Редакцияот 06.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

      ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ

      АЙМАГЫНЫН

       ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕНЕШИ

 

Т О К Т О М

2026-жыл  02-марты               № 7_____               

Хан-Тенири айыл аймагынын калкын таза суу менен

камсыз кылуу тарифтерин   бекитүү жөнүндө

 

“Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк планын карап,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык талкуулап, жергиликтүү кенеш токтом кылат:  

1.    Хан-Теңири айыл аймагындагы айылдардын ( Ак-Булуӊ, Ак-Булак, Ак-Чий, Боз-Учук, Жыргалаӊ, Ичке-Жергез, Качыбек, Ново-Вознесеновка, Советское, Токтогул) калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча тарифтер 1 айга төмөндөгүдөй бекитилсин:

-        Ак-Булак айылы (398 кожолук) кубометр менен – 40 сомдон кубуна;

-        Ак-Булуӊ айылы (402 кожолук) бир кожолукка 200 (эки жүз) сомдон;

-        Ак-Чий айылы (302 кожолук) киши башына 60 (алтымыш) сомдон;

-        Боз-Учук айылы (219 кожолук) кубометр менен -25 сомдон кубуна;

-        Жыргалаӊ айылы (220 кожолук)  киши башына – 50 (элүү) сомдон;

-        Ново-Вознесеновка айылы (705 кожолук) киши башына – 50 сомдон;

-        Ичке-Жергез айылы (385 кожолук) киши башына – 50 сомдон;

-        Качыбек айылы ( 70 кожолук) киши башына – 50 (элүү) сомдон;

-        Советское айылы (183 кожолук) кубометр менен – 30 сомдон кубуна;

-        Токтогул айылы (302 кожолук) кубометр менен – 40 сомдон кубуна;

-        Мектептер, бала бакчалар, ДЭП №11, өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводу,   конок үйлөр, – 1000 (бир миӊ) сом бир айына;

-        Коммерциялык объектилер(кафе, чайхана, автомойкалар, мончо) – 1500 (бир миӊ беш жүз ) сомдон бир айына;

-        ГСВ, ФАПтар – 100(жүз) сомдон бир айына;

2.    Ичүүчү таза суу системасына жаӊыдан кошууга – 2500 (эки миӊ беш жүз) сомдон; Ичүүчү таза сууну жабуу жана кайра жандандыруу – 500 (беш жүз) сомдон.

3.    Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу “Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишкананын директору Б.Кангельдиевге милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин.

5.    Токтом МККга басылып чыккан күнү  Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

6.    Токтомду аткарууга алуу Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

    

        Төрага              Т.Узаков