Редакцияот 30.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 30-сентябры № 658

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592  «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28, 29-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:

– 10-пунктта «Байтик баатыр көчөсү, 4а» деген сөздөр «Жусуп Абдрахманов көчөсү, 108» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 231-пунктча менен толукталсын:

«231) капиталдык салымдар түрүндө МБКнын иш чөйрөсүндөгү объекттерди куруу, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо, объекттер үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча мамлекеттик заказчы катары чыгууга;».

 

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 74 (3834) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев