Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы
2026-жылдын 14-сентябры № 78
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылына чакан суу сактагыч (БСР) курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” 2025-жылдын 18-июлундагы №149, 14-берене.Жерлерди максаттуу багытын белгилөө жана өзгөртүү жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы негизинде Шаар куруу жана архитектура департаментинин Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2026-жылдын 21-сентябрындагы №314 сандуу корутундусун карап жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылында мамлекеттик менчикте турган №5731-контурундагы -10,0 га таштуу жайыт жер аянтына чакан суу сактагыч (БСР) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын транспорттун, байланыштын, энергетиканын , коргоонун жерлери ж.б. багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформация) кылууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын ишке ашырып берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясы жана Баткен регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармасынан жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Баткен филиалынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссия төрагасы М.Халмурзаевге жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага
Т.Исманов