Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 30-сентябры № 339
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Инвестицияларды тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлорго көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, коррупциянын алдын алуу системасынын натыйжалуу иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жободо:
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызматтарды көрсөтүүгө;»;
- 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
«- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштеши үчүн жоопкерчилик тартат;».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:
1) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 74 (3834) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |