Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 25-сентябрындагы
№ 639 токтомуна)
Акча каражаттарын түзүү булактары, аларды сарптоо багыттары жөнүндө, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ээликтен ажыратылуучу мүлк тууралуу коммерциялык эмес уюмдун, саясий партиянын, кесиптик бирликтин, кооперативдин жана диний уюмдун жыйынды маалыматын берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Саясий партиялар жөнүндө», «Кесиптик бирликтер жөнүндө», «Кооперативдер жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан акча каражаттарын түзүү булактары, аларды сарптоо багыттары жөнүндө, ошондой эле өткөн жылы сатып алынган, колдонулуучу жана ээликтен ажыратылуучу мүлк тууралуу жыйынды маалыматты (мындан ары – жыйынды маалымат) маалыматтык система аркылуу санарип документ түрүндө берүүнү уюштуруунун жалпы принциптерин аныктайт.
2. Ушул Тартипти колдонуу максатында төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) санарип документи – өзгөрүлбөстүгү идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык пайдаланылуучу санарип кол тамгасынын же идентификатордун жардамы менен камсыз кылынуучу санарип жазмасы;
2) электрондук документ жүгүртүү – маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары арасында жыйынды маалыматты берүүнүн регламенттелген процессин камсыз кылуучу байланыш каналдары боюнча санарип документтер менен алмашуу;
3) санарип кол тамгасы – санарип таризиндеги башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана санарип документинин өзгөрүлбөстүгүн камсыз кылуу жана санарип документинин авторун аныктоо үчүн пайдаланылган санарип таризиндеги маалымат;
4) адистештирилген оператор – байланыштын адистештирилген (корголгон) каналдары боюнча салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын ортосунда санариптик колтамганы колдонуу менен санарип документтерди берүү боюнча кызматтарды көрсөткөн ишкана.
3. Санарип документ түрүндө жыйынды маалыматты берүүдө электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) коммерциялык эмес уюм, саясий партия, кесиптик бирлик, кооператив жана диний уюм, адистештирилген оператор – жыйынды маалыматты жөнөтүүчү;
2) салык органы – жыйынды маалыматты алуучу.
4. Санарип документ түрүндө жыйынды маалымат жана «Өткөн жыл үчүн коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин чечмелениши» тиркемеси коммерциялык эмес уюм, саясий партия, кесиптик бирлик, кооператив жана диний уюм тарабынан жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет.
5. Жыйынды маалымат санарип документ түрүндө коммерциялык эмес уюм, саясий партия, кесиптик бирлик, кооператив жана диний уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын санарип башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык санарип колтамганы колдонуу менен берилет.
6. Жыйынды маалыматты тариздөө жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына кирүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
7. Коммерциялык эмес уюм, саясий партия, кесиптик бирлик, кооператив жана диний уюм тарабынан санарип документ түрүндө жыйынды маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына берүү төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы жеке кабинети;
2) ыйгарым укуктуу салык органына жыйынды маалыматты андан ары берүүнү камсыз кылуучу адистештирилген оператор;
3) коммерциялык эмес уюмдун, саясий партиянын, кесиптик бирликтин, кооперативдин жана диний уюмдун программалык камсыздоосу.
8. Коммерциялык эмес уюмдун, саясий партиянын, кесиптик бирликтин, кооперативдин жана диний уюмдун программалык камсыздоосу аркылуу санарип документ түрүндө жыйынды маалыматты түзүү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форматка ылайык жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктуу салык органы белгиленген форматты өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууну камсыз кылат.
9. Ыйгарым укуктуу салык органы менен адистештирилген оператордун жыйынды маалыматты берүү боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн регламентин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.
10. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучулары санарип документ түрүндө жыйынды маалыматты Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сактоону камсыз кылат.
2-глава. Санарип документ түрүндө жыйынды маалыматты берүүдө электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү
11. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан санарип документ түрүндө жыйынды маалыматты кабыл алуу ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында камсыз кылынат.
12. Санарип документ түрүндө жыйынды маалымат келип түшкөн учурдан тартып ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы:
1) «Иштеп чыгуу стадиясында» деген санариптик билдирүүнү түзөт;
2) жыйынды маалыматты форматтык-логикалык контролдоону жүргүзөт;
3) эгерде санарип документ түрүндө жыйынды маалымат форматтык-логикалык контролдоонун талаптарына шайкеш келбесе, кабыл албоо себептерин көрсөтүү менен «Кабыл алынган жок» деген санариптик билдирүүнү түзөт;
4) эгерде санарип документ түрүндө жыйынды маалымат форматтык-логикалык контролдоонун талаптарына шайкеш келсе, санарип документти кабыл алуу датасын жана убактысын көрсөтүү менен «Кабыл алынды» деген санариптик билдирүүнү түзөт.
13. Коммерциялык эмес уюм, саясий партия, кесиптик бирлик, кооператив жана диний уюм тарабынан санарип документ түрүндө берилген жыйынды маалымат «Кабыл алынды» деген статус түзүлгөндөн кийин программалык-аппараттык каражаттар менен автоматтык түрдө белгиленет жана ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жайгаштырылат.
14. Санарип документ түрүндө жыйынды маалыматты адистештирилген оператор аркылуу берүүдө жыйынды маалыматты жөнөтүү датасы жана убактысы адистештирилген оператордун маалыматтык системасында автоматтык түрдө белгиленет, ал эми кабыл алуу датасы жана убактысы ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында белгиленет.
15. Санарип документ түрүндө жыйынды маалыматты берген коммерциялык эмес уюм, саясий партия, кесиптик бирлик, кооператив жана диний уюм санарип документ түрүндө жыйынды маалыматтын өз убагында берүү, маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.