Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы
2026-жылдын 14-сентябры № 73
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жарым жылдыкта аткарган иштеринин отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун 2026-жылдын жарым жылдыгында аткарган иштеринин отчётун, айылдык кеңештин маданий маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, балдар жана жаштар, массалык спортту өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап жана талкуулап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жарым жылдыкта аткарган иштеринин отчёту канааттандырарлык деп табылды.
2. Ушул токтомдун аткарылышы төраганын орун басарына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин маданий маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, балдар жана жаштар, массалык спортту өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага Т.Исманов