Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-сентябры № 638
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын Зарбдор айылында өнөр жай объектин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 01-39/2087 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 23-57 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 102-беренелерине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын Зарбдор айылындагы № 143 контурда жайгашкан "Авиа+" жоопкерчилиги чектелген коомунун жеке менчигинде турган аянты 4,40 га сугат айдоо жер тилкеси өнөр жай объектин (учактарды оңдоо боюнча цехти) куруу максатында "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык аларды күтүүнү жана коргоону, казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн археолог-адисти тартууну;
5) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны баштапкы абалга келтирүү боюнча чараларды көрүүнү;
6) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
7) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөнү;
8) жеке каражаттардын эсебинен аймактын жашоо-тиричиликти камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүктүрүүнү, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
9) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди сактоону;
11) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |