Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-сентябры № 710-VIII
Мухамеджанов Абылай Жумакадыровичти
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Мухамеджанов Абылай Жумакадырович каза болгондугуна байланыштуу аны 2026-жылдын 17-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызмат ордунан бошотуу менен, судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |