Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-сентябры № 633
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
–.2-главанын 6-пунктчасы «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик» деген сөздөр менен толукталсын;
–.4-главанын 3-пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы,» деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:
–.1-главанын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«–.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;»;
– 2-главанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«–.Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин;»;
– 3-главада:
алтынчы, он биринчи, он төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
«Мамлекеттик ипотекалык турак жай курулушу жана кредит берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.»;
– 4-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
–.Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
–.Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин;
–.Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин;
– Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин;
–.Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин;
–.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
–.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин;
–.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
–.Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын;
–.Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын (санариптик трансформациялоо маселелери боюнча);
– «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору» мекемесинин;
–.«Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин;
–.«Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесинин;
– «Кыргыз Республикасынын «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезити» мекемесинин;
–.Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын;
–.Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын;
–.белгиленген компетенциянын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн.
Санариптештирүү жана санариптик башкаруу, электр жана почта байланышы, архив иши, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, автомототранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.».
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |