Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 7-сентябры № 13-21-13
«Аба кыймылын тейлөө КРАЭ-11.» Кыргыз Республикасынын
Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бирдейлигин камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык, «Аба кыймылын тейлөө КРАЭ-11. » Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери мамлекеттик жана расмий тилдерде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмү:
– бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
– бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору «Аба кыймылын тейлөө КРАЭ-11.» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине күчүн жоготту деп табуу сунушталсын:
- 2016-жылдын 27-январындагы № 1 «Аба кыймылын тейлөө КРАЭ-11.» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругунун 1-пунктунун 12-абзацы;
- 2020-жылдын 29-октябрындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” 2016-жылдын 27-январындагы № 1 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин буйругу.
5. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин штаттык санынын жана тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 67 (3827) саны менен жарыяланды
7. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Директор | Д.К. Бостонов |
2026-жылдын 3-сентябрында
расмий сайтында жарыяланды