Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 1-октябры № 752-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-майындагы № 254 «2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңештин катчылыгы болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |