ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2026-жылдын 11-августу № 38
Жаңы-Жер айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана кошумча түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Жаңы-Жер айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушуна ылайык, 2026-жылга каралган бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
- Жаңы-Жер айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча түшкөн киреше салыктарынын эсебинен 2 000,0 миң сом (эки миллион сом) өлчөмүндө өзгөртүү киргизилсин.
- Кошумча түшкөн 2 000,0 миң сом каражат төмөнкү чыгашаларга багытталсын:
№ | Бюджеттик берене | Максаты | Суммасы |
1 | 2215 | Кошумча кызмат көрсөтүүлөр | 1 683,7 миң сом |
2 | 3112 | Техника алуу | 300,0 миң сом |
3 | 2624 | Мүчөлүк акы (Союз МСУ) | 16,3 миң сом |
|
| Баары: | 2 000,0 миң сом |
- 2026-жылга бекитилген бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каралган каражаттарды бюджеттик беренелер боюнча кайра бөлүштүрүү төмөнкүдөй жүргүзүлсүн:
· 2224 — отун, көмүр беренесинен 100,0 миң сом, 2824 — резервдик фонд беренесине жылдыруу боюнча тиешелүү өзгөртүү киргизилсин;
· 3113 — негизги каражаттарды алуу беренесинен 0,25 сом кыскартылып, тиешелүү каражат 2215 — кошумча кызмат көрсөтүүлөр беренесине багытталсын.
- Ушул токтомдун негизинде Жаңы-Жер айыл өкмөтү 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык киргизсин.
- Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси бюджеттик өзгөртүүлөрдү тиешелүү казыналык жана финансылык документтерде чагылдырууну камсыз кылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Жер айылдык кеңешинин Бюджет, экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Ж.Мурадилов