Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 23-сентябры № 334
Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн мамлекеттик казыналык облигациялар менен операцияларды Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары жүргүзүү жана эсепке алуу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө
Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн мамлекеттик казыналык облигациялар менен операцияларды жүргүзүүнүн жана эсепке алуунун обочолонгон тартибин апробациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык токтом кылам:
1. 2026-жылдын 1-февралынан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн мамлекеттик казыналык облигациялар менен операцияларды жүргүзүү жана эсепке алуу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу киргизилсин.
2. Убактылуу укуктук жөнгө салуу колдонулган мезгилде төмөнкүлөр белгиленсин:
1) курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруудан түшкөн каражаттар республикалык бюджеттин ресурстарынын курамында эсепке алынбайт;
2) курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруу аркылуу каржылоо Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары жүргүзүлөт жана республикалык бюджеттин чыгашаларынын курамында эсепке алынбайт;
3) курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн мамлекеттик казыналык облигациялар боюнча эсепке алуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызынын түзүмүндө чагылдырылат;
4) курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн жайгаштырылган мамлекеттик казыналык облигациялар боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди төлөө жана тейлөө Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) убактылуу укуктук жөнгө салуунун жыйынтыгы боюнча аны ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө маалыматты жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды берсин;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 72 (3832) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |