ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он сегизинчи сессиясы
2026-жылдын 21-августу № 47
Сары-Талаа айылына бийик тоолуу аймак макамын берүүгө сунуштоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34.39-беренелерине негиз Сары-Талаа айылынын географиялык жайгашуусун, деңиз деңгээлинен бийиктигин, климаттык шарттарын, социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрүн жана калктын жашоо шарттарын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Талаа айылына бийик тоолуу аймак макамын берүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга сунушталсын.
2. Сары-Талаа айылынын бийик тоолуу аймак макамына ылайыктуулугун негиздөө үчүн төмөнкү маалыматтар такталсын:
-айылдын деңиз деңгээлинен бийиктиги жөнүндө маалымат; -географиялык жана климаттык шарттары жөнүндө маалымат; -айылдын калкынын саны; -социалдык-экономикалык абалы; -транспорттук жеткиликтүүлүгү; -социалдык объектилеринин абалы; -айыл чарбасын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү; -башка тиешелүү маалыматтар.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысына Сары-Талаа айылына бийик тоолуу аймак макамын берүү боюнча сунушту тиешелүү мамлекеттик органдарда кароого киргизүү жана зарыл болгон иштерди жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Каримов