Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-октябрындагы № 752-т тескемеси менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Демографиялык саясат боюнча кеңеш жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Кеңештин максаттары жана милдеттери
3-глава. Кеңештин функциялары жана ыйгарым укуктары
4-глава. Кеңештин ишин уюштуруу
5-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңештин (мындан ары – Кеңеш) ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
Кеңеш ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, сунуштарды иштеп чыгуу жана мамлекеттик демографиялык саясатты эксперттик коштоо максатында түзүлгөн туруктуу иштөөчү консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2-глава. Кеңештин максаттары жана милдеттери
4. Кеңештин негизги максаттары бирдиктүү мамлекеттик демографиялык саясатты түзүү жана ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана туруктуу демографиялык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, үй-бүлө институтун чыңдоо жана адам капиталын өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий коомчулуктун жана коомдук уюмдардын, башка кызыкдар субъекттердин макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу болуп саналат.
5. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) демографиялык кырдаалды жана тенденцияларды талдоо, калктын көбөйүшүнө таасирин тийгизүүчү негизги демографиялык чакырыктарды жана факторлорду аныктоо, демографиялык өнүгүүнүн болжолдорун даярдоо;
2) мамлекеттик демографиялык жана үй-бүлөлүк саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана аны ишке ашыруунун механизмдерин өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
3) мамлекеттик демографиялык саясатты түзүү жана ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн координациялоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өлкөнү демографиялык өнүктүрүү маселелери боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу;
4) төрөлүүнү жогорулатууну, үй-бүлө институтун чыңдоону, миграциялык процесстерди жөнгө салууну, калкты продуктивдүү иш менен камсыз кылууну, калктын картаюу процессине көнүктүрүүнү, региондук демографиялык диспропорцияларды кыскартууну жана калктын жашоо сапатын жогорулатууну кошкондо демографиялык өнүгүүнүн негизги маселелерин кароо;
5) демографиялык болжолдоонун жана мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун баалоонун илимий негизделген ыкмаларын, заманбап методдорун киргизүүгө, ошондой эле демографиялык өнүктүрүү, үй-бүлөнү колдоо, миграциялык саясат жана адамдык капиталды өнүктүрүү чөйрөсүндө алдынкы эл аралык тажрыйбаны изилдөөгө жана адаптациялоого көмөктөшүү;
6) 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын концепциясын, демографиялык өнүктүрүү жана калк чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды, стратегияларды жана башка программалык документтерди ишке ашыруу боюнча чаралар планын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле алардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо.
3-глава. Кеңештин функциялары жана ыйгарым укуктары
6. Кеңештин негизги функциялары:
1) демографиялык саясат чөйрөсүндөгү улуттук, тармактык жана тармактар аралык стратегиялардын, программалардын, иш-аракеттер пландарынын жана башка документтердин долбоорлорун жана документтерин, анын ичинде төрөлүү, үй-бүлөлүк саясат, миграция, калктын иш менен камсыз болушу, калктын картайышы жана региондук демографиялык өнүктүрүү маселелерин, алардын социалдык-экономикалык таасирин, демографиялык натыйжалуулугун жана ишке ашыруунун туруктуулугун баалоо, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен кароо, талкуулоо жана жактыруу;
2) мамлекеттик демографиялык саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо, төрөттү жогорулатуу, үй-бүлөнү колдоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу, адам капиталын өнүктүрүү жана региондук тең салмактуу өнүктүрүү боюнча чаралар бөлүгүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана макулдашылган аракеттерди камсыз кылуу;
3) демография, үй-бүлөлүк саясат, миграция, калкты иш менен камсыз кылуу жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүн кароо жана талкуулоо, анын ичинде алардын демографиялык көрсөткүчтөргө тийгизген таасирин баалоо;
4) демографиялык өнүктүрүү, үй-бүлөлүк жана миграциялык саясат чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерге, программаларга жана иш-чаралар пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды макулдашуу, ошондой эле мониторингдин натыйжаларын жана өзгөрүп жаткан социалдык-экономикалык шарттарды эске алуу менен аларды оңдоп-түзөө боюнча сунуштарды кабыл алуу;
5) демографиялык саясат маселелери боюнча эл аралык уюмдар, финансылык институттар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын ичинде тажрыйба алмашуу, техникалык жардамдарды тартуу жана демографиялык өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо чөйрөсүндө мыкты эл аралык тажрыйбаларды киргизүү;
6) демографиялык, үй-бүлөлүк, миграциялык жана социалдык саясат чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча демилгелерди кароо, демографиялык чаралардын, анын ичинде үй-бүлөнү жана балдардын төрөлүшүн колдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мыйзамдарга жана ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды макулдашуу;
7) мамлекеттик демографиялык саясатты ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө мамлекеттик органдардын отчетторун туруктуу негизде угуу, максаттуу демографиялык көрсөткүчтөргө жана стратегиялардын жана программалардын индикаторлоруна жетишүүнү талдоо, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) демография жана калк чөйрөсүндө иш-чаралардын пландарын жана программаларын алардын аткарылышынын натыйжаларын, демографиялык тенденцияларды жана өнүгүүнүн болжолдоолорун эске алуу менен оңдоо боюнча сунуштарды кароо жана макулдашуу;
9) төрөлүүнү жогорулатууга, үй-бүлө институтун чыңдоого, миграциялык процесстерди жөнгө салууга жана балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жана финансылык колдоо чараларын кошкондо адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган заманбап социалдык-экономикалык жана институттук механизмдерди киргизүү боюнча сунуштарды кароо;
10) өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүнүн, анын ичинде төрөлүүнүн, өлүмдүн, миграциянын, никелешүүнүн, калктын курактык түзүмүнүн жана региондук демографиялык диспропорциялардын жалпы абалын изилдөө жана талдоо;
11) демография, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана калк чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жакшыртуу боюнча стратегиялык сунуштарды иштеп чыгуу;
12) туруктуу демографиялык өнүгүүнү камсыз кылуу, үй-бүлө институтун чыңдоо, төрөлүүнү жогорулатуу, өлүмдү азайтуу жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча макулдашылган иш-аракеттерди жана программалык мамилелерди иштеп чыгуу;
13) демографиялык өнүктүрүү, үй-бүлөнү жана балалыкты колдоо, активдүү узак жашоо, ошондой эле региондук демографиялык диспропорцияларды кыскартуу жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу маселелери боюнча артыкчылыктуу чараларды макулдашуу;
14) демография, миграция жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу жөнүндө отчетторду даярдоо, жаңылоо жана берүү процесстерин кароо жана баалоо, ошондой эле калк чөйрөсүндө эл аралык программаларды жана демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүү.
7. Кеңеш төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды аткарат:
1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан демографиялык өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтарды, аналитикалык материалдарды жана отчетторду белгиленген тартипте сурайт жана алат;
2) өзүнүн жыйналыштарында Кеңештин мүчөлөрүн, ошондой эле демографиялык саясат маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, илимий уюмдардын, эксперттик коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун жетекчилерин жана өкүлдөрүн угат;
3) демографиялык, үй-бүлөлүк, миграциялык жана социалдык саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберет;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна демографиялык өнүктүрүү жана мамлекеттик демографиялык саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды киргизет, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана башка кызыкдар тараптарга мамлекеттик демографиялык саясатты ишке ашырууга багытталган Кеңештин чечимдерин, ошондой эле анын протоколдук тапшырмаларын аткаруу боюнча сунуштарды жиберет;
5) демография жана калк чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын, стратегиялардын жана мамлекеттик программалардын долбоорлорун иштеп чыгууну жана түзөтүүнү демилгелейт;
6) Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды жана материалдарды даярдоо үчүн адистерди, эксперттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду жана эксперттик комиссияларды, анын ичинде ведомстволор аралык жумушчу топторду жана эксперттик комиссияларды түзөт;
7) Кеңештин жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий жана билим берүү уюмдарынын, коомдук бирикмелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана демографиялык өнүктүрүү, үй-бүлөлүк, миграциялык жана социалдык саясат чөйрөсүндө кесиптик билими жана тажрыйбасы бар башка адамдарды чакырат жана күн тартибинин маселелерин талкуулоого (кеңеш берүүчү добуш укугу менен) тартат.
4-глава. Кеңештин ишин уюштуруу
8. Кеңешти Кеңештин төрагасы жетектейт.
Кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын Кеңештин төрагасынын орун басарлары аткарат.
9. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Кеңештин иши төмөнкүдөй формада жүргүзүлөт:
– Кеңештин жыйналыштары;
– жумушчу топтордун жыйналыштары;
– эксперттик консультациялар;
– аналитикалык материалдарды жана сунуштарды даярдоо.
10. Кезексиз жыйналыштар Кеңештин төрагасынын демилгеси боюнча же Кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча чакырылышы мүмкүн.
11. Кеңештин жыйналышы түздөн-түз, аралыктан же аралаш форматта өткөрүлүшү мүмкүн.
12. Кеңештин төрагасы:
1) Кеңештин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
2) жыйналыштардын күн тартибин бекитет;
3) жыйналыштарга төрагалык кылат;
4) протоколдорго жана сунуштарга кол коет;
5) мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялайт.
13. Кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын Кеңештин төрагасынын эмгек, калкты социалдык коргоо чөйрөсүндөгү орун басары аткарат.
14. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кеңештин катчылыгы болуп саналат жана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) жыйналыштарды даярдоону уюштурат;
2) материалдарды түзөт жана Кеңештин мүчөлөрүнө жиберет;
3) жыйналыштардын протоколдорун жүргүзөт;
4) сунуштамалардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
5) мамлекеттик органдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
15. Кеңештин жыйналыштарын даярдоо жана өткөрүү төмөнкү тартипте жүзөгө ашырылат:
1) күн тартибинин долбоору Кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде катчылык тарабынан түзүлөт жана Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет;
2) жыйналышка карата материалдар жыйналыштын датасына чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен Кеңештин мүчөлөрүнө жиберилет;
3) Кеңештин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышканда укуктуу болуп эсептелет;
4) Кеңештин чечимдери Кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат;
5) добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
6) Кеңештин чечимдери протокол менен таризделет жана сунуштама мүнөзүнө ээ болот.
16. Жумушчу топтор Кеңештин мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, илимий коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана көз карандысыз эксперттердин арасынан түзүлөт, алар төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) аналитикалык материалдарды даярдайт;
2) сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат;
3) эксперттик талкууларды өткөрөт;
4) иштин жыйынтыктарын Кеңештин жыйналыштарында сунуштайт.
17. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) күн тартибине сунуштарды киргизүүгө;
2) маселелерди талкуулоого катышууга;
3) керектүү материалдарды жана маалыматтарды алууга;
4) эксперттик консультацияларды өткөрүүнү демилгелөөгө;
5) жумушчу топтордун ишине катышууга.
18. Кеңеш өз ишинин жыйынтыктары боюнча демографиялык кырдаал жана мамлекеттик саясаттын чаралары жөнүндө ар жылдык аналитикалык отчет даярдашы мүмкүн.
5-глава. Корутунду жоболор
19. Ушул Жобого өзгөртүүлөр Кеңештин чечиминин негизинде киргизилет.