Редакцияот 11.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы

 

2026-жылдын 11-августу  № 41

 Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылынын Ленин көчөсүнө электр унааларын кубаттоочу станциясын орнотуу жөнүндө

 

         Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылынын Ленин көчөсүнө электр унааларын кубаттоочу станциясын орнотууга тийиштүү жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы   М.Абдухамитовдун сунушун карап чыгып,     Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылынын Ленин көчөсүнө электр унааларын кубаттоочу станциясын орнотууга макулдук берилсин.

 

  1. Тийиштүү жер тилкесин ажыратып, жердин жайгашуусу, коопсуздук, электр тармагына кошулуу жана экологиялык талаптар каралсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин    Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  Төрага:                                                                                                                 Ж.Мурадилов