Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-сентябры № 647
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун
Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында жайгашкан бирдей баалуу жер тилкелерин Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу көчүрүлүүгө тийиш болгон жарандарга берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 16-июнундагы № 04-01/4361 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 36 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 13-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын № 391 (0,60 га жайыт), № 392 (1,40 га жайыт) контурларында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 2,0 га жер тилкеси Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу көчүрүлүүгө тийиш болгон жарандарга бирдей баалуу жер тилкелерин берүү үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймактагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) жеке каражаттардын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
6) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык археологиялык көзөмөлдөө үчүн адис археологду тартууну;
7) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону;
8) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды сактоону;
9) жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону;
10) Чыңалуусу 1000 вольттон жогору электр тармактарын коргоо эрежелерине ылайык электр берүү аба линияларын коопсуз жана талаптагыдай эксплуатациялоо үчүн тиешелүү коргоо аралыктарын сактоону;
11) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде турак үйлөрдү жана башка объекттерди долбоорлоо жана куруу башталганга чейин алардын учуулардын коопсуздугуна тийгизүүчү таасирин баалоо боюнча аэронавигациялык изилдөө жүргүзүүнү жана анын жыйынтыгы боюнча WGS-84 системасында объекттердин географиялык координаттарын, жер бетинин абсолюттук белгилерин жана объекттердин максималдуу конструктивдик бийиктигин көрсөтүү менен долбоордук чечимдерди жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен белгиленген тартипте макулдашууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев