Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-сентябры № 656
2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу 2026-жылдын 30-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу 2026-жылдын 30-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кол коюлган расмий тилде тиркелген протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну жана Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп саналган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Макулдашууда жана Протоколдо көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө өзбек тарапка кабарласын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 74 (3834) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |