Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25-сентябры № 731-т
«Көп тармактуу логистикалык борборду жана кампа комплексин куруу жана андан ары эксплуатациялоо» улуттук инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 16 протоколун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 9-беренесинин 2-бөлүгүнө, 18-беренесинин 5-пунктуна, 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы:
1) «ВБ КейДжи» жоопкерчилиги чектелген коомуна тоорук өткөрбөстөн түз берүү жолу менен 49 жылдык мөөнөткө ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Восток айылынын жанында жайгашкан, идентификациялык коду 7-01-10-0009-0180, «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясындагы, мамлекеттик менчикте турган, аянты 37,8 га жер тилкесин «Көп тармактуу логистикалык борборду жана кампа комплексин куруу жана андан ары эксплуатациялоо» улуттук инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн берсин;
2) «ВБ КейДжи» жоопкерчилиги чектелген коому менен ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунтчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин 49 жылдык мөөнөткө ижарага берүү келишимин түзсүн;
3) ижара келишиминде ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунтчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин «Көп тармактуу логистикалык борборду жана кампа комплексин куруу жана андан ары эксплуатациялоо» улуттук инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн гана пайдалануу шарттарын, ошондой эле аны максатсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесине укукту белгиленген тартипте мамлекеттик каттоону камсыз кылсын.
3. «ВБ КейДжи» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын сактабастан жана тиешелүү менчик ээсинин макулдугусуз ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин ээликтен ажыратууга же пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол бербөө;
3) ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдаланууда шаар куруу, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, өрт коопсуздугу жана башка милдеттүү талаптардын сакталышын камсыз кылуу.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| A.А. Касымалиев |