Редакцияот 11.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы

 

2026-жылдын 11-августу  № 42

 Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылындагы  жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө

 

      Жаңы-Жер айыл аймагындагы  Достук айылынын К.Нарбаев №19/5 дарегиндеги  Маматкулов Абдали Бойировичке тиешелүү болгон турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн  максаттуу багытын  өзгөртүү жөнүндөгу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө келип түшкөн арыздарынын жана Жер Кодексинин 21-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

                                                           

  1. Жаңы-Жер айыл аймагындагы  Достук айылынын К.Нарбаев №19/5 дарегиндеги  Маматкулов Абдали Бойировичке тиешелүү болгон турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн  (0.05га) максаттуу багытын авто унааларды жуучу жайга  өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  2. Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жана мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү иш кагаздарын тактоо жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин    Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

  Төрага:                                                                                                                 Ж.Мурадилов