөрүнөн нөөмөттүн башталышындагы ОБКнын көрсөткүчтөрү кемитилет жана контролдоо учурундагы сатылган КММнын саны (маркалар боюнча) аныкталат. Контролдоо учурундагы сатылган КММнын санынан ырастоочу документтерди (талондор, ички ташууга коштомо кагаздар, сордуруп куюу актылары ж.б.) милдеттүү түрдө берүү менен накталай эмес эсептешүү боюнча берилген КММнын саны кемитилет, КММнын алынган айырмасы КММнын сатуу баасына (маркалар боюнча) көбөйтүлөт жана түшкөн акчанын суммасы аныкталат. Сатылган КММнын көлөмүнөн эсептелген түшкөн акчанын суммасы х-отчеттун суммасы менен дал келүүгө тийиш.
Эгерде сатылган КММнын көлөмүнөн эсептелген түшкөн акчанын суммасы рейддик салык контролу жана/же х-отчет учурундагы кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгынын суммасынан көп болсо, анда айырманын (ашыкчанын) суммасы контролдук-кассалык чек басып чыгарылбагандыгын ырастоо болуп саналат жана РСК актына сумманы цифралар менен жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен «ашыкча» деген жазуу жазылат.
Көрсөтүлгөн факт боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Ошол эле учурда субъекттен аныкталган шайкеш келбөө факты жөнүндө түшүнүк кат милдеттүү түрдө талап кылынат, ал РСК актына тиркелет. Түшүнүк кат берүүдөн баш тартылган учурда, РСК актында белгиленген бузуунун мүнөзүнөн тышкары түшүнүк кат берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат да көрсөтүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартылган учурда же рейддик салык контролу жүргүзүлө турган жер боюнча катталган салык төлөөчү же субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда протокол «укук бузуу факты менен макул эмес» деген белги менен түзүлөт жана кагаз алып жүрүүчүдөгү протоколдо ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
77. Мунай продуктуларын ташып кирүүнү, сактоону, өндүрүүнү жана сатууну ишке ашыруучу субъекттерди контролдоодо рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык кызматынын органынын контролдук пломбаларынын болушу жана шайкештиги да милдеттүү түрдө текшерилет. Текшерүүнүн натыйжалары РСК актында чагылдырылат.
Пломбаны бузуу факты аныкталган учурда РСК актында «пломбаны бузуу» деген жазуу жазылат, бул факт фото жана видео фиксациялоону жүргүзүү менен РСК актында белгиленет.
Түзүлгөн материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына берилет.
78. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мунай продуктуларын чекене жана/же дүңүнөн ташып кирүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга карата талаптарды бузуу факты аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартылган учурда же рейддик салык контролу жүргүзүлө турган жер боюнча катталган салык төлөөчү же субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда протокол «укук бузуу факты менен макул эмес» деген белги менен түзүлөт жана кагаз алып жүрүүчүдөгү протоколдо ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
79. Рейддик салык контролунун алкагында кызматкер менчигинде резервуарлардагы мунай продуктуларын сактоо базасы бар экендиги боюнча документтерди, ошондой эле даярдоочу же сатуучу (сатууга даяр продукцияны сактаган ишканаларда) тарабынан берилүүчү продукциянын паспортун текшерет. Мындан тышкары кызматкер мунай продуктуларын сактоо шарттарын, ЭТТК колдонуу фактын, ошондой эле контролдук пломбалардын бар экендигин текшерет. Жогоруда көрсөтүлгөн бузуулардын жок дегенде бири аныкталган учурда РСК актында бузуунун тиешелүү түрү (алардын түрлөрү) көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартылган учурда же рейддик салык контролу жүргүзүлө турган жер боюнча катталган салык төлөөчү же субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда протокол «укук бузуу факты менен макул эмес» деген белги менен түзүлөт жана кагаз алып жүрүүчүдөгү протоколдо ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
80. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө АКСтен тышкаркы КММ соода жайлары контролдонот. Мындай түрдөгү бузуу аныкталган учурда РСК актында тиешелүү маалымат көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук кесепет колдонулат. Мүлктү убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү алып коюу акты тиркелет.
Протоколго кол коюудан баш тартылган учурда же рейддик салык контролу жүргүзүлө турган жер боюнча катталган салык төлөөчү же субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда протокол «укук бузуу факты менен макул эмес» деген белги менен түзүлөт жана кагаз алып жүрүүчүдөгү протоколдо ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
81. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч календардык күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алып коюлган мүлктү жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мүлктү конфискациялоо же жок кылуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет.
82. Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө укук бузуу объекти укук бузуу жасалган жерде кароосуз калтырылса, анда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол «укук бузуучу жөнүндө маалыматтар» пунктунда «жаксыз» деген белги менен түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык иш боюнча өндүрүш токтотулуп турат, ошондой эле кызматкер укук бузган адамды табууга жана аныктоого бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
83. Эгерде укук бузуучунун ким экендиги аныкталбаса, кызматкер түзүлгөн материалдарды укук бузуу жөнүндө иш боюнча протокол менен бирге убактылуу алып коюлган мүлктү жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтөт.
84. Мүлктү конфискациялоо же жок кылуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет жана соттук аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмү тарабынан аткарылат.
5.10. Алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана дүңүнөн сатууга лицензияны контролдоо
85. Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө, эгерде субъект алкоголдук продукцияны өндүрсө жана жүгүртсө (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн сатуу), анда кызматкер субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн сатуу) лицензияны талап кылат.
Алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн сатуу) лицензия жок болгон учурда РСК актына «жок» деген жазуу киргизилет.
86. Мындан тышкары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт кошумча түзүлөт, анда товарлардын аталышы, өлчөө бирдиги, саны, баасы жана суммасы көрсөтүлөт.
Акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кызматкер, субъект же субъекттин жооптуу адамы тарабынан бул адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коюлат, ошондой эле субъекттен түшүндүрмө кат талап кылынат, ал бул актыга тиркелет. Эгерде субъект же субъекттин жооптуу адамы кол коюудан баш тартса, акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга «акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу тапшырылган датасын көрсөтүү менен киргизилет.
87. Акциздик маркалар алып салынгандан кийин мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү алып коюу жүргүзүлөт. Алкоголдук продукцияны убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү алып коюу акты жана акциздик маркаларды жана/же эсептик-контролдук маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт тиркелет.
88. Ошондой эле төмөнкүлөр текшерилет:
1) бөтөлкөнүн этикеткасына жана контрэтикеткасына (импорттук продукция үчүн – контрэтикеткасында атайын чапталган стикерде (чаптамада) мамлекеттик жана расмий тилдерде түшүрүлгөн маалыматтын болушун, ал спирт камтылган продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган маалыматтарды (алкоголдук продукциянын аталышы, өндүрүүчүнүн аталышы жана анын юридикалык дареги, импорттолгон учурда – импорттоочунун аталышы жана анын юридикалык дареги, продукция чыгарылган өлкө, керектөө тарасындагы продукциянын көлөмү, даярдалган датасы, колдонуу мөөнөтү, пайыз менен кубаттуулугу жана сактоо шарттары) камтыйт;
2) продукцияны өндүрүүнүн мыйзамдуулугун күбөлөндүрүүчү коштоочу документтердин (лицензия, шайкештик сертификаттары, товардык-транспорттук коштомо кагаз же эсеп-фактура) болушу;
3) алкоголдук продукцияны сатуучу ишкердик субъекттеринде соода жана кампа жайларынын болушу;
4) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны, өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жерлерде алкоголдук продукциянын сатылышы:
– балдардын, билим берүү уюмдарында жана аларга жанаша жайгашкан аймактарда, ошондой эле түздөн-түз медициналык мекемелердин аймактарында;
– шаар жана шаардын чет жакасындагы каттамдардын коомдук транспортторунун (жалпы пайдалануудагы транспорттун) бардык түрлөрүндө;
– маданият уюмдарында (аларда жайгашкан уюмдарды же коомдук тамактануу пункттарын кошпогондо, анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн), дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорт курулмаларынын аймактарында;
– массалык иш-чараларды өткөрүү жерлеринде, аскердик соода объекттерин кошпогондо, аскер бөлүктөрүнүн аймагында, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдон, лотоктордон, автомашиналардан жана башка алкоголдук продукцияларды сатуу үчүн ыңгайлаштырылбаган жерлерде;
5) алкоголдук продукцияны сатып жаткан сатуучунун курагы 18 жаштан улуу болууга тийиш;
6) 18 жашка чыга элек адамдарга алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салуу.
89. Аныкталган бузуулар боюнча бардык жол-жоболор жүргүзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт. Протоколго кол коюудан баш тартылган учурда же рейддик салык контролу жүргүзүлө турган жер боюнча катталган салык төлөөчү же субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда протокол «укук бузуу факты менен макул эмес» деген белги менен түзүлөт жана кагаз алып жүрүүчүдөгү протоколдо ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
5.11. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жана алардын сыныктарынан жасалган зергердик буюмдарды сатууну жана/же сатып алууну, жана/же даярдоону жүзөгө ашырган субъекттерди контролдоо
90. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жана алардын сыныктарынан жасалган зергердик буюмдар менен операцияларды жүзөгө ашырган субьекттерге рейддик салык контролун жүргүзүүдө кызматкер төмөнкүдөй жол-жоболорду жүргүзөт:
1) атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүктүн бар экендигин текшерет;
2) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жана алардын сыныктарынан жасалган зергердик буюмдардын калдыктарын толугу менен алып салууну жүргүзөт жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча баалуу металлдардын калдыктарынын иш жүзүндө болушун алып салуу актын түзөт;
3) сатылуучу буюмдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамгасынын изи бар экендигин текшерет;
4) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын иш жүзүндө бар экендигин салыштырып текшерет (эсеп-фактуралар, сатууну, сатып алууну жана даярдоону эсепке алуу журналы, бухгалтердик документтер, жүктүк бажы декларациясы);
5) ташылып кирген баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар боюнча жүктүк бажы декларациясынын маалыматтарын салык органынын мамлекеттик контролдон өткөрүү, ошондой эле пробалоо жана эн тамгасын басуу боюнча баалуу металлдарды, асыл таштарды жана зергердик буюмдарды экспертизалоонун маалыматтарынан четтөө боюнча салыштырып текшерет;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик буюмдарды сатуу эрежелеринин сакталышына контроль жүргүзөт (буюмдун аталышы, сынамы, массасы, буюмдун 1 граммы үчүн бааны, чөгөрмөлөрдүн түрү жана алардын мүнөздөмөлөрү, буюмдун баасы көрсөтүлгөн ярлыктын болушу (чет өлкөлүк өндүрүш буюмдарынын ярлыгында даярдоочу өлкөнүн көрсөтмөсү болууга тийиш);
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын иштөө эрежелеринин сакталышына контроль жүргүзөт;
8) Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунан алынган чийки заттын максаттуу пайдаланылышын текшерет;
9) баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын пробалоого жана эн тамгалоого берүүнүн мөөнөттөрүн сактоону текшерет.
91. Кыргыз Республикасынын пробалык эн тамгасынын изи жок зер буюмдары, ошондой эле рельефинин тунук эместигинин, өчүрүлгөндүгүнүн натыйжасында өзүнүн аныктыгына шек туудурган же пробалык эн тамганын чапталган изинин белгилери бар буюмдар табылган учурда РСК актынын «эскертүү» графасында көрсөтүлгөн буюмдарды беш жумуш күндүн ичинде пробалоого жана эн тамга басууга берүү жолу менен аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө тапшырма (жазма буйрук) чагылдырылат.
92. Жогоруда көрсөтүлгөн бузуулардын түрлөрүнүн бири аныкталганда бул тууралуу маалымат РСК актында бузуунун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
93. Протоколго кол коюудан баш тартылган же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жер боюнча катталган салык төлөөчү же субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда «укук бузуу факты менен макул эмес» деген белги менен протокол түзүлөт жана кагаз жүзүндөгү протоколго ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
94. Рейддик салык контролунун жыйынтыгы боюнча кызматкер тарабынан баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттеринин Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо бөлүгүндөгү тобокелдиктин даражасын баалоо максатында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча текшерүү барагы толтурулат.
Баалоонун жыйынтыктары боюнча аныкталган тобокелдик деңгээлине жараша контролдонууга тийиш ишкердик субъекттери тобокелдиктин төмөнкү даражаларынын бирине кирет:
1) анча маанилүү эмес – баллдардын суммасы 1ден 40ка чейин болгондо ишкердик субъекти тобокелдиктин анча маанилүү эмес даражасына кирет жана баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер буюмдары жана башка буюмдар, ошондой эле алардын сыныктары менен операцияларды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча беш жылда бир жолудан көп эмес салык контролуна алынат;
2) орточо – баллдардын суммасы 41ден 70ке чейин болгондо ишкердик субъекти тобокелдиктин орточо даражасына кирет жана баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер буюмдар жана башка буюмдар, ошондой эле алардын сыныктары менен операцияларды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча үч жылда бир жолудан көп эмес салык контролуна алынат;
3) жогорку – баллдардын суммасы 71ден 100гө чейин болгондо ишкердик субъекти тобокелдиктин жогорку даражасына кирет жана баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер буюмдар жана башка буюмдар, ошондой эле алардын сыныктары менен операцияларды жүргүзүү маселелери боюнча жылына бир жолудан көп эмес салык контролуна алынат.
Баалуу металлдарды пайдалануу менен тишти протездөө, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын оңдоо, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен күрөө операцияларын жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата салык контролун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо боюнча текшерүү барагын толтуруу талап кылынбайт.
6-глава. ЕАЭБдин алкагында товарларды контролдоо
6.1. ЕАЭБдин алкагында товарлардын импортун жана экспортун контролдоо
95. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүнү (импорттоону) жана Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды ташып чыгууну (экспорттоону) жүзөгө ашыруучу субъекттерге салык контролун жүргүзүүдө салык кызматынын органы менчигинин түрүнө (мамлекеттик менчик, юридикалык же жеке жактын менчиги) карабастан жактарга таандык болгон жана субъект тарабынан товарды сактоо (анын ичинде убактылуу) жана/же ташуу жана/же сатуу үчүн пайдаланылуучу предметтерди, мүлк объекттерин (автотранспорт каражаты, темир жол вагону, кампалар, терминалдар, ангарлар, контейнерлер, соода түйүндөрү ж.б.) болгон товарга карата баштапкы эсепке алуу документтеринин болушу (коштомо кагаз, эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз, эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR), ДСУнун товарларынын тизмегине киргизилген товарларды Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү укугуна тиешелүү коштоочу документтер ж.б.) жана анда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн товардын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө шайкеш келүүсү боюнча текшерүүнү жана кароону жүзөгө ашырат.
96. Шайкеш келбестик фактылары аныкталган жана/же уруксат берүүчү документтер, анын ичинде баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон учурда кызматкер бул тууралуу тиешелүү мобилдик топко маалымдайт.
6.2. Мобилдик топтун алкагында эсепке алынбаган товарларды контролдоо
97. Мобилдик топ тийиштүү аймакка жана/же товарларды эсепке алуу пунктуна бекитилип берилет (мындан ары – мобилдик топ).
Мобилдик топ товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамынан же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынан же импорттоочунун (ташуучунун) Кыргыз Республикасынын жана/же ЕАЭБдин мыйзамдарынын ченемдерин бузгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн башка булактардан маалымат алгандан кийин отуз мүнөттүн ичинде товарларды эсепке алуу пунктуна же контролдоо-өткөрүү пунктуна келет, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча маалыматты кабыл алууну эсепке алуу журналына жазуу жолу менен маалымат алгандыгын ырастайт.
Жайгашкан жерге келгенден кийин мобилдик топтун курамындагы тиешелүү кызматкер импорттоочудан же экспорттоочудан ЕАЭБдин мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген баштапкы эсепке алуу документтерин берүүнү талап кылат.
98. Эгерде импорттолуучу товарлардын же аларды Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууда (экспорттоодо) товарлардын баштапкы эсепке алуу документтери жок болсо же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле ЕАЭБдин мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуу менен таризделген болсо, анда РСК актында алардын жоктугун же бул бузуулардын мүнөзүн (жалган, туура эмес таризделген, аны окууга жана анын тууралыгын аныктоого мүмкүн эмес ж.б.) чагылдыруу менен андан ары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
99. Жогоруда аталган иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин мобилдик топ жагдайлар аныкталганга жана Кыргыз Республикасына(нан) ташып келүүдө (импорттоодо) жана ташып чыгууда (экспорттоодо) ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинин талаптары аткарылганга чейин транспорт каражатын товары (жүгү) менен убактылуу кармоону жана кармалган транспорт каражатын товары (жүгү) менен салык кызматынын органынын айыптык токтотуу жайына же убактылуу сактоо кампаларына жайгаштырууну жүзөгө ашырат.
100. Импорттоочу же экспорттоочу тарабынан зарыл документтер берилген учурда мобилдик топтун курамындагы тиешелүү кызматкер ташып келинүүчү (импорттолуучу) же ташып чыгарылуучу (экспорттолуучу) товардын (жүктүн) иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн берилген жүктү коштоочу документтерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр менен салыштырып текшерет. Иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр берилген документтерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө шайкеш болгон учурда, транспорт каражаты товары (жүгү) менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актын түзүү менен андан ары эркин жүрүү үчүн бошотулат.
101. Көрсөткүчтөрдүн шайкеш эместиги же документтердин жоктугу аныкталган учурда укук бузууга жол берген субъектке мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук натыйжа колдонулат. Мүлктү убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү алып коюу акты тиркелет. Андан ары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза берүү жөнүндө токтом чыгарылат.
102. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мүлктү конфискациялоо, менчик ээсине кайтарып берүү же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет жана сот аткаруучулары кызматынын тиешелүү бөлүмү тарабынан аткарылат.
103. Документтер берилбеген же шайкеш келбеген учурда, ошондой эле эсепке алынбаган товардын бар экендигин аныктоо максатында салык кызматынын органынын кызматкери товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын тандап жана/же толугу менен алып салууну жүргүзөт.
Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну жүргүзүү үчүн товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну аяктоо үчүн жетишсиз болгон убакыттын белгилүү бир мезгили талап кылынган учурда РСК акты бардык зарыл пункттарды толтуруу менен контролдоону жүргүзүүнүн учурдагы датасы менен таризделет, ошол эле учурда контролдоо аяктаган дата жана товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун натыйжалары калдыктарды алуу жол-жобосу аяктагандан кийин көрсөтүлөт.
Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун натыйжасы тиешелүү салыктык текшерүү жүргүзүү үчүн укук бузуучу катталган аймактын тиешелүү салык органына берилет.
104. Товарлар Кыргыз Республикасынын аймагындагы кампа жайларында тиешелүү документтери жок сакталгандыгы аныкталган учурда салык кызматы органынын кызматкери жеткирүүчүнү аныктоо максатында субъекттен түшүнүк кат талап кылат. Жеткирүүчү аныкталбаган учурда кызматкер товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну жүзөгө ашырат. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн материалдар салыктык текшерүү жүргүзүү үчүн тиешелүү салык органына берилет. Муну менен катар субъектке Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт. Салык кызматы органдарында субъекттин каттоосу жок болгон учурда кызматкер мүлк объектине мөөр басып бекитүүгө/пломбалоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктык каттоосуз экономикалык иш жүргүзүү факты боюнча чара көрүүгө милдеттүү.
105. Товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү документтерсиз өткөрүлгөн учурда кызматкер жагдайлар аныкталганга жана тиешелүү зарыл документтер берилгенге чейин транспорт каражатын товары (жүгү) менен убактылуу кармоону жана кармалган транспорт каражатын товары (жүгү) менен салык кызматынын органынын айыптык токтотуучу жайына же болбосо убактылуу сактоо кампаларына жайгаштырууну жүзөгө ашырат.
106. Субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы тийиштүү зарыл документтерди берген учурда кызматкер товардын (жүктүн) иш жүзүндөгү көрсөткүчүн документтерде көрсөтүлгөн көрсөткүч менен салыштырып текшерет. Көрсөткүчтөр шайкеш келген учурда укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулат, ал эми транспорт каражаты товары (жүгү) менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актын түзүү менен бошотулат.
107. Документтер шайкеш келбеген же жок болгон учурда мүлктү алып коюу актын түзүү менен мүлктү убактылуу алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук натыйжа колдонулат. Мүлктү убактылуу алып коюуда РСК актына мүлктү убактылуу алып коюу акты тиркелет.
108. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алынган мүлктү менчик ээсине кайтаруу, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мүлктү менчик ээсине кайтаруу, жок кылуу же конфискациялоо маселеси сот тарабынан чечилет жана сот аткаруучулары кызматынын тиешелүү бөлүмү тарабынан аткарылат.
7-глава. РСК актын тариздөө
109. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органдары тарабынан берилген жазма буйруктун негизинде РСК актылары түзүлөт.
110. РСК акты жана анын тиркемелери кагаз жүзүндө да, санариптик түрдө да тийиштүү алып жүрүүчүдө таризделиши мүмкүн. Кагаз жүзүндө таризделген актыга кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы кол коет, акт санариптик түрдө таризделгенде кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы өз кол тамгасын колдонот.
111. Кагаз жүзүндө тариздөөдө РСК актынын экинчи нускасы бардык тиркемелери менен субъектке же субъекттин жооптуу адамына кол койдуруу менен тапшырылат. Кызматкер тарабынан кол коюлуучу РСК актына кол коюудан баш тартылган учурда тапшырылган датасын көрсөтүү менен «РСК актына кол коюудан баш тартты, РСК актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу жазылат.
112. Санариптик түрдө тариздөөдө санариптик РСК акты бардык тиркемелери менен салык төлөөчүнүн жеке кабинетине же өз ара макулдашуу боюнча субъекттин санариптик дарегине же мессенджерине жөнөтүлөт.
113. РСК актында милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) РСК актынын номери;
2) рейддик салык контролун жүргүзүү датасы, орду, башталган убактысы;
3) кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду;
4) жазма буйруктун номери жана датасы;
5) жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
6) контролдоо учурунда катышкан субъекттин же жооптуу адамдын аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, байланыш телефон номери жана анын жашаган жеринин дареги;
7) ишкердик объектинин аталышы жана дареги, ошондой эле субъект тарабынан башка адамга жана/же ишкердик ишке байланышпаган жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн субъекттин өзүнө катталган банктык төлөм карталарын, санариптик акчаларды, улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрих-коддорду (QR-код) колдонуу менен операцияларды жүргүзүүгө арналган жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүштөр) колдонулган учурда РСК актына төмөнкү маалыматтарды киргизүү зарыл:
– субъект ишкердик ишти жүргүзүүдө колдонгон санариптик капчыктын аталышы жана номери;
– субъект ишкердик ишти жүргүзүүдө колдонгон банктык эсептин номери, банктын аталышын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен;
– банктык төлөм карталарын, санариптик акчаларды жана улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрих-коддорду (QR-код) колдонуу менен операцияларды жүргүзүүгө арналган жабдуу (программалык-техникалык түзүлүш) катталган адамдын аты-жөнү, ошондой эле ИСНи;
– аныкталган бузуунун мүнөзү жөнүндө маалымат;
8) субъекттин аталышы, анын ИСНи жана субъект катталган салык органынын аталышы;
9) экономикалык ишти жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтердин болушу (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана/же патенттин, камсыздандыруу полисинин сериясы жана номери, берилген датасы жана колдонуу мөөнөтү);
10) жалданма кызматкерлердин саны;
11) инспектордук текшерүүлөрдүн китебинин болушу;
12) иштин түрү;
13) ККМдин болушу;
14) кассада накталай акча каражаттарын алуу актына ылайык накталай түшкөн кирешенин суммасы;
15) х-отчетто көрсөтүлгөн сумма, х-отчеттун өзү РСК актына тиркелет;
16) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун фискалдык программалык каражаттары аркылуу аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма, аралык отчет РСК актына тиркелет;
17) накталай эмес түрдөгү төлөмдөр боюнча түзүлгөн х-отчетко ылайык накталай эмес түшкөн кирешенин суммасы;
18) кызматкердин жана субъекттин же субъекттин жооптуу адамынын колу;
19) лицензиянын бар же жоктугу, номери, сериясы жана берилген датасы (Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарына ылайык иши лицензияланууга тийиш болгон субъекттер үчүн);
20) атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүктүн бар же жок экендиги.
114. Субъект же субъекттин жооптуу адамы РСК актына кол коюудан баш тарткан учурда фото жана видео фиксациялоо жүргүзүлөт жана кызматкердин колу коюлуучу РСК актына тапшырылган датасын көрсөтүү менен «РСК актына кол коюудан баш тартты, ушул актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу жазылат.
115. Эгерде РСК акты салык органы тарабынан субъекттин иш жүргүзгөн жери боюнча түзүлсө, ал эми анын салыктык каттоосу башка салык органында турса, анда РСК актында көрсөтүлгөн салык мыйзамдарын бузуулар иш жүргүзгөн жери боюнча каралат.
116. Рейддик салык контролунун натыйжасы салык постун коюуга жана/же тиешелүү салыктык текшерүүнү дайындоого тийиш болгон тобокелдикке багытталган субъекттерди түзүүдө тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн негиздердин бири катары кызмат кылат.
117. Рейддик салык контролун жүзөгө ашырууда кызматкер субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан салыктарды эсептөө, кармап калуу жана бюджетке төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга, салык төлөөчүдөн салыктарды эсептөө, кармап калуу жана төлөө документтерин толтуруу боюнча түшүндүрмөлөрдү, салыктарды эсептөөнүн тууралыгын жана өз убагында кармап калууну жана төлөөнү ырастаган документтерди талап кылууга, ошондой эле субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан РСК актына тиркелүүчү жана рейддик салык контролун жүргүзүүдө колдонулуучу документтердин көчүрмөлөрүн алууга укуктуу.».