Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 16-сентябры № 705-т
Салыктык башкарууну өркүндөтүү, товар жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, эсеп-фактураларды тариздөөдө электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Электрондук эсеп-фактура 2.0" модулун колдонуу 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып алты айлык мөөнөткө пилоттук режимде киргизилсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) "Электрондук эсеп-фактура 2.0" модулунда эсеп-фактураны санариптик документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) "Электрондук эсеп-фактура 2.0" модулунда эсепке алууну жүргүзүүгө жана калдыктардын милдеттүү болушуна карата талаптар белгиленген товарлардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр пилоттук долбоордун катышуучулары деп белгиленсин:
1) салык кызматынын органдары;
2) төмөнкүлөрдү жүргүзүүчү экономикалык иштин субъекттери:
- ушул тескеменин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды жүгүртүүнү - милдеттүү тартипте;
- башка товарларды жүгүртүүнү - ыктыярдуу негизде.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) колдонуудагы "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасы штаттык режимде иштөөнү улантат жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн салык төлөөчүлөр тарабынан колдонулат;
2) пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде "Электрондук эсеп-фактура 2.0" модулу аркылуу таризделген документтер салык милдеттенмелеринин келип чыгышы, өзгөрүшү же токтотулушу үчүн негиз болуп саналбайт;
3) пилоттук долбоордун катышуучулары "Электрондук эсеп-фактура 2.0" модулунда документтерди товарлардын идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактардын идентификациялоо коддорун) көрсөтпөстөн тариздөөгө укуктуу.
5. Экономикалык иштин субъекттерине 2027-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө колдонулуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарын ыйгарым укуктуу салык органынын Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогуна киргизилген позициялар менен салыштырып текшерүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына аларды кошууга өтүнмөлөрдү алдын ала жиберүү менен анда зарыл болгон позициялардын болушун камсыз кылуу сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча тиешелүү маалыматты белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
7. Бул тескеме 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
"Электрондук эсеп-фактура 2.0" модулунда эсепке алууну жүргүзүүгө жана калдыктардын милдеттүү болушуна карата талаптар белгиленген товарлардын ТИЗМЕГИ
1. Мунай жана мунай продуктулары
№ | Аталышы | ЕАЭБ ТЭИ TH коду |
1 | Мунай: чийки мунай жана битумду камтыган тектерден алынган чийки мунай продуктулары | 2709 00 900 1- 2709 00 900 9 |
2 | Мунай продуктулары: автомобиль бензини | 2710 12 110- 2710 12 900 8; 2710 19 110 0- 2710 19 150 0; 2710 19 250 0 |
3 | реактивдүү отун | 2710 19 210 0 |
4 | дизелдик отун | 2710 19 290 0; 2710 19 310 0- 2710 19 480 0; 2710 20 110 0- 2710 20 190 0 |
5 | мазут | 2710 19 510- 2710 19 680 9; 2710 20 310 1- 2710 20 390 9 |
6 | автотранспорт каражаттары үчүн отун катары пайдаланылуучу жаратылыш газы (метан) | 2711 21 000 0 |
7 | автотранспорт каражаттары үчүн отун катары пайдаланылуучу мунай газы жана суюлтулган көмүрсуутек газы (пропан) | 2711 11 000 0- 2711 19 000 0; 2901 10 000 1 |
8 | мажбурлап от алдыруучу кыймылдаткычтар үчүн этанолдук отун | 2710 12 419 0 |
9 | таш көмүр чайырынан жогорку температурада кайнатылган май жана башка продуктулар; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрүнүн массасы жыпар жыттуу эмес массасынан ашкан ушул сыяктуу продуктулар: отун катары пайдалануу үчүн бензол | 2707 10 100 0; 2707 99 110 0- 2707 99 990 0 |
10 | битумду камтыган тектерден алынган мунай жана мунай продуктулары (чийкиден тышкары), башка жерде аталбаган же киргизилбеген, 70% же андан ашык мунайды жана мунай продуктуларын камтыган, битумду камтыган тектерден алынган продуктулар, мында бул мунай продуктулары иштетилген мунай продуктуларынан тышкары, биодизель камтылган продуктулардын негизги түзүүчүсү болуп саналат | 2710 12; 2710 12 150 9; 2710 12 250; 2710 12 900; 2710 19; 3826 00 900 0 |
11 | башка мунай продуктулары (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) | 2710 20 900 0 |
12 | мунай газдары жана башка газ сыяктуу көмүрсуутектер (туруктуу газ композити) | 2709 00 100 1; 2709 00 100 9 |
13 | мунай продуктулары сыяктуу эле максаттарда пайдаланылуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетанаторлор | 3811 11 100 0 - 3811 11 900 0; 3811 19 000 0 |
14 | битум тектерден алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошумдар | 3811 21 000 0; 3811 29 000 0; 3811 90 000 0 |
2. Көмүр
№ | Аталышы | ЕАЭБ ТЭИ TH коду |
1 | Таш көмүр; брикеттер, тоголоктолгон көмүр жана таш көмүрдөн алынган катуу отундун буга окшош түрлөрү: - - - учуучу заттардын чектүү чыгышы (күлсүз кургак негизге кайра эсептегенде) 10 мас. % ашпаган | 2701 11 100 0 |
2 | - - - башка | 2701 11 900 0 |
3 | - - - кокстолуучу көмүр | 2701 12 100 0 |
4 | - - - башка | 2701 12 900 0 |
5 | - - башка көмүр | 2701 19 000 0 |
6 | - брикеттер, тоголоктолгон көмүр жана таш көмүрдөн алынган катуу отундун буга окшош түрлөрү | 2701 20 000 0 |
7 | - лигнит же күрөң көмүр, чаң сымал же чаң сымал эмес, бирок агломерацияланбаган | 2702 10 000 0 |
8 | - лигнит же күрөң көмүр, агломерацияланган | 2702 20 000 0 |
9 | Башка жыгач көмүрү (анын ичинде кабыктан же жаңгактан алынган көмүр), агломерацияланган же агломерацияланбаган | 4402 90 000 0 |
3. Алкоголдук жана тамеки продукциясы
№ | Аталышы | ЕАЭБ ТЭИ TH коду |
1 | Арак | 220860 |
2 | Виски, ликерлор жана башкалар | 220830 220870 220890 |
3 | Ром, джин жана арча настойкасы | 220840 220850 |
4 | Шараптар | 2204 (220410 жана 220430 тышкары) 2205 2206 |
5 | Коньяктар | 2208201200- 2208202900, 2208206200- 2208208900 |
6 | Шуулдама шараптар, анын ичинде шампан | 2204 2205 2206 |
7 | Алкоголу аз ичимдиктер | 220890 |
8 | Сигареттер (чыпкалуу, чыпкасыз) жана ысытылуучу тамекиси бар заттар (ысытылуучу тамеки таякчасы, ысытылуучу тамекиси бар капсула) | 2402 2404 |
9 | Сыра | 2203 00 010 0 2203 00 090 0 2203 00 100 0 |
Ф