Загрузка документа…
КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын
кезектеги VIII-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын«11» сентябры №34
Тасма айылынданын Дүйшөбаев Аваз көчөсүндө жайгашкан күрөш залына ат коюу жөнүндө
Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 19-беренесине, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Тасма айылынын айыл тургундарынын 2026-жылдын 09-сентябрындагы № 3В сандуу протоколунун негизинде Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы токтом кылат:
1. Тасма айылындагы Дүйшөбаев Аваз көчөсүн №29/1 дарегинде жайгашкан күрөш залына Кожоев Көкүлбай Кожоевичтин наамы ыйгарылсын.
2.Тиешелүү иш-кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Т Бөлөковко милдеттендирилсин.
3. Бул токтом айылдык кеңештин расмий сайтына стандарттуу маалымат тактасына жайгаштырылсын жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо архитектура, курулуш, транспорт, экология, жер айыл чарбасы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Н.А Амасбаева