Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-сентябры № 646
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
8-августундагы № 454 «Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, калкты жана улуттук экономиканын субъекттерин күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 «Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн белгиленген транспорт каражаттарынын максималдуу уруксат берилген салмак-габариттик параметрлеринде:
– 1-пункттун 1.3.1-пунктчасынын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– мунай заттарын ташуу үчүн арналган, сүйрөгүч жана жарым чиркегич-цистернадан турган, жалпы окторунун саны жети жана андан көп чиркегичтүү автопоезд – 49 т. Мында бир окко түшүүчү чектелген максималдуу октук басым жол берилген мааниден ашпоого тийиш.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2027-жылдын 1-июлуна чейин колдонулат.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 73 (3833) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |