Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы
2026-жылдын 14-сентябры № 75
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн каза болгон жарандарды көмүү нускамасын жана көрүстөндөрдө көмүү жайын брондоо боюнча келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикти 2025-жылдын 25-декабрындагы №01-13/1230 сандуу катын аткарууга алып, айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин көмүү боюнча нускама жана көмүү жайларын брондоо (5000 миң сом) келишими бекитилсин. .
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө” нускама.(1-тиркеме)
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жөнүндө” келишим.(2-тиркеме)
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин маданий маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, балдар жана жаштар, массалык спортту өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын. 5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тиркеме, 20 баракта 2 нускада.
Төрага
Т.Исманов
1-тиркеме
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №75 токтомуна тиркеме.
Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, каза болгон жарандарды муниципалдык көрүстөндөргө көмүү, ошондой эле мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартибин жөнгө салат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин тургундарынын жергиликтүү каада-салттарын, улуттук үрп-адаттарын жана дин тутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушул Нускамада жөнгө салынбаган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген эрежелерди белгилөөгө укуктуу.
3. Сөөк коюу ырым-жырымынын тигил же бул түрүн өткөрүүгө күч колдонуп мажбурлоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин бузган ырым-жырымын (анын ичинде каза болгондун эркинин негизинде) өткөрүүгө жол берилбейт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө инсандыгы аныкталбаган каза болгондорду, таанылбаган жана талап кылынбаган өлүктөрдү жана биологиялык калдыктарды көмүү (кремациялоо), ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жайларында жазаны өтөө мезгилинде каза болгондорду жубайы, жакын туугандары же башка туугандары жок болгон учурда же болбосо алар көмүүдөн баш тарткан учурда каза болгон адам ушул Нускамада белгиленген тартипте көмүлүүгө (кремациялоого) тийиш.
Денеси талап кылынбаган, каза болгон чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды көмүү (кремациялоо), эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Нускамада белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2-глава. Көрүстөн үчүн жер участогун бөлүп берүү
5. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо жана бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинде белгиленген талаптарды жана тартипти сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Мында жергиликтүү мамлекеттик администрация тийиштүү мамлекеттик органдарга жер участогун бөлүп берүү үчүн экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык экспертизалардын жана жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдүн корутундуларын берүү жөнүндө суроо-талап менен кайрылат.
6. Көрүстөндү жайгаштыруу үчүн зарыл болгон аянтты эсептөө төмөнкү маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт:
1) калктуу конуштун тургундарынын саны жана анын өсүү келечеги. Калктын келечектүү саны калктын шаар түзүүчү жана шаар тейлөөчү топторунун жана демилгелүү эмес калктын салыштырмалуу салмагын белгилөө менен бул топторду эсепке алып аныкталат;
2) көрүстөн мезгилдери - көрүстөндү эксплуатациялоо үчүн эсептик убакыт кыртыштын мүнөздөмөсүнө жараша 30 жылдан кем болбоого тийиш;
3) көмүүгө эсептелген бир аянттын дифференцияланган ченеми (10 жаштан улуу баланын жана чоң кишинин, 9 жашка чейинки баланын мүрзөсү, ошондой эле ардактуу жана үй-бүлөлүк мүрзө үчүн жай);
4) жашылдандыруу үчүн аянттар, жолдор, аллеялар, ошондой эле көрүстөндөрдүн участогунда жайгашкан имараттар.
7. Көрүстөндүн участогунун рельефине, аймагындагы бак-дарактарга жана башка табигый шарттарына жараша төмөнкүдөй типтеги көрүстөндөр долбоорлонот жана курулат:
1) туруктуу - тынч рельефтүү участоктордо;
2) ландшафттык көрүстөндөр-парктар - ландшафттык архитектуранын ар кандай ыкмаларын пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү рельефи татаал жана табигый бак-дарактары бар участоктордо;
3) аралаш - аймактын бир бөлүгүн ландшафттык түзүлүштөр үчүн бөлүп берүү жана мүрзөлөрдү туруктуу тип боюнча жайгаштыруу менен.
8. Көрүстөнгө участок бөлүп берүү үчүн кайрак жана сугат суу чыкпаган жерлерди, тегиз, дөбө, саздак болбогон аймакты колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга, курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине ылайык тандоо керек.
Көрүстөн үчүн бөлүнгөн участок төмөнкү талаптарга шайкеш келиши керек:
1) калктуу конуштун жана чарбалык-тиричилик максаттар үчүн пайдаланылуучу ачык көлмөлөрдүн карама-каршы тарабына 0,5-5% чегиндеги эңкейиши бар. Тоолуу райондордо террасаларды жана жолдорду 5%га чейинки эңкейиш менен милдеттүү түрдө жайгаштыруу менен 30%га чейинки эңкейишке жол берилет.
Табигый эңкейиш жок болгон учурда, суу бурулушун жана топурактын ашыкча нымдалуусун алдын алууну камсыз кылган тик пландоо жүргүзүү зарыл. Зарыл болгон учурда лотокторду, кюветтерди куруу, түтүктөрдү салуу жана башка инженердик иш-чаралар каралышы керек;
2) жаан-чачын жана кар эриген мезгилде суу ташкынына же жер бетинде суунун пайда болушуна жол бербөө;
3) участоктогу жер астындагы суулар эң бийик деңгээлге жеткен учурда жер бетинен 2,5 метрден төмөн болушу керек. Бул талапка жооп берген участоктор жок болгон учурда, көрүстөн үчүн бөлүнгөн участок кургакталып турушу керек;
4) ыңгайлуу, көрктөндүрүлгөн, жашылдандырылган кире бериштери бар.
9. Көрүстөн үчүн участоктун жайгашуусу жана анын өлчөмү калктуу конушту пландоо жана куруу долбоорунда каралат. Көрүстөндү жайгаштыруу калктуу конуштун аймагын андан ары кеңейтүүгө тоскоолдук жаратпашы керек.
Көрүстөндөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин (22-тиркеме) 190, 191-пункттарынын талаптарын сактоо менен жайгаштырылат.
10. Көрүстөндүн түрлөрү:
1) ачык (иштеп жаткан) көрүстөн - бош орун болгондо көмүү жана мүрзөнүн жанына көмүү, ошондой эле эксгумация жана кайра көмүү жүргүзүлөт;
2) жабык көрүстөн - эксгумацияны жана кайра көмүүнү кошпогондо, көмүүнүн жана мүрзөнүн жанына көмүүнүн бардык түрлөрүнө тыюу салынат.
Ачык (иштеп жаткан) көрүстөндөр өз кезегинде диний жана аралаш көрүстөндөргө бөлүнөт.
Диний көрүстөндөр - диний жана улуттук каада-салттарды эске алуу менен бир диндеги өлгөндөрдүн сөөгү коюлуучу жерлер. Диний көрүстөндөр жергиликтүү каада-салттарды, улуттук үрп-адаттарды, дин тутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен долбоорлонот.
Аралаш көрүстөндөр - диний ишенимине карабастан каза болгон жарандар, ошондой эле талап кылынбаган өлүктөр көмүлүүчү жерлер.
11. Көрүстөндүн эксплуатацияга киргизүүгө даярдыгы жергиликтүү санитардык-эпидемиологиялык кызмат органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы/маркумду узатуу иши маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан дайындалган комиссиянын атайын акты менен таризделет.
3-глава. Көрүстөндөрдү тейлөө жана эксплуатациялоо
12. Көрүстөндү жайгаштыруу белгиленген тартипте бекитилген пландоо долбоору боюнча көрүстөндүн түрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен (аралаш, диний, салттуу) ишке ашырылат, анда төмөнкүлөр каралат:
1) көмүлүүчү жерлер үчүн секторлор түрүндө жер участогун бөлүп берүү жана аларды пайдалануу кезегин аныктоо;
2) бет маңдайынан жана капталынан кире бериштерин жайгаштыруу, алардын багыттарын, өлчөмдөрүн жана жөө адам өтүүчү жолдорду аныктоо;
3) көрүстөндү жашылдандыруу - жетиштүү желдетүүнү жана инсоляцияны камсыз кылууну эске алуу менен көрүстөндүн периметри боюнча коргоочу көчөттөрдү, негизги аллеяларды жана көмүлгөн жерлерди бойлото декоративдик өсүмдүктөрдү отургузуу;
4) жер бетиндеги сууларды ылдам жоготууну камсыз кылуу үчүн аймакты пландоо;
5) зарыл болгон курулмаларды, анын ичинде аза күтүү аянтчасын, кароол жайын, коомдук дааратканаларды куруу, суу менен жабдуу системасын, жарыктандыруу тармагын өткөрүү жана көрүстөндү периметри боюнча тосмолоо;
6) калктуу конуштарда - көрүстөндүн кире беришинин алдында автомобиль транспортун токтотуу үчүн аянтча.
13. 200дөн 500гө чейин мүрзөлөрдү жайгаштыруу менен секторлордун болжолдуу өлчөмдөрү 30x30, 30x40, 40x40, 40x60 метрди түзүшү мүмкүн. Секторлордун аянттарын көбөйтүү максатка ылайыксыз, анткени бул табытты катафалкадан көмүлүүчү жерге чейин колго көтөрүп баруунун жолун узартат.
Көрүстөндүн планынын чиймесине ылайык сектордун жолго жакын бурчунда жерге кагылган мамычаларда көрсөтүлгөн секторлордун жалпы номерлениши аныкталат.
14. Көрүстөндөрдү пландоо долбоорлорунда бакчаны жана архитектуралык элементтерди ыңгайлуу айкаштырууга, калыптанып калган ландшафттын өзгөчөлүктөрүн сактоого жана жакшыртууга аракет кылуу керек. Көрүстөндөрдүн аймагынын аянтын аныктоодо төмөнкү салыштырма маанилерин сактоо зарыл:
- көмүлгөн жерлер - 60-65%;
- жашыл бак-дарактар - 20-25%;
- жолдор, аллеялар жана жолчолор - 10-15%;
- чарбалык короо жана көмөкчү курулмалар - 4-5%.
15. Көрүстөндүн ар бир секторуна кирүүчү жолдор маркумдун сөөгүн колго көтөрүп басууну мүмкүн болушунча кыскартып долбоорлонушу керек.
Ардактуу мүрзөнү бойлото жайгаштыруу мүмкүн болгон башкы жолдордун же аллеялардын өтүүчү бөлүгүнүн туурасы 6,5 метр, ал эми чоң жана ири шаарларда - 9,0 метрге чейин болот.
16. Көрүстөнгө кире бериш жер участогунун өлчөмүн, анын калктуу конуштан кирүүчү көчөлөргө карата абалын эске алуу менен, көрүстөндүн аймагында пландаштырууларды жана жолдорду эске алуу менен жүргүзүлөт.
Аянты 20 гектардан ашкан көрүстөндө бир нече кире бериш (борбордук жана экинчи) болушу мүмкүн.
17. Аза күтүү жүрүштөрүнүн тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн көрүстөндөрдөгү дарбазанын туурасы 4-5 метр болот.
Көрүстөнгө кирердин алдында аза күтүү жүрүшүн коштоочу туугандарды күтүү жана чогултуу үчүн аянтча каралат.
18. Көрүстөндөрдө жарандык сөөк коюу зыйнатын жүргүзүү үчүн аза күтүү аянтчалары курулат. Аянтчалар көрүстөндүн кире беришинен алыс эмес, ал эми шаардык көрүстөндөрдө - көмүү секторуна жакын жерлерде жайгаштырылат.
Постамент коргоочу дубалдан 2-3 метр аралыкта, борборго жакын аза күтүү аянтчасына орнотулат.
19. Көрүстөндүн администрациясынын имараты анын аймагында башкы кире беришке жакын жайгашат. Администрациянын имаратын башкы кире бериш менен архитектуралык жактан бириктирүү сунушталат.
Мындай көрүстөндөрдө тазалоо инвентарын берүү бул максат үчүн тиешелүү жайларды бөлүп берүү менен бир нече жерде уюштурулат.
20. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүү жана көрктөндүрүү "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Көрүстөндүн аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык канализациясы бар ыңгайлуу коомдук дааратканалар жайгаштырылат.
Канализация жок болгон учурда чуңкурдуу дааратканалар орнотулат. Чуңкурларды жайгаштырууда капталдарынын жана түбүнүн суу өткөрбөстүгү, ошондой эле ассенизациялык транспорттун аларга эркин кирүүсү камсыздалат.
Көрүстөндүн аймагында чарбалык короо каралат, анда материалдар, инвентарь жана отун кампалары, оранжереялар, күнөсканалар жана ачык гүлзарлар, эстеликтерди, тосмолорду даярдоо жана оңдоо боюнча устаканалар жана башка ушул сыяктуу көмөкчү курулмалар жайгаштырылат.
22. Көрүстөндүн аймагында суу менен камсыздоо келүүчүлөрдүн жана персоналдын турмуш-тиричилик керектөөлөрүн, жашыл бак-дарактарды сугарууну камсыз кылат.
Суу менен камсыздоо системасы өз кезегинде суу түтүк тармагына туташтырылган өз алдынча системаны түзүү мүмкүнчүлүгүнөн улам же көрүстөндүн аймагына жакын жайгашкан атайын скважинаны жабдуу жолу менен камсыз кылынат.
Скважинанын жайгашкан жери топурактын чыпкалоочу касиеттерин жана жер астындагы суулардын кыймылынын багытын эске алуу менен тандалат. Суу түтүк скважинасынан көрүстөнгө (көмүү жерине) чейинки аралык суу булагынын санитардык коргоо зонасынын тилкесинин чоңдугунан кем болбоого тийиш. Көрүстөндө пайдаланылуучу ичүүчү суу адамдардын ден соолугу үчүн коопсуз болууга жана "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Суу түтүк скважинасы жок көрүстөндөр алынып келинген суу менен камсыздалат.
Көрүстөндүн аймагы боюнча шаардык (кыштактык) чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоонун магистралдык линияларын тартууга тыюу салынат.
23. Ири көрүстөндөрдүн аймагында (20дан 40 гектарга чейин) бак-дарактарды сугаруу үчүн сугаруу суу түтүгү болот.
Мында суу бөлгүч колонкалар же крандар көрүстөндүн ар бир секторунда орнотулат, секторлордун тобу үчүн сугаруу максатында ачык запастык резервуарлар (бассейндер) орнотулат.
24. Мүмкүнчүлүккө жараша көрүстөндөрдүн аймактары электр жарыгы менен жабдылат.
25. Көрүстөндүн кире беришине жакын жерде (ички жагында) көрүнүктүү жерде көрүстөндүн так сүрөттөлгөн схемалык планы бар көрсөтмө такта орнотулат. Планда көмүү секторлорунун (участокторунун) кирүү жана чыгуу жерлери жана алардын номерлениши, башкы аллеянын жана негизги жолдордун багыты, аза күтүү аянтчаларынын, коомдук дааратканалардын, тазалоо инвентарын берүү жерлеринин, жашыл бак-дарактарды сугаруу үчүн суу алуучу жерлердин, таштандыларды убактылуу сактоо үчүн ящиктердин же контейнерлердин, көмөкчү устаканалардын, гүл өстүрүүчү чарбанын жайгашкан жерлери жана келүүчүлөргө маалымат берүү үчүн зарыл болгон башка объекттер көрсөтүлөт.
Көрүстөндүн планынан тышкары көрүнүктүү жерде көрүстөнгө келүүчүлөрдүн келүү тартиби жана эрежелери көрсөтүлгөн көрсөтмө такта орнотулат.
26. Көрүстөндүн аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) аза күтүү жүрүшүн кошпогондо, автомашиналар жана жандык транспорту, мотоциклдер жана велосипеддер менен кирүүгө.
Көрүстөндүн аймагы чоң болгон учурда, ал татаал рельефте жайгашкан жана көмүү участоктору башкы же экинчи кире бериштерден кыйла алыс (3-4 км) болгон учурда, көрүстөндүн администрациясы өзгөчө тартипте туугандарына жеңил машиналар менен мүрзөлөргө барууга уруксат бериши мүмкүн;
2) коомдук тартипти бузууга, алкоголдук, баңгизаттык жана башка мас абалда болууга, мүрзөгө коюлуучу эстеликтерге жана жашыл бак-дарактарга зыян келтирүүгө, ошондой эле кургак чөптөрдү, жалбырактарды, бак-дарактардын бутактарын жана куураган чырпыктарын, бадалдарды жана башкаларды өрттөөгө, мал жана башка үй жандыктарын жаюуга, мөмө-жемиш бактарын отургузууга, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы/сөөктү жайга коюу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат менен макулдашпастан дарактарды жана бадалдарды кыюуга, отургузууга жана көчүрүп отургузууга;
4) газондордо басууга, отурууга жана жатууга, дарактарды, бадалдарды сындырууга, гүлдөрдү үзүүгө, канаттууларды кармоого, мал жаюуга жана иттерди алып жүрүүгө;
5) от жагууга, кум жана чопо казып алууга, чым чабууга, курулуш жана башка материалдардын запастарын узак убакыт сактоого (бул максат үчүн атайын бөлүнгөн жерлерди кошпогондо);
6) тынчтыкты бузууга (аза күтүү мелодияларын коюу, Куран окуу, маркумду узатуунун диний ырым-жырымдары боюнча жаназа окууну кошпогондо, оюндарды жана оюн-тамашаларды уюштурууга, ырдоого, музыкалык аспаптарда ойноого);
7) көрүстөн жабылгандан кийин аймакта калууга.
27. Көрүстөнгө келген жарандар ушул Нускамада белгиленген эрежелерди так сактоого милдеттүү.
28. Мүрзөлөрү атына катталган жарандар же уюмдардын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы/сөөктү жайга коюу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан мүрзөнү кароо үчүн берилген инвентарды пайдаланууга.
Инвентарь жоголгон же бузулган учурда анын наркы төлөнүүгө тийиш;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы/сөөктү жайга коюу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат менен макулдашылгандан кийин көмүү жерине мүрзөгө коюлуучу курулмаларды (тосмолор, эстеликтер) орнотууга жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана учурдагы тазалап-жыйноо боюнча иштерди жүргүзүүгө.
29. Көрүстөндүн бардык аймагы тосмо менен курчалууга тийиш. Көрүстөндөр эреже катары, бийиктиги 1,5 метрден төмөн болбогон, жергиликтүү кымбат эмес материалдар (курама темир бетон, керамика, шлак, гипс блоктор, жыгач панелдүү темир бетон түркүктөр, чопо дубалдар ж.б.) менен тосулат.
4-глава. Көмүү үчүн жер участогун берүү тартиби
30. Кыргыз Республикасынын аймагында ар бир адамга, ал каза болгондон кийин сөөгүн жайга коюу үчүн белгиленген өлчөмдөгү жер участогу акысыз негизде бериле тургандыгына кепилдик берилет, буга брондолгон учурлар кирбейт.
Келечекте көмүүгө орун брондоо "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
Көмүү үчүн орун брондолгон көрүстөн жабылган учурда, бул участок башка көрүстөндөн берилет.
31. Каза болгон адам өзүнчө мүрзөдө көмүү үчүн бөлүнгөн жер участогунда көмүлөт.
32. Көрүстөндө ал үчүн бөлүнүп берилбеген жерге өзү билип көмүүгө, ошондой эле каза болгон адамдын денесин (сөөгүн) өз эркинче алып чыгууга (казууга) жана кайра көмүүгө тыюу салынат.
33. Каза болгон адамдын денесин көмүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү жер участогу акысыз негизде төмөнкүдөй тартипте берилет:
1) каза болгон адамдын тигил же бул жерге, тигил же бул үрп-адат жана каада-салт боюнча, мурда каза болгон тигил же бул адамдардын жанына коюлуу тууралуу оозеки (күбөлөрдүн катышуусунда) же жазуу жүзүндө тирүү кезинде айтылган каалоосу боюнча;
2) каза болгон адамдын туулган жери боюнча;
3) каза болгон адамдын өлгөн жери боюнча;
4) каза болгон адамдын акыркы жашаган жери же барган (турган) жери боюнча;
5) эгерде жанында бош жер участогу бар болсо, мурда каза болгон жубайынын, балдарынын, туугандарынын жанында көмүү жери боюнча.
34. Көмүү үчүн участокту берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
35. Көмүү үчүн жер участогунун өлчөмү ошол айыл аймагынын/шаардын тургундарынын жергиликтүү шарттарын, үрп-адаттарын, каада-салттарын, диний ишенимдерин эске алуу менен ушул Нускаманын жоболорунун негизинде жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.
36. Кош бойлуулуктун 196 күнү өткөндөн кийин өлүк бала туулган учурда, ошондой эле 9 жашка чейинки курактагы каза болгон балдар үчүн мүрзөнүн өлчөмү - узундугу 1,5 метрден кем эмес жана туурасы 0,7 метрден кем эмес болот.
37. Каза болгон адамды көмүү үчүн жер участогу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кайрылган күнү төмөнкүлөрдүн негизинде берилет:
1) сөөктү көмүүчү адамдын арызынын;
2) арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтин, анын ичинде санариптик документтердин;
3) гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн адамдын өлүмүн констатациялоо жөнүндө медициналык маалымкаттын.
38. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы/сөөктү жайга коюу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат берилген документтердин эсебин алууну жана сактоону уюштурат.
381. Көмүү үчүн жер тилкесин алуу үчүн кайрылууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы/маркумду узатуу иши маселелери боюнча адистештирилген кызмат гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн адамдын өлүмүн констатациялоо жөнүндө медициналык маалымкат жок болгон учурда, кайрылуу учурунан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бул тууралуу кабарлайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында каза болгон тургунду (жергиликтүү коомдоштуктун мүчөсүн) көмүү үчүн көрүстөндөн орун бөлүп берүү жөнүндө маалымкат берет.
5-глава. Маркумдун сөөгүн (калдыктарын) көмүү жана мүрзөнүн жанына көмүү
40. Эгерде өлүк патологоанатомиялык союуга же соттук-медициналык изилдөөгө дуушар болсо, маркумду көмүү 24 сааттан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
41. Эгерде өлүмдүн себеби өзгөчө кооптуу инфекциялар (кара тумоо, холера, суу чечек, күйдүргү) болсо, ошондой эле патологоанатомдор тарабынан тыюу салынса (сөөктүн өтө бузулушу, транспорттук авариялардын натыйжасында келип чыккан өлүм ж.б.) каза болгондордун сөөгүн үйгө алып келүүгө тыюу салынат.
42. Өзгөчө кооптуу инфекциялардан каза болгондорду жайга коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген көрүстөндөргө жана сөөк коюу багытындагы объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды (22-тиркеменин18-бөлүмү) сактоо менен жүргүзүлөт.
43. Төмөнкү учурларда атайын соттук-медициналык корутундусуз көмүүгө жол берилбейт:
1) өз жанын кыюу;
2) белгисиз себептерден улам мезгилсиз өлүм;
3) эгерде денеге келтирилген зыяндын натыйжасы өлүмгө алып келсе;
4) өлүм кылмыштын кесепетинен болду деген шектенүү пайда болгондо;
5) эгерде маркумдун сөөгү табылса.
Жогоруда аталган учурларда сөөктү көмүү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин соттук-медициналык уюмдарында сөөктүн соттук-медициналык экспертизасынын корутундусу чыгарылгандан кийин жүргүзүлөт.
44. Маркумдун сөөгүн жайга коюуну уюштурууну өзүнө ала турган туугандары же адамдары жана мекемелер жок болгон учурда табылган өлүктөрдү (сууга чөккөндөрдү, үйүнөн сырткары мезгилсиз каза болгондорду) көмүү маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматка жүктөлөт жана ички иштер органдарына билдирүү менен сөөк коюуга бюджеттик же башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
45. Сөөктү көмгөн адамдарга же уюмдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматы сөөктү көмүү боюнча кызматтарды акча каражаттары төлөнгөндөн кийин көрсөтөт.
46. Сөөк коюу ачык көрүстөндөрдө гана участокту ырааттуу тартипте бөлүп берүү менен жүзөгө ашырылат.
47. Ар бир мүрзөгө төмөнкү өлчөмдөгү жер участогу бөлүнөт:
Көмүүнүн түрү | Жер участогунун өлчөмү | Мүрзөнүн өлчөмү | |||
Аянты, м2 | Узундугу, м | Туурасы, м2 | Узундугу, м | Туурасы, м | |
Үй-бүлөлүк көмүү | 10 | 2,5 | 4,0 | 2,0 | 1,0 |
10 жаштан өйдө баланын же чоң кишинин сөөгүн көмүү үчүн мусулман тибиндеги казанактуу көмүү | 10 | 2,5 | 4,0 | 2,0 | 1,0 |
9 жашка чейинки жаш баланын сөөгүн көмүү | 3 | 2,0 | 1,5 | 1,5 | 0,7 |
Сөөктү динине карабастан табытка көмүү | 5 | 2,5 | 2,0 | 2,0 | 1,0 |
48. Маркумдун сөөгүн, ошондой эле маркумдун күлү бар карапаны мүрзөнүн жанына же ошол эле мүрзөгө көмүү туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу жана мүрзөгө коюлган адам менен тууган экендигин тастыктаган учурда жүргүзүлөт.
6-глава. Эсепке алууну жүргүзүү тартиби
49. Сөөк коюу үчүн бардык участоктор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жүргүзүлүүчү көмүүлөрдү каттоо журналында эсепке алынууга тийиш.
50. Эсепке алуу участокко эсеп номерин ыйгаруу жолу менен жүргүзүлөт, мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын уруксатынын реквизиттери (бланктын номери жана датасы);
2) көмүү үчүн участоктун эсептик номери;
3) көмүлгөн адам жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү (эгерде алар белгилүү болсо);
4) маркумдун туулган жана каза болгон датасы (эгерде алар белгилүү болсо);
5) маркумду көмүүнү уюштурууну, мүрзөгө коюлуучу курулманы орнотууну өзүнө алган адамдар жөнүндө маалыматтар (жеке жакка карата: фамилиясы, аты, атасынын аты эгер бар болсо, жашаган жери же турган жери; юридикалык жакка карата - юридикалык жактын аталышы жана жайгашкан жери);
6) маркумдун сөөгүн (калдыктарын) көрдөн чыгаруу жана кайра көмүү боюнча иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды, маркумдун сөөгүн көрдөн чыгарууга жана кайра көмүүгө негиз болгон документтин реквизиттери жана аталышы.
51. Көмүүлөрдү каттоо журналы кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жүргүзүлөт.
52. Көмүүлөрдү каттоо журналдары так отчеттуулуктагы документтер (файлдар) болуп саналат жана туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү иштерге кирет.
Маркумду узатууга укук берген бардык документтер белгиленген тартипте көктөлүүгө жана сакталууга тийиш.
53. Көмүүлөрдү каттоо журналдары (файлдар) белгиленген тартипте мамлекеттик архивге туруктуу сактоого өткөрүп берилет.
7-глава. Сөөк коюлган жерлерде эстеликтерди жана мемориалдык белгилерди орнотуу
54. Эстеликтерди жана мемориалдык белгилерди орнотуу маданий, диний жана этностук салттарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
55. Маркумдун сөөгү коюлган жерге эстелик белгисин орнотууну каалаган адамдар маркумдун аты-жөнүн, көмүлгөн жери жайгашкан жерин жана номерин көрсөтүп, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн тиркеп, арыз ээсинин байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматка өзүнүн эстелик же мемориалдык белги орнотуу ниети тууралуу жазуу жүзүндө билдирет.
56. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат берилген документтерди карап чыгып, арыз ээсине мүрзөгө коюлуучу курулмалар маселелери боюнча "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Нускаманын талаптарын сактоо зарылдыгы жөнүндө эскертет.
57. Маркумдун диний ишенимине, социалдык абалына, этностук таандыктыгына, жынысына карабастан граниттен, мрамордон, башка асыл таштардан (алмаз, изумруд, рубин, сапфир, александрит, табигый бермет ж.б. чийки жана иштетилген түрдө) жасалган эстеликтерди, монументтерди, айкелдерди жана мүрзө таштарын, ошондой эле тосмолорду, кымбат баалуу металл тосмолорду жана ушул материалдардын айкалышынан тургузуу жана орнотуу сунушталбайт.
Мүрзөгө коюлуучу эстеликтердин бийиктиги 0,70 метрден ашпоого тийиш.
Өтө зарыл болбосо, мүрзөгө тосмо коюу сунушталбайт. Бирок зарылчылык болсо, ысырапкерчиликке жана ашыкча коромжулукка жол бербестен жыгач материалдардан же башка бузулбас материалдардан жөнөкөй тосмо коюу сунушталат.
58. Эстеликтеги жазуулар маркумдун аты-жөнү, туулган жана каза болгон датасы көрсөтүлгөн даана шрифт менен жазылууга тийиш. Маркумдун диний ишенимине ылайык келген эпитафияларды жана диний символдорду жазууга жол берилет.
59. Коомдук адеп-ахлак ченемдерине жана тартипке карама-каршы келген элементтерди камтыган эскерүү белгилерди пайдаланууга тыюу салынат.
8-глава. Корутунду жоболор
60. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматка каза болгон жарандарды көмүүнүн жана көрүстөндөрдө мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуунун белгиленген тартиби сакталышын контролдоо жүктөлөт.
61. Эскерүү белгисин бузган же жок кылган, мүрзөнү мазактаган, мүрзөдөгү мүлктү же андагы буюмдарды уурдаган адам Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, жарандык мыйзамдарынын жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
62. Ачык көрүстөндөрдү бузууга болбойт жана "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген тартипте жана учурларда көчүрүлүшү мүмкүн.
63. Көрүстөн жабылгандан кийин жер кыртышы, бардык мүрзөгө коюлган курулмалар жана жазуулар көрүстөн жоюлганга чейин толугу менен кол тийгис бойдон калат. Жабылган көрүстөндөрдө же участоктордо мүрзөнүн жанына көмүү тыюу салынат.
64. Жабылган жана жоюлган көрүстөндөрдөн кайра көмүү "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган эксгумация жана кайра көмүү боюнча эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт.
2-тиркеме
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №75 токтомуна тиркеме.
Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо (мындан ары - брондоо) эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу;
- санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо;
- көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу;
- кызмат көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкын механизмин түзүү.
3. Укуктук негизи:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 "Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;
- башка ченемдик укуктук актылар.
4. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
көмүү жайларын брондоо (мындан ары - брондоо) - арыз ээси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылуучу көмүү жайларын резервдөө. Брондоо укугу - нике күбөлүгү болгон учурда жубайына таандык.
брондоо келишими - арыз ээси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишим;
көмүү жайларынын реестри - көмүү үчүн көрүстөн боюнча бош жана ээленген жайларды эсепке алуунун маалыматтык системасы.
5. Көмүү жайларын брондоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
- санитардык жана экологиялык талаптарды;
- шаар куруу талаптарын;
- диний, этностук жана маданий салттарды.
2-глава. Көмүү жайларын брондоонун наркын эсептөө
6. Көмүү жайларын брондоонун наркы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
БН = ЭК + К,
мында:
БН - брондоонун наркы,
ЭК - административдик-аймактык бөлүүнүн градациясы боюнча аныкталуучу эсептик көрсөткүч (республикалык маанидеги шаарлар үчүн - 1000 (бир миң), облустук маанидеги шаарлар - 750 (жети жүз элүү) жана райондук маанидеги шаарлар жана айылдар - 500 (беш жүз).
К - маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтар түзүлгөн жана иштеген жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүчү кошумча кызматтардын коэффициенти.
Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирет:
- көрктөндүрүү (жолдор, тосмолор, жарыктандыруу);
- жашылдандыруу жана бак-дарактарга кам көрүү;
- суу менен камсыздоо (сугаруу, техникалык муктаждыктар);
- дааратканалар болгон учурда турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б.
3-глава. Көмүү жайларын брондоо тартиби
7. Көмүү жайларын брондоо үчүн арыз ээси Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу авторизациялоону пайдалануу менен Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта арыз берет.
Электрондук форматта арыз берүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жүзөгө ашырылат. Арыз ээсин авторизациялоодо жана көмүү жайларын ээлөөгө электрондук өтүнмөнү тариздөөдө, зарыл документтер суралат жана санариптик форматта болгондо ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын пайдалануу менен автоматтык түрдө жүктөлөт.
Эгерде талап кылынган документтер ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында жок болсо, анда арыз ээси тиешелүү кагаз жүзүндөгү документтердин санариптик дубликатын өз алдынча электрондук өтүнмөгө тиркеши керек:
- арыз ээсинин паспорту;
- туугандыгын ырастаган документ (нике тууралуу күбөлүк);
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген санарип форматтагы жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк же өлгөндүгүн каттоо тууралуу актыны жазуудан көчүрмө же болбосо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалымкат.
8. Арыз автоматтык түрдө маалыматтык системага катталган күндөн тартып 14 жумушчу күнүнөн ашпаган мөөнөттө каралууга тийиш.
Көмүү жайын брондоо жөнүндө арыз катталган учурдан тартып жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тиешелүү чечим кабыл алганга чейин суралган жай убактылуу брондолгон болуп эсептелет. Ушул мезгилдин ичинде ал башка жактарга берилбейт. Брондоодон баш тартылган учурда баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан тартып убактылуу брондоо жокко чыгарылат.
9. Жубайы мурда жерге берилген жайга жанаша жайды брондоо, брондоонун наркы толук төлөнгөндөн кийин гана жүргүзүлөт. Акы төлөнгөндөн кийин арыз ээси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат менен брондоо боюнча келишим түзөт. Төлөнгөн каражаттар кайтарылууга жатпайт.
10. Көмүү жайларын брондоо мөөнөтүн узартуу электрондук арыз боюнча колдонуудагы мөөнөт аяктаганга чейин 3 ай калгандан кечиктирилбестен ишке ашырылат. Арыз жок болсо брондоо жокко чыгарылды деп эсептелет.
Көмүү жайларын брондоо мөөнөтү 10 жыл, кийин ушундай эле мезгилге узартуу мүмкүнчүлүгү менен.
11. Акы төлөө фактысы квитанция же онлайн чек менен ырасталат, анын көчүрмөсү келишимге тиркелет.
Көмүү жайларын брондоо акысы арыз ээси тарабынан накталай же накталай эмес формада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын эсебине төлөнөт. Мында акы төлөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан оң чечим кабыл алынгандан кийин, бирок брондоо келишими түзүлгөнгө чейин жүргүзүлөт.
12. Брондоо келишиминде төмөнкүлөр камтылышы керек:
- тараптардын реквизиттери;
- брондоонун шарттары;
- тараптардын жоопкерчилиги жана башкалар маселелер.
13. Жасалма брондоо деп жасалма документтерди же жалган маалыматтарды пайдалануу менен же андан ары үчүнчү жактарга өткөрүп берүү максатында келишимди жол-жоболоштуруу таанылат. Мындай фактылар аныкталган учурда келишим жокко чыгарылат, ал эми жасалма брондоого жол берген адамдар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
4-глава. Көмүү жайларын брондоодон баш тартуу үчүн негиздер
14. Көмүү жайларын брондоодон баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) сөөгү жерге берилген жубайынын жанында бош жайдын жоктугу;
2) төмөнкү ырастоочу документтердин жоктугу:
- арыз ээсинин паспорту;
- туугандыгын ырастаган документ (нике тууралуу күбөлүк);
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген санарип форматтагы жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк же өлгөндүгүн каттоо тууралуу актыны жазуудан көчүрмө же болбосо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалымкат;
3) мурда белгиленген брондоо эрежелерин бузуу.
15. Көмүү жайларын брондоодон баш тартылган учурда арыз ээси кабыл алынган чечимге төмөнкүлөргө арыздануу жолу менен даттанууга укуктуу:
1) арызды кайра кароо өтүнүчү менен баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматка;
2) же болбосо ушундай кайрылууларды кароого ыйгарым укуктуу жогору турган мамлекеттик органга.
Даттануу "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана мөөнөттө жазуу жүзүндө же электрондук формада берилет.
Сотко чейинки даттанууну берүү арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сот органдарына кайрылуу укугун жокко чыгарбайт. Сот тартибинде даттануу баш тартуу жөнүндө чечимди же сотко чейинки даттанууга жоопту алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
5-глава. Каражаттардын пайдаланылышын контролдоо жана отчеттуулук
16. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат брондоо акысын төлөөнүн эсебинен келип түшкөн каражаттардын өзүнчө эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.
Бул каражаттарды пайдалануу боюнча жыл сайын отчет берилиши керек. Отчет тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтында же маалымат такталарында жайгаштырылат жана коомчулук үчүн жеткиликтүү болот.
17. Көмүү жайларын брондоодон келип түшкөн каражаттар көрүстөндөрдү көрктөндүрүү, күтүү жана өнүктүрүү менен байланышкан иш-аракеттерди максаттуу каржылоого жумшалышы мүмкүн. Мындай багыттарга төмөнкүлөр кирет:
1) көрүстөндөрдүн инфраструктурасын (жолдорду, жарыктандырууну, тосмолорду) күтүү жана жакшыртуу;
2) жашылдандыруу жана бак-дарактарга кам көрүү;
3) суу менен жабдууну жана санитардык абалды камсыз кылуу;
4) көмүү жайларынын электрондук реестрин түзүү;
5) көмүүнүн тиешелүү шарттарын камсыз кылуу менен түздөн-түз байланышкан башка чыгымдар.
18. Көмүү жайларын брондоодон келип түшкөн каражаттардын пайдаланылышын контролдоо жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат.
19. Көмүү жайларын брондоодон келип түшкөн каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралган.
6-глава. Кошумча жоболор
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) көмүү үчүн бош жайлардын абалын, аларды эсепке алууну жана пайдаланууну контролдоого;
2) көрүстөндөрдө бош жайлардын бар экендиги, брондоо мөөнөттөрү жана байланыш маалыматтары жөнүндө көмүү жайларынын электрондук реестрин жүргүзүүгө. Маалыматтар кварталда бир жолудан кем эмес жаңыланат. Эсепке алуу тартибин бузуу кызмат адамдарынын жоопкерчилигине алып келет.
21. Тараптар көмүү жайларын брондоого байланышкан бардык талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр аркылуу чечет жана пикир келишпестиктерди жөнгө салуу мүмкүн болбогон учурда соттук тартипте чечилет.
22. Ушул Тартиптин жоболорун бузгандыгы үчүн күнөөлүү жооптуу кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик же башка жоопкерчилик тартат.
Көмүү жайын брондоо жөнүндө типтүү келишим
1. Келишимдин тараптары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (же маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат )
мындан ары “Аткаруучу” деп аталуучу, атынан
негизинде иш алып баруучубир тараптан, мындан ары “Заказчы” деп аталуучу, паспорту: сериясы ________
№ , датасы ___________ тарабынан берилген,
дареги боюнча жашаган __________ экинчи тараптан, мындан ары бирге “Тараптар” деп аталып төмөнкү келишимди түздү:
2. Келишимдин предмети
Аткаруучу Заказчынын каза болгон жубайынын (аты-жөнү)
сөөгү көмүлгөн жайдын жанына кийин Заказчыны көмүү максатында
дареги боюнча жайгашкан
көрүстөндүн аймагындагы жердин бош участогун брондоого милдеттенет, ал эми Заказчы брондоо үчүн акы төлөөгө жана ушул келишимдин шарттарын сактоого милдеттенет.
3. Брондоо шарттары
3.1. Брондоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген санарип форматтагы жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк же өлгөндүгүн каттоо тууралуу актыны жазуудан көчүрмө же болбосо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалымкат;
– туугандыгын ырастаган документ (нике күбөлүгү же башка);
– Заказчынын инсандык күбөлүгү.
3.2. Жай 10 жылдык мөөнөткө брондолот.
3.3. Заказчыга бул жайга болгон укукту ээликтен ажыратууга, үчүнчү жактарга сатууга, берүүгө же өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
3.4.Заказчы брондолгон жайды пайдалануудан баш тарткан учурда төлөнгөн каражаттар кайтарылбайт.
4. Төлөө тартиби
4.1. Брондоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасы сомду түзөт
4.2. Акы төлөө акча каражаттарын бир жолу төлөө менен жүргүзүлөт.
4.3. Аткаруучунун эсебине каражаттар келип түшкөн дата акы төлөнгөн учур деп эсептелет.
5. Тараптардын укуктары жана милдеттери
5.1. Заказчы төмөнкүлөргө милдеттенет:
– зарыл болгон документтерди берүүгө;
– толук көлөмдө акы төлөөгө;
– көрүстөндүн эрежелерин сактоого.
5.2. Аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
– акы төлөнгөн учурдан тартып жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө брондоого;
– Заказчыга ырастоочу документти берүүгө.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
Ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Келишимди колдонуу мөөнөтү
Ушул келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана
чейин колдонулат.
8. Келишимди токтотуу
8.1. Ушул келишим төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
– Тараптардын макулдашуусу боюнча;
– Заказчынын демилгеси боюнча – бузуу болжолдонгон датага чейин _____календардык күндөн кем эмес убакытта Аткаруучуга кабарлоо менен. Ошол эле учурда төлөнгөн каражаттар кайтарылбайт;
– Аткаруучунун демилгеси боюнча – Заказчы тарабынан берилген жасалма же анык эмес документтер аныкталган же алар ушул келишимдин шарттарын бузган учурда;
– келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаса, эгерде ал узартылбаса;
– Заказчы каза болгон жана сөөгү кийин башка жайга көмүлгөн учурда;
– Тараптардан көз каранды болбогон себептер боюнча келишимди аткаруу мүмкүн болбогон учурда (форс-мажор, көрүстөндү жоюу, мыйзамдарды өзгөртүү ж.б.).
8.2. Келишим Заказчы тараптан бузууларга байланыштуу эмес, Аткаруучунун демилгеси боюнча токтотулган учурда төлөнгөн акча каражаттары толук көлөмдө кайтарылууга тийиш.
9. Башка шарттар
9.1. Ушул келишим боюнча келип чыккан бардык талаш-тартыштар мыйзамдарда белгиленген тартипте чечилүүгө тийиш.
9.2. Ушул келишим эки нускада түзүлдү, алар бирдей юридикалык күчкө ээ жана ар бир Тарап үчүн бирден берилет.
10. Тараптардын реквизиттери
Аткаруучу: Заказчы:
Аталышы:________________________ | Аты-жөнү: |
Дареги: | Дареги: |
ИСН/ОКПО: ______________________ | Паспорту: |
Тел.: ____________________________ | Тел.: |
Өкүлү: | Колу: |
Колу: /М.О./ |
|