Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-августу № 582
Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жободо:
жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
– 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын жарандары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден келген Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөн жана мыйзамдуу негизде эмгектенгендердин үй-бүлө мүчөлөрү, мигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын балдары, адамдарды сатуудан жабыр тарткан балдар, качкындар, Кыргыз Республикасында баш калка издеген адамдар, кайрылмандар жана «Мекен-карт» болгон учурда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер үчүн ММК полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41. Кыргыз Республикасына кыска мөөнөттүү мезгилге эл аралык конференцияларга, семинарларга катышуу үчүн келген, кызматтык иш сапарларда жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн ММК полисинин наркы – бул 1 календардык ай үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдүн өлчөмү.»;
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуган чет өлкөлүк адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасына кыска мөөнөттүү мезгилге эл аралык конференцияларга, семинарларга катышуу үчүн келген, кызматтык иш сапарларда жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн ММК полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ПН = ОАЭА – төмөнкүлөр үчүн:
– чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар х 2 % х 6 же 12 ай;
– Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуган чет өлкөлүк адамдар х 2 % х 12 ай;
– Кыргыз Республикасына кыска мөөнөттүү мезгилге эл аралык конференцияларга, семинарларга катышуу үчүн келген, кызматтык иш сапарларда жүргөн чет өлкөлүк жарандар х 2 % х 1 ай,
мында:
ПН – ММК полисинин наркы;
ОАЭА – Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында тиешелүү жылга белгиленген орточо айлык эмгек акысы;
2 % – ММК фондуна чегерүү ставкасы;
1, 6 же 12 – календардык айлардын саны.
Эскертүү: өткөн календардык жыл үчүн чет өлкөлүк жарандардын орточо айлык эмгек акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан отчеттук жылдан кийинки жылдын июнунда аныкталат.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында:
жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинде:
– 45-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 17-главанын 1-параграфында:
3, 7-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Он сегиз жашка чейинки курактагы, жалпы билим берүү уюмдарында билим алып жаткан балдар, ошондой эле орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери – алар жыйырма бир жашка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө билим алгандардан тышкары).».
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 597 «Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелеринде:
– 7-пунктта:
1-пунктчада:
төртүнчү абзацтагы «дыйкан (фермер) чарбалары,» деген сөздөр алып салынсын;
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– он сегиз жашка чейинки, баштапкы, орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алып жаткан балдар – алар жыйырма бир жашка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө билим алгандардан тышкары);»;
2-пунктчада:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, ММКга төгүмдөрдү төлөөчүлөр болуп саналган башка адамдар:»;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– мигранттардын, качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын балдары, ошондой эле адамдарды сатуудан жабыр тарткан балдар, алар он сегиз жашка толгонго чейин.»;
– 16-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) баштапкы, орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы окуучулардан тышкары он сегиз жашка толгондо – алар жыйырма бир жашка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандардан тышкары);»;
– 17-пунктта «дыйкан (фермер) чарбалары,» деген сөздөр алып салынсын;
– 18-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) он сегиз жашка чейинки, баштапкы, орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алып жаткан балдар – алар жыйырма бир жашка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандардан тышкары);»;
– 23-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) он сегиз жашка чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары – Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), уюмдан же мекемеден – мектептен, балдар интернатынан маалымкат;»;
– 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
«6) чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигинин далилдери бар, ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жашаган жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген болууга же жашоого укугун ырастаган документтери жана ММК полисинин номери бар мигранттардын, качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын балдары, ошондой эле адамдарды сатуудан жабыр тарткан балдар, алар он сегиз жашка толгонго чейин.».
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |