Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-сентябры № 636
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө жободо:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Институттун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Сагынбай Манасчы көчөсү, 140.";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 13-1, 13-2-пунктчалар менен толукталсын:
"13-1) калктын укуктук маданиятынын жана укуктук аң-сезиминин деңгээлине мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү уюштурат;
13-2) мамлекеттик органдардын ченем жаратуу ишине баалоо жүргүзөт;";
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Институттун директору жана директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан дайындалат. Эксперттер Кыргыз Республикасынын юстиция министринин тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча Институттун директору тарабынан дайындалат. Институттун директору, директордун орун басары жана эксперттери мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт.";
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Институттун директору жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.".
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун бекитилген штаттык санынын чегинде жүргүзүлөт.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |