Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы
2026-жылдын 14-сентябры № 77
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жеке менчикке сатылган жерлердин иш-кагаздарын мыйзамдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсун карап жана талкуулап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы, дареги: Орто-Боз, Ак-Татыр жана Рават айылдарынан жолдун боюнан жеке менчикке сатылган жер тилкесине тиешелүү документтерин мыйзамда белгиленген тартипте жол-жоболоштуруу тапшырылсын.
2. Жер тилкесин сатуу Кыргыз Республикасынын жер кодексине жана муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3.Айыл өкмөтүнүн башчысына жер тилкесин баалоону уюштуруу, сатуу жана сатылган жер тилкелеринин иш-кагаздарын мыйзамда белгиленген тартипте жол-жоболоштуруу тапшырылсын.
4.Жер тилкесин сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат мыйзамдарда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
7.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
9.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу
Төрага
Т.Исманов