Загрузка документа…
КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын
кезектеги VIII-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын«11» сентябры №35
Карасаев аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Түп районунун мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 17-августундагы №29 буйругунун негизинде Бөлөков Актилек Турсунбековичтин 2026-жылдын №30 токтомунун аткарылышы боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-ноябрындагы №123 Мыйзамына ылайык, 2- главанын 27- беренесиндеги1-2-4-6-15-24-27 пунктары боюнча жана айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, жергиликтүү бюджеттин аткарылышын жана жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишин кароо максатында,
54- беренеде 1-пунктунда жана КР Конституциясында: айыл өкмөт башчысы өзүнүн ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
3-пунктунда аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет; деп так жазылыгандыктан, айыл өкмөт башчысы М.Б. Бакасовдун сунуштаган 2026-жылдын 6 айдын (жарым жылдык) жыйынтыгы боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы токтом кылат:
1. Карасаев аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б Бакасов 2026-жылдын 17-августундагы №28 Түп райондук мамлекттик администрациясынын буйругунун негизинде Балбай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп дайындалгандыгына байланыштуу, Карасаев аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Т Бөлөков 2026-жылдын 17-августундагы №29 Түп райондук мамлекттик администрациясынын буйругунун негизинде Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп дайындалгандыктан Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-ноябрындагы №123 Мыйзамдын ылайык, 2- главанын 27- беренесиндеги 1--2-4-6-15-24-27 пунктарынын аткарылышы 16- пунктун бюджетинин аткарылышын улантуусун, экинчи жарымына белгиленген иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруусун А.Т Бөлөковко милдеттендирилсин:
1.Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу калктуу конуштардын Токтоян,Чон- Тогузбай,Тасма,Арал,Мин- Булак,Сары- Дөбө,Долон, Кош- Дөбө айылдарынын ички көчөлөрүн ирээтке келтирип ,2026-жылдын октябрь айына чейин бүтүрүүсү милдеттендирилсин.
2.Таза суу жана аймактын жашоочуларына ичүүчү суунун маселесин чечүү. Тарифтерин карап чыгуу 2026-жылдын ноябрь айына чейин милдеттендирилсин.
3.Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толук жыйноо жана бекитилген бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча иштер алынып барылсын
4.ФПС тин жерлери боюнча, Кош-Дөбө айылына жакын жайгашкан 11.30 га жерди мыйзамсыз ээлеп отурган Искаков Сатынбайды Түп райондук сотуна 2026-жылдын 15-сентябрга чейин Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан берилсин,Карасаев айылдык кенешине берилгендиги тууралуу билдирилсин.
5. Социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө калктын кайрылууларына өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирилсин
6. Жергиликтүү кенештин токтомдорун өз убагында аткаруу жагы 2026-жылдын декабрь айына чейин белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин « бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча » туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтом айылдык кеңештин расмий сайтына стандарттуу маалымат тактасына жайгаштырылсын жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрайым Н.А Амасбаева