Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-сентябры № 635
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 248 "Адистештирилген жана атайын транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сот приставдары кызматынын атайын транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, "Сот приставдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 9-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 248 "Адистештирилген жана атайын транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилген жана атайын транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын:
"17-1. Сот приставдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аларга жүктөлгөн, токтоосуз чара көрүүнү жана кызматтык милдеттерин аткаруучу жерге оперативдүү келүүнү талап кылган милдеттерди аткарууга байланышкан кызматтык зарылчылык болгон учурда транспорт каражаттарына атайын жарык жана үн сигналдарын колдонууга укуктуу.
Өзгөчө учурларга айыпталуучу, жабырлануучу, күбө соттун чакыруусу боюнча жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда аларды мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомдорду жана аныктамаларды аткаруу, соттордун ишинин белгиленген тартибин камсыз кылуу үчүн кошумча күчтөрдү жөнөтүү, резонанстуу жана коомдук маанилүү иштерди кароодо коопсуздук чараларын күчөтүү, сот имараттарында коомдук тартипти бузуулардын алдын алуу кирет.";
- 18-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- сот приставдары кызматы;".
2. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга бюджетинде каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |