Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 22-сентябры №8.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаарынын мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусун угуп, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Жалпы наркы – 9 918 407 (тогуз миллион тогуз жүз он сегиз миң төрт жүз жети) сом, анын ичинен өздүк салым – 495 920 (төрт жүз токсон беш миң тогуз жүз жыйырма) сомду түзгөн Нарын облустук “Теңир -Тоо” өнүктүрүү фондусу тарабынан жактырылган «Нарын шаарындагы Ак-Коргон чөлкөмүндөгү Октябрдын 60 жылдыгы, Тамчы-Булак, Чоң-Таш жана М.Сыдыков чөлкөмүндөгү Оттук, Оттук-2, Тянь-Шань (сел түшкөн) көчөлөрүндөгү тоо бетинен аккан сууларды коопсуз алып өтүүчү арыктарды оңдоп-түздөө аркылуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоору тиркемеге ылайык бекитилип берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.
Төрага | Ж. Эсеналиев |
Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна Нарын шаардык мэриясы тарабынан сунушталган долбоор.
№ | Долбоордун аталышы | Долбоордун сүрөттөлүшү | Жалпы наркы | “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан суралган сумма | Жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым 5 % |
2 | Ак-Коргон чөлкөмүндөгү Октябрдын 60 жылдыгы, Тамчы-Булак, Чоң-Таш (сел түшкөн) көчөлөр | Общая длина 681 метр. Планировка площадей механизированным способом, группа грунтов 3, 1000м2 спланированной площади. Устройство железобетонных водоотводных лотков междушпальных глубиной до 0,5м, 100м лотка. Лотки арычные марки Б-3 длиной 2.95м. Разработка грунта с погрузкой на автомобили-самосвалы экскаваторами с ковшом вместимостью 0,65 (0,5-1) м3, группа грунтов 3,1000м3 грунта. Устройство подушек под фундаменты опор мостов песчано-щебеночных, 100 м3 подушки. Устройство монолитных фундаментов труб и опор мостов, 100 м3 бетона в деле. | 5 214 450 |
|
|
| М.Сыдыков чөлкөмүндөгү Оттук, Оттук-2 жана Тянь-Шань(сел түшкөн) көчөлөрүнө тоо бетинен аккан сууларды коопсуз алып өтүүчү арыктарды оңдоп-түздөө аркылуу өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу долбоору | Общая длина 600 метр. Установка арматурных сеток в монолитных фундаментах труб и опор мостов, арматуры. Укладка звеньев одноочковых водопропускных железобетонных круглых труб под насыпями железных и автомобильных дорог отверстием труб 1 м, высота насыпи до 3/4м, м3 железобетона звеньев.Устройство железобетонных фундаментов общего назначения обьемом до 5 м3, 100 м3 железобетона в деле. Бетон класса В15, м3. | 4 703 957 |
|
|
| Жалпы наркы |
| 9 918 407 | 9 422 487 | 495 920 |
|
Жооптуу катчы А.Жапаралиева