Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы № 705-т тескемесине) | |
"Электрондук эсеп-фактура 2.0" модулунда эсеп-фактураны санариптик документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИhttps://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/57656/kg
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Электрондук эсеп-фактура 2.0" модулун (мындан ары - ЭЭФ модулу) колдонуу эрежелерин жөнгө салат жана ЭЭФ модулун пилоттук режимде колдонууда санариптик өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын (мындан ары - санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучулары) ортосунда документ жүгүртүү жол-жоболорун белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) "Электрондук эсеп-фактура 2.0" модулу - субъект тарабынан электрондук эсеп-фактура (мындан ары - ЭЭФ) түзүлүүчү жана колдонулуучу Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруунун маалыматтык системасынын модулу;
2) салык төлөөчү - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген жагдайлар болгондо салыктарды төлөө жана ЭЭФти тариздөө милдети жүктөлгөн субъект. Ушул Тартиптин максатында салык төлөөчүлөргө камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктык эмес кирешелерди төлөөчүлөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аракетсиз деп таанылган субъекттер кирет;
3) эсеп-фактуранын номери - ЭЭФ модулунда түзүлүүчү ЭЭФтин уникалдуу генерацияланган номери;
4) эсеп-фактура - товарды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык санариптик документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндө таризделүүчү салыктык документ;
5) товарларды эсепке алуу кампасы - ЭЭФти колдонууга милдеттүү болгон субъекттин товарларын, өндүрүштүк, соода, кампа, курулуш жана башка объекттерин (мындан ары - экономикалык иштин объекттери) эсепке алуу үчүн арналган ЭЭФ модулунун компоненти.
Товарларды эсепке алууну жүргүзүү деп субъект тарабынан ЭЭФ модулунда товарлардын келип түшүүсүнө, кыймылына, өзгөрүүсүнө жана чыгуусуна байланышкан операцияларды милдеттүү чагылдыруу, ошондой эле товарларды эсепке алуу кампасында мындай товарлардын калдыктарын түзүү жана эсепке алуу процесси түшүнүлөт;
6) товарлардын каталогу - "Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу" модулу аркылуу түзүлгөн товарлардын бирдиктүү тартипке салынган тизмеги;
7) жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу - "Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу" модулу аркылуу түзүлгөн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү тартипке салынган тизмеги;
8) санариптик документ жүгүртүү - ЭЭФ модулунда ЭЭФти түзүү, жөнөтүү, алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана эсепке алуу процесси;
9) санариптик кол тамга - санариптик формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) логикалык жактан ага байланышкан жана санариптик документтин өзгөрбөстүгүн камсыз кылуу жана санариптик документтин авторун аныктоо үчүн колдонулган санариптик формадагы маалымат;
10) санариптик кол тамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты (квалификацияланган сертификат) - аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбор же аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбордун ишенимдүү адамы же болбосо негизги күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүргүзгөн тармактык жөнгө салуучу тарабынан берилген санариптик кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаты;
11) ЭЭФ модулунда санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазууну колдонууну токтото туруу - ЭЭФ модулунда салык төлөөчүнүн эсептик жазуусунун функционалын убактылуу чектөө, анын жыйынтыгында ЭЭФти тариздөө мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюлат;
12) электрондук соода аянтчасындагы соода ишинин алкагындагы эсеп-фактура - электрондук соода аянтчасында соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге менчик укугу өтпөстөн товарларды ташып чыгарууда таризделүүчү, коштоочу документ.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Тартиптеги терминдерди жана аныктамаларды чечмелөө болбогон учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана (же) ЕАЭБ укугунда аныкталган мааниде түшүнүлөт.
4. Санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) салык төлөөчү - ушул Тартипке ылайык ЭЭФ модулунда катталган берүүчү же сатып алуучу;
2) салык кызматынын органдары.
5. Товарларды берүү мындай жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө карата негизги болуп саналса, товарларды берүүгө байланышкан коштоочу жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү товарларды берүүнүн бир бөлүгү болуп саналат.
Жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү товарларды берүүгө карата негизги болуп саналса, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө байланышкан коштоочу товарларды берүү жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн бир бөлүгү болуп саналат.
6. ЭЭФ модулу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде ЭЭФти жүгүртүүдө (түзүүдө/алууда) маалыматты сактоону камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин ЭЭФ модулунда сакталган маалымат ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан биротоло алып салынат.
2-глава. ЭЭФ модулунда субъектти каттоо жана жокко чыгаруу тартиби
7. ЭЭФ модулунда субъектти санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары каттоо квалификациялуу санариптик кол тамганы колдонуу менен салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жүргүзүлөт.
Субъекттин салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
Субъектте катталган салык режими жана (же) колдонуудагы патенти жок болгон учурда ЭЭФ модулунда ЭЭФти тариздөөгө жол берилбейт.
8. Уюм жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын калдыктары жана товарларды эсепке алуунун иш жүзүндөгү активдүү кампасы жок болгон шартта ЭЭФ модулунда каттоону жокко чыгарууга арыз берилет, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
1) ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипте аракетсиз категориясына киргизилген салык төлөөчүлөрдү;
2) каза болгон же каза болгон деп жарыяланган жеке ишкерди.
Ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн ЭЭФ модулундагы каттоосун жокко чыгаруу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
9. Салык кызматынын органдары төмөнкү тобокелдиктер болгон учурда ЭЭФ модулунда санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазууну колдонууну токтото турууга укуктуу:
1) товарлардын келип чыгышын ырастоочу документтердин болбогондугу;
2) товарларды берүү, жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү фактыларынын болбогондугу аныкталганда;
3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык отчету берилбегенде;
4) экспорттук берүүлөр ырасталбаганда;
5) жеке ишкердин же юридикалык жактын салыктык каттоо дареги (юридикалык дареги) жана (же) товарларды эсепке алуу кампасынын иш жүзүндөгү дареги боюнча болбогондугу фактысы белгиленгенде;
6) салык төлөөчү өзүнө карата салык контролунун иш-чараларын жүргүзүүдөн баш тартканда же тоскоолдук кылганда;
7) ыктыярдуу төлөө үчүн белгиленген мөөнөттөр толугу менен аяктаган, салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы болгондо.
Тобокелдиктер ырасталбаган жана (же) жоюлган учурда салык кызматынын органдары ЭЭФ модулунда санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазууну колдонууну кайрадан баштайт.
ЭЭФ модулунда санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазууну колдонууну токтото туруу ЭЭФти тариздөөнү кошпогондо, ЭЭФ модулунда башка операцияларды аткаруу боюнча салык төлөөчүнүн милдеттерин жокко чыгарбайт.
ЭЭФ модулунда салык төлөөчүнүн санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазууну колдонууну токтото туруу жана кайра баштоо регламенти ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
3-глава. Товарларды эсепке алуу кампасын түзүү жана колдонуу
10. ЭЭФ модулундагы товарларды эсепке алуу кампасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ЭЭФ модулунда операцияларды аткарууда товарларды эсепке алууну милдеттүү жүргүзүү белгиленген товарларды эсепке алууда колдонулат.
11. Товарларды эсепке алууну милдеттүү жүргүзүү белгиленген товарларды сатууга, ошондой эле башка чыгаруу операцияларын аткарууга ЭЭФ модулундагы товарларды эсепке алуу кампасында мындай товарлардын калдыгы болгон учурда гана жол берилет, буга аймактан тышкаркы сатуу кирбейт.
12. Товарларды эсепке алуу кампасы төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
1) системалык - ЭЭФ модулунда санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары катталган учурда салык төлөөчүнүн юридикалык дареги боюнча автоматтык түрдө түзүлөт;
2) иш жүзүндөгү - салык төлөөчү тарабынан экономикалык иштин объектинин иш жүзүндөгү дарегин көрсөтүү менен түзүлөт.
13. Субъекттерден ЭЭФти алууда товарларды эсепке алуунун системалык кампасына товарлар келип түшөт. Товарларды эсепке алуунун иш жүзүндөгү кампасын колдонууда товарларды эсепке алуунун системалык кампасынан товарларды сатууга жол берилбейт.
14. ЭЭФ модулунда товарларды эсепке алуунун иш жүзүндөгү кампасын түзүү жана экономикалык иштин ар бир объекти боюнча товарларды эсепке алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) автомай куюучу станцияларда, автомобилге газ куюучу станцияларда, автомобилге газ толтуруучу компрессордук станцияларда, газ сактоочу жайларда, мунай сактоочу жайларда жана (же) мунай базаларында мунайды жана мунай продуктуларын сатуучу ишкердик субъекти тарабынан - милдеттүү негизде;
2) калган ишкердик субъекттери тарабынан - ыктыярдуу негизде.
15. Товарларды эсепке алуунун иш жүзүндөгү кампасы төмөнкү статустарга ээ:
1) активдүү;
2) деактивдештирилген.
16. Экономикалык иштин объекти жабылган учурда салык төлөөчү ЭЭФ модулундагы товарларды эсепке алуунун тиешелүү иш жүзүндөгү кампасын деактивдештирүүгө милдеттүү. Ушул Тартиптин 2-главасынын 8-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, товарларды эсепке алуунун мындай кампасында товарлардын калдыктары жок болгон шартта деактивдештирүүгө жол берилет.
17. Товарларды эсепке алуунун системалык кампасы ЭЭФ модулунда салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгарууга арыз берүү менен бирге же болбосо ушул Тартиптин 2-главасынын 8-пунктунда өзгөчө учур катары көрсөтүлгөн субъекттердин категориялары үчүн белгиленген башка тартипте жокко чыгарылат.
ЭЭФ модулунда салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгарууга арыз берген учурда товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын калдыгынын болушуна жол берилбейт.
§ 1. ЭЭФ модулун колдонуу
18. ЭЭФ модулунда субъект тарабынан төмөнкүдөй операциялар таризделет:
1) кириштөө;
2) сатып алуу;
3) сатуу;
4) электрондук сооданын алкагында товарларды ташып чыгаруу;
5) түзөтүү;
6) эсептен чыгаруу;
7) алып өтүү (товарларды эсепке алуунун иш жүзүндөгү кампасын колдонууда);
8) инвентаризациялоо (кайра сорттоо, конвертациялоо, баасын төмөндөтүү ж.б.);
9) алгачкы эсепке алуу документтерин тариздөө;
10) иштетип алма чийки зат жана аны кайра иштетүү продуктусу менен операцияларды тариздөө.
19. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып киргизилген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык байкоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон товарлар менен операциялар аткарылган учурда документ милдеттүү тартипте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган маалыматты көрсөтүү менен түзүлөт.
20. Идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркаланууга тийиш болгон товарларды сатууда ЭЭФ идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) көрсөтүү менен таризделет, буга мындай товарларды жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактарга, жеке жана (же) үй-бүлөлүк керектөө үчүн сатуу учурлары кирбейт.
21. ЭЭФ модулунда иштөө үчүн субъект Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогун колдонууга милдеттүү.
22. Ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда ЭЭФ модулунда документтерди тариздөө, колдонуу жана түзүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
§ 2. ЭЭФ модулунда сатуу жана сатып алуу операциялары
23. Берүүчү товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда:
1) ушул Тартипке ылайык ЭЭФти тариздейт;
2) ЭЭФ модулу аркылуу сатып алуучуга ЭЭФти жиберет.
24. ЭЭФти түзүү/алуу ЭЭФ модулунда төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:
1) ЭЭФ модулунда ЭЭФти бирден түзүүгө/алууга же ЭЭФти пакеттик жүктөөгө/түшүрүүгө реалдуу режимде мүмкүндүк берген салык төлөөчүнүн профили;
2) салык төлөөчүнүн фискалдык программалык камсыздоосуна ЭЭФ модулунда салык төлөөчүнүн профилинде каралган бардык операцияларды аткарууга мүмкүндүк берген тышкы программалык интерфейс.
25. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, ЭЭФте берүүнүн иш жүзүндөгү датасын көрсөтүү менен берүү күнүнөн кийинки беш жумуш күндөн кечиктирбестен берүүгө ЭЭФ түзүлөт.
ЭЭФ төмөнкүдөй учурларда отчеттук айдан кийинки айда он жумуш күндөн кечиктирбестен таризделет:
1) жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактарга товарларды, анын ичинде соода платформасы аркылуу товарларды сатууда;
2) отун карталарын жана (же) отун талондорун колдонуу менен мунай продуктуларын сатууда;
3) жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө.
26. Товарларды экспорттоодо товарлар Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылганга чейин ЭЭФ таризделет.
Газ сактоочу жайларда, мунай сактоочу жайларда жана (же) мунай базаларында мунайды жана мунай продуктуларын сатууда ЭЭФ товарлар жөнөтүлгөнгө чейин таризделет.
27. Жылуулук энергиясын, электр энергиясын, жаратылыш газын берүүгө, электр энергиясы рыногунда электр энергиясынын баланстарын берүү жана жоготууларын эсептөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле электр байланышы, суу менен жабдуу жана канализация кызмат көрсөтүүлөрүнө ЭЭФ кошумча нарк салыгынын салык төлөөчүсү тарабынан отчеттук айдан кийинки айдын 25инен кечиктирбестен таризделет.
28. Берүү датасы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарлар үчүн - товарларга менчик укугу сатып алуучуга өткөн дата;
2) аткарылган жумуштар же көрсөтүлгөн кызматтар үчүн -бардык жумуштар аяктаган же кызматтар көрсөтүлгөн дата;
3) түзөтүүчү ЭЭФ үчүн - катанын болгондугуна байланыштуу түзөтүүлөрдү кошпогондо, ушул Тартипке ылайык түзөтүү үчүн негиз болгон жагдайлар келип чыккан дата.
29. ЭЭФ түзүлгөн дата болуп ЭЭФ модулунда берүүчү ЭЭФке кол койгон дата эсептелет.
30. Эгерде ЭЭФ модулунда генерацияланган номер жана эки өлчөмдүү штрих-коддун (QR-коддун) символу камтылса, ЭЭФ модулунда документтер түзүлдү деп эсептелет.
Документтердин оригиналы, башкача айтканда түп нускасы болуп ЭЭФ модулунда түзүлгөн санариптик документ эсептелет.
31. ЭЭФти алууда сатып алуучу:
1) ЭЭФти алгандыгын ырастайт;
2) төмөнкүлөргө байланыштуу ЭЭФти алуудан баш тартат:
- туура эмес маалыматтар менен же өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган ЭЭФти алганда. Ошол эле учурда берүүчү четке кагылган ЭЭФтин маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭЭФти жазууга милдеттүү;
- товарларды берүүнү жокко чыгарууга жана (же) алуудан баш тартууга.
Сатып алуучу ЭЭФти алуудан баш тарткан учурда мындай ЭЭФ четке кагылды деп эсептелет.
32. Ушул Тартиптин 3-главасынын 31-пунктунда каралган сатып алуучунун иш-аракеттери ЭЭФ таризделген күндөн тартып он календардык күн өткөнгө чейин жүргүзүлөт.
33. Эгерде сатып алуучу ЭЭФти кабыл алганын ырастабаса же кабыл алуудан баш тартпаса, ошондой эле сатып алуучунун ЭЭФ модулунда каттоосу жок болгон учурда, ЭЭФ ушул Тартиптин 3-главасынын 32-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кабыл алынды деп эсептелет.
34. Берүүчү мурда таризделген жана сатып алуучу тарабынан кабыл алынбаган ЭЭФти таризделген күндөн тартып он календардык күн өткөнгө чейин чакыртып алууга укуктуу.
Берүүчү ЭЭФти чакыртып алууда чакыртып алуунун төмөнкүдөй себептерин көрсөтөт:
- түзүлгөн ЭЭФтеги туура эмес маалыматтар же өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган маалыматтар. Мында берүүчү/жөнөтүүчү чакыртып алынган ЭЭФтин маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭЭФ жазып берүүгө милдеттүү;
- берүүнүн жокко чыгарылышы жана (же) сатып алуучунун товарларды алуудан баш тартуусу.
35. Берүүчү мурда таризделген ЭЭФти чакыртып алган учурда, мындай ЭЭФ чакыртып алынды деп эсептелет.
36. ЭЭФ таризделген күндөн тартып он календардык күн өткөндөн кийин же сатып алуучу ЭЭФти кабыл алгандан кийин аны чакыртып алуу мүмкүн эмес.
37. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү - принципалдын атынан агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү принципалдын берүүсү деп таанылат. Бул учурда сатып алуучуга сатылган товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө ЭЭФ принципал тарабынан таризделет. Агент өзүнүн агенттик кызмат көрсөтүүлөрү үчүн агенттик келишимдин шарттарына жараша принципал тарабынан орду толтурулууга тийиш болгон топтолгон жана принципалга өткөрүлүп берилүүчү чыгымдардын суммасын көрсөтүү менен принципалдын атына ЭЭФти тариздөөгө милдеттүү.
38. Агенттин берүүлөрүнө киргизилген жана (же) таанылган берүүлөрдү ишке ашырууда операцияларды тариздөөнүн тартиби ушул Тартиптин 4-главасынын 2-параграфы менен аныкталат.
§ 3. ЭЭФ модулунда катталбаган сатып алуучуга сатууну тариздөө
39. Эгерде сатып алуучу ЭЭФ модулунда ЭЭФ санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары катталбаса, берүүчү:
1) ЭЭФ модулунда ЭЭФти тариздейт;
2) ЭЭФ модулунан каттоо номери жана QR-коду менен түзүлгөн ЭЭФти басып чыгарат;
3) ушул пунктка ылайык таризделген ЭЭФтин басып чыгарылган нускасын сатып алуучуга берет.
40. Жалпы салык режими боюнча салык төлөгөн салык төлөөчү тарабынан чет өлкөлүк уюмдан Кыргыз Республикасынын аймагы берүү орду деп таанылган жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 315-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсепке алуу укугун алуу үчүн өзүнүн атына ЭЭФ таризделет.
4-глава. ЭЭФ модулунда товарлар менен болгон операцияларды эсепке алуунун жана документ түрүндө чагылдыруунун тартиби
§ 1. Иштетип алма чийки зат жана аны кайра иштетүү продукттары менен операциялар
41. Иштетип алма чийки зат жана аны кайра иштетүү продукттары менен операциялар ЭЭФ модулунда товарлардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү талап белгиленген товарларга карата колдонулат.
42. Иштетип алма чийки затты өткөрүп берүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт жана ЭЭФ модулунда төмөнкүдөй тартипте түзүлөт:
1) чийки затты ЭЭФ модулун колдонуудан бошотулган жеке жак же салык төлөөчү өткөрүп бергенде, кайра иштетүүчү өз алдынча чийки затты кампага кириштөө документин түзөт;
2) ЭЭФ модулун колдонууга милдеттүү салык төлөөчүлөрдүн ортосунда чийки затты өткөрүп берүүдө, заказчы чийки затты өткөрүп берүүнү тариздейт, ал эми кайра иштетүүчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ЭЭФ модулунда товарларды эсепке алуу кампасына анын кабыл алынгандыгын ырастайт/четке кагат.
43. Кайра иштетүү процесси аяктагандан кийин кайра иштетүүчү иш жүзүндө көрсөтүлгөн кайра иштетүү кызматтары үчүн заказчынын атына ЭЭФти тариздөөгө милдеттүү.
44. Кайра иштетүү продуктун товарларды эсепке алуу кампасынан өткөрүп берүүдө кайра иштетүүчү ЭЭФ модулунда заказчынын атына продуктту өткөрүп берүү боюнча бирдиктүү документти тариздейт. ЭЭФ модулунда операцияны аяктоо төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) эгерде заказчы санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу болсо, субъект документти тариздеген күндөн тартып 10 календардык күн өткөнгө чейин документти кабыл алганын ырастоого же аны четке кагууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин заказчы тарабынан иш-аракеттер болбосо, документ кабыл алынды деп эсептелет, ал эми кайра иштетүү продукту кайра иштетүүчүнүн кампасынан эсептен чыгарылып, автоматтык түрдө заказчынын кампасына кириштелет;
2) эгерде заказчы жеке ишкер болуп саналбаган жеке жак же ЭЭФ модулун колдонуу милдеттемесинен бошотулган салык төлөөчү болсо, өткөрүп берүү документи кабыл алынды деп эсептелет жана кайра иштетүү продукту документти тариздөө учурунда автоматтык режимде кайра иштетүүчүнүн товарларды эсепке алуу кампасынан чыгарылат.
45. Иштетип алма чийки зат жана кайра иштетүү продукттары менен операцияларды тариздөөдө субъекттер продукциянын түрүн көрсөтүүгө милдеттүү:
1) иштетип алма чийки зат;
2) кайра иштетүү продукту.
46. ЭЭФ модулунда чийки затты жана аны кайра иштетүү продуктун өткөрүп берүү документин тариздөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
§ 2. Агенттик келишимдер боюнча операцияларды тариздөөнүн тартиби
47. Принципалдын тапшырмасы боюнча агент тарабынан ишке ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү төмөнкүдөй учурларда агенттин берүүсү деп таанылат:
1) берүү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн - принципалдын тапшырмасы боюнча агент тарабынан өзүнүн атынан ишке ашырылганда;
2) принципал Кыргыз Республикасында салык төлөөчү болуп эсептелбеген чет өлкөлүк уюм же жеке жак - резидент эмес болгон учурда.
48. Берүү агенттин берүүсү деп таанылганда ЭЭФ модулунда операцияларды тариздөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) принципал агенттин товарларды, жумуштарды жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү акыркы сатып алуучунун дарегине берген датага сатылган товарлар, жумуштар жана (же) кызмат көрсөтүүлөр боюнча агенттин атына ЭЭФ тариздейт. Принципал тарабынан ЭЭФ таризделген дата агент товарды, жумушту жана (же) кызмат көрсөтүүнү акыркы сатып алуучуга саткан датага шайкеш келиши тийиш;
2) агент акыркы сатып алуучунун атына "Агент тарабынан берүү" белгиси менен ЭЭФти тариздейт;
3) агент принципалдын атына өзүнүн агенттик сый акысынын суммасын көрсөтүү менен ЭЭФти тариздейт.
§ 3. Электрондук соода аянтчалары аркылуу товарларды сатууда документтерди тариздөө
49. Электрондук соода аянтчасы аркылуу товарларды кийин сатуу үчүн гана Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге менчик укугу өтпөстөн ташып чыгууда жөнөтүүчү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте жана формада электрондук соода аянтчасындагы соода ишинин алкагында ЭЭФти (мындан ары - ЭСАдагы ЭЭФ) тариздөөгө милдеттүү.
50. ЭЭФ модулунда милдеттүү эсепке алуу белгиленген товарларды ташып чыгууда ЭСАдагы ЭЭФ салык төлөөчү-селлер тарабынан милдеттүү түрдө өз алдынча таризделет.
