Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-сентябры № 640
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз
Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик
органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка
мамлекеттик органдарынын, анын ичинде
техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык
санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-августундагы № 298 тескемесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 198-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« |
| ||
198 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | 1529 | 271 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 211 | 82 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 1317 | 187 |
| чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү | 1 | 2 |
| ». | ||
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда, ошондой эле кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 73 (3833) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |