Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 22-сентябры № 13-21-16
“КРАЭ-14, I бөлүм “Аэродромдор” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бирдейлигин камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык, “КРАЭ-14, I бөлүм “Аэродромдор” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине: - ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын; - күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн; - катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин Тоо” газетасына жарыяласын. 3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору “КРАЭ-14, I бөлүм “Аэродромдор” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алсын. 4. Ушул буйруктан келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу мамлекеттик органдар жана жарандык авиация уюмдары тарабынан бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылары белгиленсин. 5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 3 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери “КРАЭ-14, I бөлүм “Аэродромдор”» күчүн жоготту деп табуу сунушталсын. 6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн. |
Директор |
| Д.К. Бостонов |