Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 22-сентябры №5.
Жер тилкелеринин категорияларын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын, “Нарын шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин” жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарынын “Көтөрмө” аймагындагы Ленин көчөсүнүн №178 “б-идентификациялык коду 4-05-03-0001-1950, №178 “ы”- идентификациялык коду 4-05-03-0001-1951, №178“ф”-идентификациялык коду 4-05-03-0001-1906, №178щ-идентификациялык коду 4-05-03-0001-1509, №178/1 идентификациялык коду 4-05-03-0001-0854, даректериндеги жана аталган аймакка чектеш жайгашкан жеке менчик жер тилкелери, Нарын шаарынын башкы планына ылайык көрсөтүлгөн жер тилкелеринин багыты П-2 (өндүрүштүк) зонасынан Ц-1(шаардын борбордук зонасы) категориясына которулсун.
2. П-2 (өндүрүштүк) зонасынан Ц-1 (шаардын борбордук зонасы) зонасына которуудагы тиешелүү иш кагаздары боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
3. П-2-багытынан Ц-1 багытына которуудагы тиешелүү иш кагаздары боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына жана Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ж. Эсеналиев |