ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2026-жылдын 11-августу № 45
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктун аткаруу, айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоону уюштуруу, көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому аткарууга алынсын.
- Жаңы-Жер айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №502 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибине ылайык жүргүзүлсүн.
- Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө төмөнкү милдеттер жүктөлсүн:
· айыл аймагындагы көрүстөндөрдү эсепке алуу жана алардын актуалдуу тизмесин түзүү;
· көрүстөндөрдүн схемасын (планын) тактоо;
· бош жана брондолгон көмүү жайларын эсепке алууну уюштуруу;
· көмүү жайларын брондоо боюнча жарандардын арыздарын кабыл алууну жана каттоону уюштуруу;
· брондолгон көмүү жайлары боюнча өзүнчө реестр жүргүзүү;
· бир эле көмүү жайынын кайрадан башка адамга брондолуп же берилүүсүнө жол бербөө;
· көрүстөндөрдүн санитардык абалын жана көрктөндүрүлүшүн камсыз кылуу;
· жарандарга көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
- Көмүү жайларын брондоо боюнча документтерди кабыл алуу, каттоо жана тиешелүү маалыматтарды жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамы аныкталсын.
- Брондолгон көмүү жайлары боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №502 токтомунда белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлсүн.
- Айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо учурунда санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий талаптардын сакталышы камсыз кылынсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Ж.Мурадилов