Редакцияот 10.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 10-февралы № 2

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Г.С. Касманкулованын маалыматын угуп, ошондой эле Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2026–2028-жылдарга бюджетинин болжолун карап чыгып, Ынтымак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү:

1.1. Киреше бөлүгү 46790,4 миң сом суммасында, анын ичинде:

- өздүк каражаттар — 37987,7 миң сом;

- теңдөөчү грант — 6244,3 миң сом;

- атайын эсептин каражаттары — 2558,4 миң сом,

№ 1 тиркемеге ылайык.

1.2. Чыгаша бөлүгү 46790,4 миң сом суммасында, анын ичинде:

- бюджеттик каражаттар — 44232,0 миң сом;

- атайын эсептин каражаттары — 2558,4 миң сом,

№ 2 тиркемеге ылайык.

2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө түшкөн кирешелердин чегинде, биринчи кезекте корголгон чыгаша беренелерин, анын ичинде эмгек акы төлөөгө кеткен чыгашаларды каржылоо менен жүргүзүлсүн деп белгиленсин.

3.Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2027–2028-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча бюджеттик болжолун бекитүү:

Жыл

Киреше бөлүгү

Чыгаша бөлүгү

2027

43544,5 миң сом (анын ичинде атайын эсептин каражаттары — 2558,4 миң сом)

43544,5 миң сом

2028

46822,5 миң сом (анын ичинде атайын эсептин каражаттары — 2558,4 миң сом)

46822,5 миң сом

4. Токтом Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө күчүнө кирет.

5. Токтом Ынтымак айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Чүй – Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

2026-жылдын 12-июлунда https://yntymak-ao.gov.kg/documents/%d1%8b%d0%bd%d1%82%d1%8b%d0%bc%d0%b0%d0%ba-%d0%b0%d0%b9%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%ba-%d0%ba%d0%b5%d0%bd%d0%b5%d1%88%d0%b8%d0%bd%d0%b8%d0%bd-2026-%d0%b6%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%bd-10-%d1%84%d0%b5/ расмий сайтында жарыяланды

6. Токтомдун аткарылышын Ынтымак айылдык кеңешинин каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

________________

Таркатылсын: иш кагаздарына, ФЭБ, КР Юстиция министрлиги, КР Финансы министрлигинин Жайыл райондук бөлүмү, финансы маселелери боюнча комиссия

 

 

Төрага

К. Асанов

 

 

№ 1 тиркеме

Ынтымак

айылдык кеңешинин Токтому

«10»_02_ 2026-жыл № 2

 

Ынтымак айыл аймагынын Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджетинин

киреше бөлүгү Жайыл району Чүй облусу

 

Элементтер

Киреше беренелеринин аталышы

Суммасы,

миң. сом

11111100

Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы

18855,6

11122300

Патенттик негиздеги салык

50,0

11311100

Ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык

223,3

11311200

Ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлккө салык 2 топ

1500

11321

Жер салыгы

1183,9

11321100

Үйгө жанаша жайгашкан, короо-жай жана бакча-огород жер участогуна мүлк салыгы

483,9

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгы

700,0

14152

Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөм

16005,9

14152100

Калктуу конуштардагы жерди ижарага алгандыгы үчүн төлөм

359,9

14152200

Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн жыйым

100,0

14152600

Айыл чарба багытындагы мамлекеттик жер фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы

15546,0

14211

Муниципалдык менчикте турган мүлкү үчүн ижара

акысы

169,0

14211200

Муниципалдык менчикте турган жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана техниканы ижарага алуу акысы

169,0

 

Жыйынтыгы

37987,7

14232400

Мектепке чейинки жана мектептик мекемелер тарабынан кошумча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм

2558,4

 

Атайын каражаттар менен жалпысынан

40546,1

13321100

Теңдөөчү трансферттер

6244,3

 

Бардык кирешелер

46790,4

 

Ынтымак айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы м.а

 

Жылдызбек кызы Мериза

 

 

№ 2 тиркеме

Ынтымак

айылдык кеңешинин Токтом

«10»_02_ 2026-жыл № 2

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылдык аймагынын

Жайыл районунун Чүй облусунун бюджетинин чыгаша бөлүгү

 

№ п/п

Бөлүмдүн аталышы

Суммасы,

миң. сом

1

70111 Аппарат

12704,9

2

702222 ӨК

150,0

3

70629 Турак жай-коммуналдык чарба

15411,6

4

70821 Китепкана

1470,0

5

70823 Маданият үйү

4935,4

6

70824 Музей

448,5

7

70911 Билим берүү

8085,0

8

710 Социалдык коргоо

1026,6

 

Жыйынтыгы:

44232,0

9

70921 Мектепке чейинки билим берүү мекемеси

2558,4

 

Бардык чыгымдар

46790,4

 

Ынтымак айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы м.а

 

Жылдызбек кызы Мериза