Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 644 токтомуна) |
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык жергиликтүү коомчулуктардын демилгелерин жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылоо тартибин аныктайт.
2. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду (мындан ары - фонд) жергиликтүү кеңештин чечими менен аныкталган жергиликтүү бюджеттин каражаттарын билдирет, алар жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын курамында каралат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын аймагында жашаган же турган жеке жана юридикалык жактардын демилгеси боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн долбоорлорду каржылоого багытталат.
3. Фонддун максаты жергиликтүү коомчулукту социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга, жарандардын жашоосунун сапатын жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, шаардын/айыл аймагынын жашоочуларынын социалдык биримдигин чыңдоого жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоо болуп саналат.
4. Фонд өзүнүн ишин мыйзамдуулук, ачыктык, ачык-айкындуулук, жергиликтүү коомчулуктун алдында айкындык жана отчеттуулук, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу, сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүргүзөт.
5. Фонддун каражаттары долбоордук өтүнмөлөрдү алдын ала тандоо боюнча комиссиянын чечимине ылайык конкурстук негизде берилет.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (мындан ары - ЖӨБ) органы фонддун каражаттарын башкы тескөөчү болуп саналат.
7. Фонддун каражаттары жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин, анын ичинде жарандык, жаштардын жана мектеп демилгелерине жумшалат.
8. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) жарандык демилгелер - коомдук маанидеги проблемаларды чечүү, жашоо сапатын жакшыртуу жана жарандык коомчулукту бекемдөө үчүн жарандар тарабынан демилгеленген долбоорлор;
2) жергиликтүү коомчулуктун демилгечи тобу (демилгечи топ) - жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фондунун эсебинен каржылануучу долбоорду ишке ашырууда жалпы кызыкчылык менен бириккен кызыкдар жеке жана юридикалык жактардын тобу;
3) жаштардын демилгелери - жаштардын өкүлдөрү тарабынан демилгеленген, анын потенциалын ачууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга көмөк көрсөтүүчү долбоорлор;
4) коомдук маанидеги долбоорлор - коомдук муктаждыктарды канааттандырууга багытталган, жергиликтүү коомчулук үчүн оң таасир тийгизген долбоорлор;
5) долбоор - демилгечи топ тарабынан сунушталган жана белгиленген мөөнөттө каржылоонун бекитилген көлөмүнүн чегинде ишке ашырылуучу, тиешелүү аймактын жашоочулары үчүн коомдук пайдалуу натыйжага жетүүгө багытталган өз ара байланышкан иш-чаралардын комплекси;
6) долбоордук өтүнмө - ушул Жободо каралган эрежелерге ылайык жергиликтүү коомчулуктардын демилгелерин тандоого катышуу үчүн демилгечи топ тарабынан ЖӨБ органына берилүүчү документтердин комплекти;
7) жарандардын жыйналыштары (чогулуштары) - сунушталган демилгелерди биргелешип талкуулоо жана ошол же башка маселелер боюнча өзүнүн пикирин ЖӨБ органдарына берүү менен тиешелүү аймактын жашоочуларынын жергиликтүү коомчулуктун жашоо-тиричилигине байланышкан маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышуу формасы;
8) мектептин демилгелери - жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин) окуучулары тарабынан окуу процессин камсыз кылуу жана мектептин инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн демилгеленген жана мектептин жетекчилигинин атынан фондуна сунушталган долбоорлор.
2-глава. Фонддорду түзүү жана иштөө тартиби
9. Фонд юридикалык жак статусуна ээ эмес.
10. Фонд жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде түзүлөт.
11. Фонддун каражаттарынын жалпы көлөмү жыл сайын тиешелүү жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин жалпы көлөмүнөн жергиликтүү кеңештин чечими менен каралат.
Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү коомчулукту социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын артыкчылыктарына ылайык фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого укуктуу.
12. Эгерде алар жергиликтүү бюджеттин курамына киргизилсе, эл аралык жана башка уюмдардын, ыктыярдуу кайрымдуулуктардын каражаттарынын эсебинен фонддун каражаттарынын көлөмүн көбөйтүүгө уруксат берилет.
Мындай каражаттарды жергиликтүү бюджеттердин курамына киргизүү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен аныкталат.
13. Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү бюджетти аткаруу тартибине ылайык бюджеттик классификациялоо элементтери боюнча чыгымдарды кошуу менен жүргүзүлөт.
14. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланган объекттер муниципалдык менчиктин объекттери болуп саналат. Бул объекттерди башкаруу Кыргыз Республикасынын муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.
15. Фонддун эсебинен билдирилген долбоорду ишке ашырууга байланышпаган чыгымдарды (өтүнмө ээси тарапка эмгек акыны же башка сый акыны төлөө, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө, салыктарды, жыйымдарды төлөө, кредиттер жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди төлөө жана тейлөө) каржылоого уруксат берилбейт.
16. Төмөнкү долбоорлор каралбайт:
1) долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну талап кылган;
2) долбоор каржылоонун кошумча булактарын тартуу менен ишке ашырылуучу учурларды кошпогондо, наркы жергиликтүү кеңештин чечими менен белгиленген чектүү суммадан ашкан;
3) аларды ишке ашыруу ЖӨБ органынын компетенциясына кирбеген;
4) айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизген.
17. Долбоорлор боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
18. Кезектеги бюджеттик жылга бюджет жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилгенден жана фонддун каражаттарынын өлчөмдөрү аныкталгандан кийин ЖӨБ органы өзүнүн расмий сайтында, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын аймагында жашаган же турган жашоочуларга долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө маалымдайт.
19. Кийинки жылга өтүнмөлөрдү берүү башталган мөөнөт ушул жылдын 1-майынан кечиктирбестен белгиленет.
20. Кийинки жылга өтүнмөлөрдү берүү аяктаган мөөнөт ушул жылдын 31-августунан кечиктирбестен белгиленет.
21. ЖӨБ аткаруу органы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары коммерциялык эмес уюмдардын жана жергиликтүү активисттердин колдоосу менен фонддун иштөө эрежелери жөнүндө маалыматтык өнөктүктү уюштурат жана демилгечи топторду түзүүгө көмөк көрсөтөт.
22. Демилгечи топ ушул Жобонун 1-тиркемесинде берилген форма боюнча долбоордук өтүнмөнү иштеп чыгат.
23. Демилгечи топ долбоордук өтүнмөнү ЖӨБ аткаруу органында каттайт. Каттоо формасы ушул Жобонун 2-тиркемесинде берилген.
24. Демилгечи топ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ЖӨБ органынан жана подрядчыдан долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты сурап алууга;
2) долбоорду ишке ашыруу процессинде мониторинг жүргүзүүгө;
3) долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдоого;
4) долбоорду даярдоодо жана ишке ашырууда ЖӨБ аткаруу органы менен макулдашуу боюнча башка аракеттерди аткарууга.
25. ЖӨБ аткаруу органы долбоорлорду каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин 30 (отуз) календардык күндүн ичинде долбоорду ишке ашыруу пландалган аймакта жергиликтүү коомчулуктун жарандарынын жыйналышын (чогулушун) уюштурат.
26. Долбоор жарандардын жыйналышында (чогулушунда), эгерде ага жыйналышка (чогулушка) катышкандардын көпчүлүгү добуш берсе, жактырылды деп эсептелет.
27. Жарандардын жыйналышында (чогулушунда) жактырылган тизме протокол менен таризделип, ЖӨБ аткаруу органына жөнөтүлөт жана коомдук маалымдоонун ар түрдүү булактары аркылуу жарыяланат.
28. ЖӨБ аткаруу органы жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин түзүүнүн жана илгерилетүүнүн, ошондой эле долбоорлорду алдын ала тандоонун башка методдорун өз алдынча аныктоого укуктуу.
Негизги шарт болуп жарандардын максималдуу маалымдалышы жана долбоордук өтүнмөлөрдү тандоо процессине катышуусу эсептелет.
29. ЖӨБ органы маалымдоо методдору катары кошумча электрондук добуш берүүнү, коомдук талкуулоону, санариптик платформаларды, онлайн сурамжылоону жана ЖӨБ органдары тарабынан аныкталган башка формаларды колдоно алышат.
30. Долбоорду ишке ашыруу ЖӨБ органынын ыйгарым укуктарына жана бюджеттик жол-жоболорго ылайык келбесе, ЖӨБ аткаруу органы долбоорду өзгөртүү боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө укуктуу.
Мындай учурда демилгечи топ долбоорлорду каттоо аяктаган күндөн тартып 5 (беш) календардык күндүн ичинде аныкталган сын-пикирлерди жоюп, долбоордук өтүнмөнү ЖӨБ аткаруу органына кайрадан киргизүүгө укуктуу.
31. ЖӨБ аткаруу органы долбоорлорду баалоо жана акыркы тандоо үчүн курамында кеминде 3 (үч) адам болгон комиссияны түзөт жана төраганы дайындайт.
Комиссиянын ишине төмөнкү адамдардын катышуусу милдеттүү болуп саналат:
1) ЖӨБ аткаруу органынын өкүлү;
2) жергиликтүү кеңештин депутаты;
3) коммерциялык эмес уюмдун өкүлү.
32. ЖӨБ аткаруу органынын жетекчиси комиссиянын иш тартибин бекитет.
33. Долбоорлорду алдын ала тандоо боюнча комиссияны түзүүдө ЖӨБ аткаруу органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 "Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун айрым маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобонун ченемдерин колдоно алат.
34. Долбоорлорду тандоо баалоонун негизинде жүргүзүлөт, ал комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан критерийлерге ылайык балл түрүндө коюлат. Баллдар менен критерийлердин тизмеси ушул Жобонун 3-тиркемесинде берилген.
35. Комиссиянын төрагасынын чечими менен долбоорлорду баалоо боюнча комиссиянын жыйналышын онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.
36. Ар бир долбоор үчүн бардык комиссия мүчөлөрүнүн баалоо баракчаларынын негизинде конкреттүү долбоорго карата орточо баллдын мааниси аныкталат. Баалоонун негизинде 50 жана андан жогору балл алган долбоорлор аныкталат. "Эң жогорку баллдан төмөнкүгө карай" принциби боюнча долбоорлордун рейтинги түзүлөт.
37. Комиссия рейтингдин негизинде эң көп балл топтогон жана жалпы бюджети фондго каралган бекитилген көлөмдөн ашпаган долбоорлорду аныктайт.
38. Комиссия тандалган долбоорлордун тизмесине баалоо рейтингинде кийинки орундарды ээлеген резервдик долбоорлорду киргизүүгө укуктуу. Резервдик долбоорлордун саны комиссия тарабынан аныкталат. Бул резервдик долбоорлор тандалган долбоорлор ишке ашпай калган учурда зарыл.
39. Долбоорлорду бекитүү жөнүндө комиссиянын чечими комиссияга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда комиссиянын төрагасынын пикири чечүүчү болуп саналат. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын чечиминин протоколу ЖӨБ аткаруу органынын жетекчисине кароого жана жактырууга жөнөтүлөт.
40. ЖӨБ аткаруу органынын жетекчиси комиссиянын чечими менен жактырылган долбоорлордун тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок. Комиссия тарабынан ушул Жобонун талаптарын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда ЖӨБ аткаруу органынын башчысы бузууларды оңдоонун зарылдыгы жөнүндө комиссияга маалымдайт же болбосо конкурсту токтотуу жана жаңы конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
41. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси ЖӨБ аткаруу органынын сайтына жарыяланат (техникалык мүмкүнчүлүк болгондо), ошондой эле маалымат такталарына же башка коомдук маалымдоонун башка булактарына жайгаштырылат.
42. Бекитилген долбоорлор боюнча тиешелүү техникалык жана финансылык документтерди даярдоону колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен ЖӨБ аткаруу органы ишке ашырат.
3-глава. Долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү
43. ЖӨБ аткаруу органы жергиликтүү кеңешке жана демилгечи топко долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты 6 айда 1 жолудан кем эмес же демилгечи топтун талабы боюнча берет.
44. ЖӨБ аткаруу органы долбоордун натыйжаларына жетүү жана фонддун каражаттарынын натыйжалуу сарпталышы боюнча жергиликтүү кеңешке отчет берет.
45. Долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча төмөнкү деңгээлдер белгиленген:
1) жергиликтүү кеңеш ушул Жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
2) ЖӨБ аткаруу органы долбоорду ишке ашыруунун алкагында иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
3) демилгечи топ долбоордун ишке ашырылышына өз алдынча мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого укуктуу.
46. ЖӨБ аткаруу органы фонддун иши жөнүндө маалыматтын жарандар үчүн ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
4-глава. Долбоорлорду ишке ашыруудагы жоопкерчилик
47. Аткарылган иштердин сапатын контролдоо жана ишке ашырылган долбоорлордун алкагында объекттерди пайдаланууга кабыл алуу ЖӨБ органына жүктөлөт.
48. Долбоорлорду ишке ашырууда ЖӨБ аткаруу органдары төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) мыйзам ченемдерин сактоо, анын ичинде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жумуштарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашыруу;
2) долбоорлорду ишке ашырууга багытталган фонддун каражаттарды максаттуу пайдалануу.
Ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда ЖӨБ аткаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
|
| Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Долбоордук өтүнмөнүн формасы
1. Демилгечи топ:
_____________________________________________
_____________________________________________
_____________________________________________
2. Долбоордун аталышы.
3. Долбоордун максаты жана кыскача сыпаттамасы.
4. Долбоордун бюджети:
№ | Чыгымдардын аталышы | Күтүлгөн чыгымдар | Суралган сумма | Жеке салымы (эгерде болсо) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5. Долбоордун туруктуулугу боюнча сунуштар (долбоор аяктагандан кийин объектти ким каржылайт).
6. Ишке ашыруу планы:
№ | Иш-аракет | Мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжа |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
7. Долбоордон ким пайда алат? (керектүүсүнүн алдын сызыңыз)
1) өтүнмө берүүчү жана анын жакындары;
2) бир нече үй-бүлө;
3) бардык айыл, айыл аймагы, шаар.
8. Долбоордо инновациялар барбы? (эгер бар болсо, анда кайсылар)
9. Жумуш орундары түзүлөбү? (керектүүсүнүн алдын сызыңыз)
1) долбоордун өтүнмө ээлери үчүн гана жумуш орундары;
2) өтүнмө ээлеринин жумуш орундарынан тышкары кошумча жумуш орундары түзүлөбү.
10. Долбоор жарандардын аялуу топторунун социалдык проблемаларын чечүүгө багытталганбы? (керектүүсүнүн алдын сызыңыз).
1) жок, долбоор жарандардын аялуу топторунун социалдык проблемаларын чечпейт;
2) ооба, долбоор жарандардын аялуу топторунун социалдык проблемаларын чечет (бул проблемалар кантип чечилери жөнүндө жазыңыз)
11. Арыз берүүчү жарандардын төмөнкү топторуна киреби: майыптыгы бар адамдар, көп балалуу энелер, балдарды күйөөсү жок тарбиялаган энелер, аз камсыз үй-бүлө статусуна ээ болгондор? (керектүүсүнүн алдын сызыңыз)
1) жок, кирбейт;
2) ооба, кирет (ырастоочу документтин көчүрмөсүн тиркеңиз).
12. Долбоор экологиялык проблемаларды чечеби же климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселесин чечеби? (керектүүсүнүн алдын сызыңыз)
1) жок, экологиялык проблемаларды чечпейт жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу менен байланышкан эмес;
2) ооба, экологиялык проблемаларды чечет жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу менен байланышкан (конкреттүү иш-аракеттерди сыпаттап бериңиз).
|
| Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Долбоордук өтүнмөлөрдү каттоо формасы
№ | Долбоордук өтүнмөнүн аталышы | Долбоорду ишке ашыруу аймагы | Демилгечи топтун өкүлүнүн байланыш маалыматтары (тел., дареги) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Долбоорлорду тандоо критерийлери
№ | Критерийдин аталышы | Критерийдин сыпаттамасы | Балл |
1 | Жашоону жакшыртууга долбоордун таасири | Бир конкреттүү үй-бүлө үчүн | 5 |
Жакын жашаган бир нече үй-бүлө үчүн | 10 | ||
Айылдын, айыл аймагынын, шаардын бардык жашоочулары үчүн | 20 | ||
2 | Долбоордо инновациялардын болушу | Инновациялардын жоктугу | 5 |
Инновациялардын болушу | 10 | ||
3 | Долбоор жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт | Долбоордун демилгечилери үчүн гана жумуш орундары | 5 |
Кошумча жумуш орундары бар | 15 | ||
4 | Долбоор жарандардын аялуу топторунун социалдык проблемаларын чечүүгө багытталган | Жок, жарандардын аялуу топторунун социалдык проблемаларын чечпейт | 5 |
Ооба, жарандардын аялуу топторунун проблемаларын чечет | 20 | ||
5 | Долбоор жарандардын аялуу топторунун өкүлдөрү: майыптыгы бар адамдар, көп балалуу энелер, балдарды күйөөсү жок тарбиялаган энелер, аз камсыз болгон үй-бүлө статусуна ээ болгондор тарабынан демилгеленген | Жок | 5 |
Ооба | 20 | ||
6 | Долбоор экологиялык проблемаларды чечүүгө, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого багытталган | Жок | 5 |
Ооба | 15 |