Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы
2026-жылдын 14-сентябры № 76
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык, айыл аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун сунушун карап жана талкуулап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Андиген” таза суу линиясына караган 20340 км темир труба жана 1660 км асбес трубасы, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн балансына (мүлкү катары ) алынсын.
2. Ак-Татыр айыл аймагында жайгашкан таза суу түтүктөрү жана ага тиешелүү суу менен камсыздоо тармактары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
3. Төмөнкү таза суу түтүктөрү айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп кабыл алынсын:
1) жайгашкан жери: Ак-Татыр айылы;
түтүктүн жалпы узундугу: 24160 метр;
темир түтүкчөсү : 22500 км;
түтүктүн диаметри: 370 дм;
Асбес түтүкчөсү: 2460 мм;
түтүктүн диаметри: 250 дм;
курулган жылы: 1990-жылы;
баланстык наркы: 17 982 000 сом;
2) Жайгашка жери: Орто-Боз айылы;
Түтүктүн жалпы узундугу: 2200 мт
Асбес түтүкчөсү: 100 дм;
баланстык наркы: 440 000 сом;
3) баланстык баасы; 18 422 000 сом
4.Айыл өкмөтүнүн башчысына аталган таза суу түтүктөрүн тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде айыл өкмөтүнүн балансына киргизүү жана бухгалтердик эсепке алуу тапшырылсын.
5.Таза суу түтүктөрүнүн техникалык абалын аныктоо, зарыл болгон учурда оңдоо иштерин жүргүзүү жана мындан ары талаптагыдай пайдаланылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
8.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
9.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
10.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага
Т.Исманов