Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25-сентябры № 728-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Италия Республикасынын Рим шаарында жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2026-жылдын 21-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 3" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жооптуу болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 728-т тескемеси менен жактырылган |
Италия Республикасынын Рим шаарында жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2026-жылдын 21-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 3" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Италия Республикасынын Рим шаарында жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2026-жылдын 21-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 3" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү комитеттери тарабынан белгиленген тартипте жактыруу жол-жобосунан өткөн:
- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 6-1069/26;
- Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 6-1089/26;
- Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 6-1012/26.
Макулдашуу ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 309-т тескемеси менен жактырылган жана ага Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан кол коюлган.
Макулдашууда Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду тарабынан 15,35 млн. жалпы суммасындагы (эквиваленти - 21,05 млн. АКШ доллары) зайым алуунун атайын укуктарынын (мындан ары - ЗАУ) кредиттик каражаттарын берүү каралууда, анын ичинде:
- 12,28 млн. ЗАУ (эквиваленти - 16,84 млн. АКШ доллары) - бул супер жеңилдетилген кредит (тейлөө үчүн жылдык комиссия - 0,10%, төлөө мөөнөтү - 50 жыл, анын ичинде 10 жыл пайыздык ставкасы жок жеңилдетилген мезгил);
- 3,07 млн. ЗАУ (эквиваленти - 4,21 млн. АКШ доллары) - бул жогорку жеңилдетилген кредит (тейлөө үчүн жылдык комиссия - 0,75%, төлөө мөөнөтү - 40 жыл, анын ичинде 10 жыл пайыздык ставкасы жок жеңилдетилген мезгил).
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кошо каржылоосу - 0,39 млн. АКШ доллары (долбоорду ишке ашырууда алынуучу салыктарды жана алымдарды жабуу үчүн).
"Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 3" (мындан ары - МЧРӨД-3) долбоорунун негизги максаты айылдык фермердик чарбалардын туруктуулугун, кирешелүүлүгүн жогорулатуу жана экономикалык өнүгүүсүн чыңдоо аркылуу өлкөнүн айыл жерлеринде жакырчылыкты кыскартууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
МЧРӨД-3 айылдык фермерлер туш болгон үч маанилүү көйгөйдү чечүүгө багытталат: жайыттардын жана токой жерлеринин деградациясы, ветеринариянын жана тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун камсыз кылуу системасынын алсыздыгы (санитардык жана гигиеналык ченемдер, ошондой эле айыл чарба продукциясы - эттин, сүт продукциясынын, жыгач эмес токой продукциясынын түрлөрүнүн кошумча нарк чынжырчасында продукциянын коопсуздугунун стандарттары ж.б.), ошондой эле майда өндүрүүчүлөрдүн рынокторуна жеткиликтүүлүктүн чектелиши.
Бул чектөөлөр өндүрүмдүүлүктү, кирешени жана тамактануу деңгээлин төмөндөтүү менен бирге климаттык соккуларга болгон алсыздыкты күчөтөт.
МЧРӨД-3 айылдык үй чарбаларына жайыттарды, анын ичинде токой жерлериндеги жайыттарды калыбына келтирүү боюнча жамааттардын деңгээлинде демилгеленген иш-чараларга катышууга колдоо көрсөтөт. Мындай иш-чараларга деградацияланган участокторду кайра себүү, сууну үнөмдөөчү жана эрозияга каршы курулмаларды куруу, экосистемаларды калыбына келтирүү, мал чарбасынын продукттуулугун жогорулатуу, ветеринардык кызматтарды жана үй чарбаларынын рынокторго жеткиликтүүлүгүн чыңдоо максатында ротациялык негизде жайыттарды башкаруу кирет. Мунун баары кирешелердин өсүшүнө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана климаттын туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Макулдашуу колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификациялоо жөнүндө мыйзам формасында кабыл алынат, ага кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлууга тийиш.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.