Редакцияот 21.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он сегизинчи сессиясы

 

2026-жылдын 21-августу № 48

  Гайрат айылынан жайкана үчүн жер аянтынын өлчөмүн бекитүү жана багытын аныктоо жөнүндө

 

   Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна негиз Орозбеков айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

1.  Гайрат айылынан жайкана үчүн 1,5 га жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголгон жерлер" категориясына, максаттуу пайдаланылышы жайкана деп трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Жер тилкесинин так чегин, кадастрдык номерин, схемасын аныктоо жана документтерди даярдап, жерди трансформациялоо боюнча маселени тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизүү Орозбеков айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтом Орозбеков  айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.

5. Айылдык  кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик     реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин этика, мыйзамдуулук жана       адам укуктарын коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                    К.Каримов