Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-сентябры № 16
Айдаркен шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу, киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитип берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳгү” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат маселелери” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Айдаркен шаардык мэриясынын 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу, 2026-жылдын тогуз айлыгынын жыйынтыгы менен киреше жана чыгаша бөлүктөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду каттоо жана Айдаркен шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялоо жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
3. Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө киргизилсин.
5. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеңештин “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жана шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
Төрага А.А.Алтымышова
Айдаркен шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясынын №16-токтомуна тиркеме
Киреше бөлүгү:
Аймактын аталышы. | 2026-жылдын 9-айына бекитилген план | Кошумча түшкөн каражат | 2026-жылга такталган план (10-сентябрга карата) | Эскертүү |
Элемент 11462 Роялти салыгы | ||||
Айдаркен шаардык мэриясы | 2049,00 | +2377,8
| 9795,9 | 2026-жылдын 6-айлык жыйынтыгы менен кошумча 4784,1 миң сом көбѳйтүлүп, 9-айдын жыйынтыгы менен кошумча 2377,8 миң сом түштү, бекилген план 2634,0 миң сом. Жалпы 2026-жылга 9795,9 миң сом болжолу күтүлүүдө. |
Бардыгы: | 2049,00 | +2377,8 | 9795,9 |
|
Элемент 14151200. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым | ||||
| 75,1 | +200,0 | 617,0 | 2026-жылдын 6-айлык жыйынтыгы менен фактически 280,9 миң сом көп аткарылып,планга кошулуп кѳбѳйтүлүп,9-айдын жыйынтыгы менен кошумча 200,0 миң сом түштү, бекилген план 136,1 миң сом. Жалпы 2026-жылга 617,0 миң сом болжолу күтүлүүдө. |
Бардыгы: | 75,1 | +200,0 | 617,0 |
|
Элемент 14511400 Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр | ||||
| 450,1 | +634,3 | 1734,3 | Айдаркен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө түшкөн киреше. 2026-жылдын 6-айлык жыйынтыгы менен фактически 500,0 миң сом көп аткарылып,планга кошулуп кѳбѳйтүлүп,9-айдын жыйынтыгы менен кошумча 634,3 миң сом түштү, бекилген план 600,0 миң сом. Жалпы 2026-жылга 1734,3 миң сом болжолу күтүлүүдө. |
Бардыгы: | 450,1 | +634,3 | 1734,3 |
|
Элемент 14411100 Учурдагы жардам (Текущая помощь) | ||||
| 0,0 | +163,00 | 163,00 | Атайын счетуна долбоорлордун алкагында Ѳнүктүрүү саясаты институту менен гранттык макулдашуунун алкагында дем берүүчү грант катары жардамга |
Бардыгы: | 0,0 | +163,00 | 163,00 |
|
Жалпы: |
| +3375,1 |
|
|
Чыгаша бөлүгү:
Аймактын аталышы. | Чыгаша статьясынын элементи | Статьянын аталышы | Суммасы |
|
Айдаркен шаардык мэриясы | 22154900 | Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу | 212,1 |
|
| 31113320 | Жолдорду капиталдык оңдоо | 3000,0 |
|
Баары: |
|
| 3212,1 |
|
Атайын счет Учурдагы жардам. | 31113290 | Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар | 163,0 |
|
Жалпы: |
|
| 3375,1 |
|
Жооптуу катчы: Г.Амирбекова