51. ЭСАдагы ЭЭФти тариздөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат. Бул талап ташуунун бардык түрлөрүнө, анын ичинде автомобиль, темир жол жана аба транспорту менен ташууга жайылтылат.
52. ЭСАдагы ЭЭФ товарларды сатуу катары таанылбайт, салык милдеттенмелеринин келип чыгышына алып келбейт жана электрондук соода аянтчасында салык төлөөчү тарабынан ушул товарларды сатуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү салыктар төлөнгөн шартта түшкөн пайда/кирешелерди чагылдыруу үчүн негиз болуп саналбайт.
§ 4. Кириштөө
53. Субъект милдеттүү эсепке алуу белгиленген товарларды кириштөө документин тариздөө аркылуу ЭЭФ модулунда товарларды эсепке алуу кампасына төмөнкү учурларда кириштөөгө милдеттүү:
1) мамлекеттик органдар/мекемелер жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан андан ары сатууга арналбаган товарларды импорттоо учурларын кошпогондо, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды импорттоодо;
2) төмөнкү учурларды кошпогондо, үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо:
- мамлекеттик органдар/мекемелер жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан андан ары сатууга арналбаган товарларды импорттоодо;
- Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык эркин экономикалык зоналардын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо;
3) товарларды өндүрүүдө (даярдоодо);
4) товарларды комплекттөөдө же өнөр жайлык чогултууда;
5) товарларды комплекттен ажыратууда;
6) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлгөн салык контролунун жүрүшүндө эсепке алынбаган товарлар аныкталганда;
7) контролдук-кассалык чектин негизинде калктын жеке товарларын кийин сатуу же кайра иштетүү үчүн кабыл алууда (сатып алууда);
8) мурда товарларды эсепке алуу кампасына кириштелбеген негизги каражаттарды сатуу ниети пайда болгондо;
9) инвентаризациялоодо, анын ичинде баасын төмөндөтүүдө жана кайра сорттоодо;
10) товарлар укук улантуучулук тартибинде өткөндө (кайра уюштуруу, биригүү, кошулуу, мурастоо);
11) табигый кырсыктардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон товарларды берүүдө же импорттоодо/ташып келүүдө;
12) төмөнкү товарларды андан ары сатуу үчүн сатып алууда:
- ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылбаган, конфискацияланган же башка жол менен мамлекеттин менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн товарларды;
- соттун чечими боюнча бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөтүүнүн эсебине өндүрүп алуу чарасы колдонулган, ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылбаган товарларды;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 51-главасына ылайык бажы органдары тарабынан кармалган жана белгиленген мөөнөттөрдө мындай товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон адамдар тарабынан талап кылынбаган товарларды;
13) иштетип алма чийки затты алууда;
14) товарларга менчик укугу өткөн башка учурларда, аны күбөлөндүрүүчү документтер болгон шартта.
54. ЭЭФ модулунун катышуучусу катары катталуу талабы жайылтылбаган салык төлөөчүлөрдөн товарларды сатып алууда салык төлөөчү товар жөнүндө маалыматтарды ЭЭФ модулуна кириштөө документин тариздөө аркылуу киргизет. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган товарларды кошпогондо, ушул пункттун талаптары ЭЭФ модулунда товарларды милдеттүү эсепке алуу белгиленбеген товарларга да жайылтылат.
55. Кириштөө документинде туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн учурда аны түзөтүү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
56. ЭЭФ модулунда кириштөө документин, анын ичинде түзөтүүчү кириштөө документин тариздөө тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле анын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
§ 5. Эсептен чыгаруу
57. ЭЭФ модулунда товарларды эсептен чыгаруу ЭЭФ модулунда товарларды эсепке алуу милдеттүү түрдө белгиленген товарларга карата эсептен чыгаруу документин тариздөө аркылуу төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
1) товарларды өндүрүштө (даярдоодо) пайдаланууда;
2) товарлар жоголгондо жана бузулганда;
3) товарлардын табигый азаюусу жана технологиялык жоготуулары болгон учурда;
4) салык контролунун жүрүшүндө товарлар ЭЭФ модулундагы товарларды эсепке алуу кампасында бар болуп, бирок иш жүзүндө алардын калдыктары жок экендиги аныкталганда;
5) товарларды андан ары керектөө жана (же) бөлүштүрүү шарты менен гуманитардык жардам түрүндө өткөрүп берүүдө, мындай өткөрүп берүү акысыз негизде сатуу катары эсептелген учурларды кошпогондо;
6) товарларды комплекттөөдө же өнөр жайлык чогултууда;
7) товарларды комплекттен ажыратууда;
8) инвентаризациялоодо, анын ичинде баасын төмөндөтүүдө, кайра сорттоодо;
9) табигый кырсыктардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон товарларды берүүдө же импорттоодо/ташып кирүүдө;
10) күбөлөндүрүүчү документтер бар болгон башка учурларда.
58. Төмөнкүлөр товарларды эсептен чыгаруудан бошотулат:
1) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү тизмеге ылайык чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери;
2) ишкердик ишти жүзөгө ашыргандарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде иш жүргүзгөн, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү тизмеге ылайык эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү;
3) соода жана (же) өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыргандарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары;
4) соода жана (же) өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыргандарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде иш жүргүзгөн мамлекеттик жана муниципалдык органдар/мекемелер жана алардын ведомстволук бөлүмдөрү.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр ЭЭФ модулунда каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүнүн алдында товарларды эсепке алуу кампасындагы товарлардын калдыктарын эсептен чыгарууга милдеттүү.
59. Туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн учурда эсептен чыгаруу документин түзөтүү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
60. ЭЭФ модулунда эсептен чыгаруу документин, анын ичинде түзөтүүчү эсептен чыгаруу документин тариздөө тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле анын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
§ 6. Алып өтүү
61. Салык төлөөчү милдеттүү түрдө эсепке алуу белгиленген товарларды алып өтүүдө товарлардын эсептик наркын көрсөтүү менен төмөнкү учурларда алып өтүү документин тариздейт:
1) товарларды бир юридикалык жактын чегинде бир иш жүзүндөгү эсепке алуу кампасынан башкасына алып өтүүдө;
2) товарларды уюмдун филиалынын товарларды эсепке алуу кампасынан башкы уюмдун товарларды эсепке алуу кампасына алып өтүүдө;
3) товарларды башкы уюмдун товарларды эсепке алуу кампасынан уюмдун филиалынын товарларды эсепке алуу кампасына алып өтүүдө;
4) товарларды бир уюмдун филиалдарынын товарларды эсепке алуу кампаларынын ортосунда алып өтүүдө.
5-глава. ЭЭФ модулунда товарларды инвентаризациялоо
§ 1. Конвертациялоо
62. ЭЭФ модулунда товарларды конвертациялоо - товарлардын санын бир өлчөө бирдигинен башка өлчөө бирдигине которуу операциясы.
63. Товарларды конвертациялоо аныкталганда, эгерде мындай операциянын натыйжасында сандык көрсөткүчтөр бурмаланса, анын ичинде товардын жалпы көлөмү көбөйсө же азайса, ошондой эле товарларды баалоонун жалпы наркы өзгөрсө, салык органдары салык төлөөчүдөн мындай конвертациянын негиздемесин суроого укуктуу.
64. Конвертациялоо коэффициенттери документтер менен негизделүүгө жана товарлардын белгиленген өлчөө бирдиктерине жана мүнөздөмөлөрүнө шайкеш келүүгө тийиш.
65. Конвертациялоо документинин формасы жана конвертациялоону жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
§ 2. Баасын төмөндөтүү
66. ЭЭФ модулунда товарлардын баасын төмөндөтүү бир катар себептерден улам товардык касиеттерин жоготуп, анын натыйжасында аталышы өзгөргөн товарларды субъекттин салык жана (же) эсеп саясатына ылайык аныкталуучу өлчөө бирдиги үчүн эсептик наркы боюнча субъект тарабынан эсептен чыгаруу жана кайра кириштөө үчүн жүзөгө ашырылат.
§ 3. Кайра сорттоо
67. ЭЭФ модулунда товарларды кайра сорттоо субъект тарабынан товарлардын кыймылын чагылдыруу үчүн жүргүзүлөт: товардын бир түрү боюнча аныкталган ашыкча калдыктарды эсептен чыгаруу жана ошол эле категориядагы товардын жетишпеген башка түрүн салык жана (же) эсеп саясатына ылайык аныкталган өлчөө бирдиги үчүн эсептик наркы боюнча кириштөө.
6-глава. Түзөтүүчү ЭЭФти тариздөө тартиби
§ 1. Жалпы жоболор
68. Түзөтүүчү ЭЭФ товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү фактысын ырастоочу алгачкы ЭЭФке гана таризделет. "Жараксыз" статусундагы алгачкы ЭЭФке түзөтүүчү ЭЭФти тариздөөгө жол берилбейт.
69. Кабыл алынган ЭЭФте каталардын болушунан улам түзөтүүнү кошпогондо, түзөтүүчү ЭЭФти тариздөөдө сандык жана нарктык көрсөткүчтөр гана өзгөртүлүүгө тийиш, мында алгачкы ЭЭФтеги башка реквизиттерди жана маалыматтарды өзгөртүүгө жол берилбейт.
70. Ушул Тартиптин 6-главасына ылайык таризделген түзөтүүчү ЭЭФ ЭЭФ модулунда катталган сатып алуучу тарабынан ал таризделген күндөн тартып 10 календардык күн өткөнгө чейин ырасталууга же четке кагылууга тийиш. Эгерде сатып алуучу көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин түзөтүүчү ЭЭФти ырастабаса же четке какпаса, мындай ЭЭФ четке кагылган деп таанылат.
Сатып алуучу ЭЭФ модулунда катталбаган учурда түзөтүүчү ЭЭФ ушул пунктта белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин кабыл алынган деп эсептелет.
§ 2. ЭЭФ модулунда ЭЭФти түзөтүү тартиби
71. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, кабыл алынган ЭЭФке түзөтүү жүргүзүү үчүн түзөтүүчү ЭЭФ төмөнкү учурларда таризделет:
1) товар толугу менен же жарым-жартылай кайтарылганда;
2) баасы өзгөргөндө;
3) аткарылган жумуштардан жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартылганда;
4) товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм кайтарылганда;
5) кабыл алынган ЭЭФте каталар болгон учурда.
72. Ушул Тартиптин 71-пунктунун 5-пунктчасына ылайык түзөтүүчү ЭЭФти тариздөөдө берүү датасы болуп түзөтүүчү ЭЭФте көрсөтүлгөн берүү датасы эсептелет.
Ушул Тартиптин 71-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн негиз боюнча төмөнкү учурларда ЭЭФти түзөтүүгө жол берилбейт:
- ЭЭФ маалыматтык системасында же кагаз жүзүндө таризделген;
- ЭЭФ модулунда ЭЭФ түзүлгөн күндөн тартып 365 календардык күн өткөндөн кийин.
73. Алгачкы ЭЭФте каталар болгон учурда түзөтүүчү ЭЭФти тариздөө төмөнкүдөй эки типке бөлүнөт:
1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте салык органынын ырастоосун талап кылган каталардын болушу;
2) салык органынын ырастоосун талап кылбаган башка каталардын болушу.
74. Ушул Тартиптин 73-пунктунун 1-пунктчасына ылайык ЭЭФти түзөтүүдө берүүчү каталардын болушуна байланыштуу ЭЭФти түзөтүү жөнүндө санариптик формадагы өтүнмөнү салыктык катталган жери боюнча салык органына жөнөтөт.
75. Өтүнмө сатып алуучудан түзөтүүчү ЭЭФтин кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастоо алынгандан кийин жөнөтүлөт. Экспорттук ЭЭФ, ЭЭФ модулун колдонуудан бошотулган субъекттердин дарегине сатууга ЭЭФ, жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттин жана калктын дарегине сатууга ЭЭФ түзөтүлгөн учурда, өтүнмө ЭЭФ модулунда түзөтүүчү ЭЭФ түзүлгөндөн кийин жөнөтүлөт.
76. ЭЭФти түзөтүү жөнүндө өтүнмө берүүчү тарабынан салык органына жөнөтүлөт жана салык органы тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен тартипке ылайык каралат.
77. Кабыл алынган ЭЭФтеги каталардын болушуна байланыштуу таризделген түзөтүүчү ЭЭФ салык органы жана (же) сатып алуучу тарабынан ырасталган учурда, алгачкы ЭЭФ жараксыз деп эсептелет, ал эми түзөтүүчү ЭЭФ алгачкы ЭЭФке теңештирилет.
§ 3. "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында таризделген ЭЭФти түзөтүү тартиби
78. Бул параграф esf.salyk.kg домени боюнча "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында катталган ЭЭФ модулунда ЭЭФти түзөтүүнү жүргүзүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
79. Ушул параграфтын алкагында түзөтүүчү ЭЭФти тариздөөгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогун колдонуу менен төмөнкү негиздер боюнча гана жол берилет:
1) товардын толук же жарым-жартылай кайтарылышы;
2) баанын өзгөрүшү;
3) аткарылган жумуштардан жана (же) көрсөтүлгөн кызматтардан баш тартуу;
4) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн төлөмүн кайтаруу.
80. Товарларды милдеттүү түрдө эсепке алууну жүргүзүү белгиленген товарлар толук же жарым-жартылай кайтарылган учурда, ЭЭФ модулунда катталган сатып алуучунун товарларды эсепке алуу кампасында тиешелүү товардык позициялар жок же жетишсиз болгон учурда түзөтүүчү ЭЭФти тариздөөгө жол берилбейт.
7-глава. ЭЭФ модулундагы алгачкы эсепке алуу документи
81. Алгачкы эсепке алуу документи (мындан ары - АЭД) - кирешенин же чыгымдын датасын, өлчөмүн жана мүнөзүн, ошондой эле бүтүмдүн катышуучуларын, чарбалык операцияны жасоого жана анын туура таризделишине жооптуу жактардын кызмат орундарынын аталышын жана кол тамгаларын ырастоочу документ.
82. Салык төлөөчү АЭДди ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипке жана формага ылайык тариздөөгө милдеттүү:
1) кошумча нарк салыгы салынуучу төмөнкүдөй операцияларды тариздөө үчүн:
- кошумча нарк салыгын төлөөчү катары каттоону жокко чыгарууда берүүлөргө киргизилген товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыгына;
- келип түшкөн алдын ала төлөөгө жана өнбөөчү карызды төлөөгө;
2) жаңы курулган турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлктү сатуу бөлүгүндө алынган аванстарга.
§ 1. Аванс
83. Аванс (алдын ала төлөө) - товарларды алдыдагы берүүнүн, жумуштарды аткаруунун же кызматтарды көрсөтүүнүн эсебине салык төлөөчү сатып алуучудан (заказчыдан) мындай берүү боюнча милдеттенмелерди иш жүзүндө аткаруу учуруна чейин алган накталай же накталай эмес формадагы акча каражаттары.
84. Аванс алган учурда салык төлөөчү (берүүчү) сатып алуучулардын идентификациялык салык номерлери боюнча түшкөн каражаттардын суммасын белгилөөчү ЭЭФ модулунда АЭД тариздөөгө милдеттүү.
85. Салык төлөөчү отчеттук айдын ичинде келип түшкөн аванстык төлөмдөрдүн суммасына отчеттук айдан кийинки айдын 10 жумуш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө "Аванс" операция түрү менен АЭД тариздөөгө милдеттүү.
86. ЭЭФ модулунда аванстык төлөмдөрдү эсепке алуу ар бир сатып алуучу боюнча топтоо жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.
87. Товарларды иш жүзүндө сатууда, жумуштарды аткарууда же кызматтарды көрсөтүүдө жана тиешелүү ЭЭФти тариздөөдө ЭЭФ модулу аны толук же жарым-жартылай жабуу үчүн берүүнүн тандалган түрү боюнча бул сатып алуучуга мурда белгиленген жеткиликтүү аванстын суммасын автоматтык түрдө чагылдырат.
88. Салык төлөөчү ЭЭФ модулунда мурда катталган аванстык баланска төмөнкү учурларда түзөтүү киргизет:
1) акча каражаттарын кайтаруу: келишимдин бузулушуна же анын шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу сатып алуучуга алдын ала төлөмдү толук же жарым-жартылай кайтаруу;
2) менчик укугунун өтүшү (талап кылуу укугун кайра өткөрүп берүү): келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди үчүнчү жакка өткөрүп берүү, мында алгачкы сатып алуучу тарабынан мурда төлөнгөн суммалар жаңы сатып алуучунун милдеттенмелерин аткаруу эсебине чегерилет;
3) салык режиминин өзгөрүшү.
§ 2. Калдык
89. Калдык - мурда кошумча нарк салыгын эсепке алуу жүргүзүлгөн, кошумча нарк салыгы боюнча каттоону жокко чыгаруу күнүнө чейинки датага карата салык төлөөчүнүн эсебинде турган товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин наркы.
90. "Калдык" операция түрү менен АЭДди түзөтүү туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн учурда ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
§ 3. Өнбөөчү карыз
91. Өнбөөчү карыз - соттун чечими боюнча милдеттенменин токтотулушунун, банкроттуктун, жоюунун, карызкордун өлүмүнүн же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташынын натыйжасында салык төлөөчү толук ала албаган салык төлөөчүгө тийиштүү сумма.
8-глава. ЭЭФти жараксыз деп таануунун өзгөчөлүктөрү
92. Салык органдары тарабынан товарлардын берилбегендиги жана (же) ЭЭФ жазып берилген жумуштар/кызматтар көрсөтүлбөгөндүгү аныкталган, салык төлөөчү иш жүзүндө сатып алууну, сактоону, ташууну же болбосо товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү башка тескөөнү жүзөгө ашырбаган транзиттик операциялар боюнча эсеп-фактураларды тариздөө фактылары белгиленген учурда салык кызматынын органдары тарабынан ЭЭФти жараксыз деп таануу жөнүндө чечим чыгарылат.
93. ЭЭФти жараксыз деп таануу жөнүндө чечимдин формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
94. Ушул Тартипке ылайык жараксыз деп таанылган ЭЭФтин номерлерин салык төлөөчүлөр пайдалана албайт.
95. Жараксыз деп таанылган ЭЭФтер түзөтүүгө жатпайт.
96. ЭЭФти жараксыз деп таануу максатында салык кызматынын органдарында комиссия түзүлөт. Комиссиянын иштөө тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
97. Комиссия ушул Тартиптин 92-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар аныкталган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде болгон фактыларды карайт жана алардын жыйынтыгы боюнча кароонун натыйжалары тууралуу маалымкат түзөт.
98. Маалымкатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ЭЭФти талаптагыдай эмес тариздөөгө байланыштуу аныкталган шайкеш эместиктердин жана (же) башка фактылардын негиздүү баяндалышы;
2) комиссиянын кароосунун жыйынтыгынын тыянактары.
99. Маалымкаттын негизинде салык кызматынын органдары тарабынан ЭЭФти жараксыз деп таануу жөнүндө чечим чыгарылат.
Ушул глава менен каралган чечимдерге салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте даттануусу мүмкүн.
100. ЭЭФти жараксыз деп таануу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салык органы тарабынан берүүчүгө тапшырылат.
ЭЭФ модулунда ЭЭФти жараксыз деп таануу жөнүндө чечим күчүнө киргенде берүүчүдө жана сатып алуучуда тиешелүү ЭЭФтин статусу автоматтык түрдө "Жараксыз" деп өзгөрөт.
Сатып алуучулар ЭЭФ модулун колдонуудан бошотулган жараксыз деп таанылган ЭЭФтин реестри отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында жарыяланат.
101. Ушул Тартипке ылайык жараксыз деп таанылган ЭЭФ салык отчеттуулугуна киргизилбейт.
9-глава. Товарлардын каталогун жана жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогун колдонуу тартиби
§ 1. "Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу" модулунда товарларды түзүү, жүргүзүү жана деактивациялоо
102. Товарлардын каталогу "Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу" модулунун "Товарлардын каталогу" бөлүмү аркылуу төмөнкүлөр берген маалыматтардын негизинде түзүлөт:
1) импорттоочу;
2) өндүрүүчү же даярдоочу;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка субъекттер.
103. Ушул Тартиптин 102-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер товарлардын каталогуна товарларды киргизүү үчүн товар жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын коду;
2) аталышы;
3) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу товарлардын каталогун түзүү үчүн зарыл болгон кошумча маалымат.
104. Ушул Тартиптин 102-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер берген маалыматтар товарлардын каталогуна товарларды киргизүү эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык келген учурда, товар уникалдуу идентификаторду ыйгаруу менен товарлардын каталогуна киргизилет.
105. Товарлардын каталогуна киргизилген товар жөнүндө маалыматтарды өзгөртүүгө ушул товарды пайдалануу менен таризделген документтер жок болгон шартта өзгөртүүлөрдү киргизүүгө өтүнмө берүү жолу менен жол берилет.
106. Товарлардын каталогуна товарларды киргизүү эрежелери жана товарлардын каталогунун түзүмү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
107. Товарлардын каталогундагы товарлар төмөнкү учурларда деактивацияланууга тийиш:
1) товарларды жүгүртүүдөн чыгаруу;
2) товарлардын каталогунда товарлардын кайталанышы;
3) товар жөнүндө маалыматтардын өзгөрүшү.
108. Товарларды деактивациялоо өндүрүүчүнүн, даярдоочунун же импорттоочунун кайрылуусунун негизинде же ушул Тартиптин 107-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар келип чыкканда жүзөгө ашырылат.
§ 2. "Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу" модулунда жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү, жүргүзүү жана деактивациялоо
109. Жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу "Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу" модулунун "Жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу" бөлүмү аркылуу төмөнкүлөр берген, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталуучу Мамлекеттик продукциянын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) статистикалык классификаторунун негизинде түзүлгөн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алгачкы каталогундагы маалыматтардын негизинде түзүлөт:
1) жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучусу;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка субъекттер.
110. Ушул Тартиптин 109-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогуна киргизүү үчүн төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору боюнча код;
2) жумуштун (кызмат көрсөтүүнүн) аталышы;
3) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогун түзүү үчүн зарыл болгон кошумча маалымат.
111. Субъекттер тарабынан берилген маалыматтар жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогуна киргизүү эрежелеринде белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда, жумуш же кызмат көрсөтүү уникалдуу идентификаторду ыйгаруу менен жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогуна киргизилет.
112. Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогуна киргизүү эрежелери жана жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогунун түзүмү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
113. Жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогундагы жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү учурларда деактивацияланууга тийиш:
1) жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогунда жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр кайталанганда;
2) жумуш же кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтар өзгөргөндө.
114. Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү деактивациялоо жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучунун кайрылуусунун негизинде же ушул Тартиптин 113-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар келип чыкканда жүзөгө ашырылат.