Редакцияот 25.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин XXVII сессиясы

 (VIII чакырылыш)

2026-жылдын 25-августу № 27/125

Кызыл-Кыя шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборуна караштуу балдар бөлүмүнүн имаратынын айланасынан төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратын курууга 5000 кв.м жер аянтын  Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын  3-авустундагы №25  протоколу менен каралгандыгын жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2026-жылдын 31-июлундагы №01-14/397 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборуна караштуу балдар бөлүмү жайгашкан жер аянтынын чегинин ичинен төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратын курууга 5000 кв.м жер аянтын  Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун 1-пунктун аткарууда тиешелүү документтерди даярдоо жагы шаардын мэри Б.Кошалиевге жүктөлсүн.
  3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага А.Мурзаев