Редакцияот 06.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

    ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ

   АЙМАГЫНЫН

     ЖЕРГИЛИКТҮҮКЕНЕШИ

                                                               

                                                 Т О К Т О М      

 

19.03.2026-ж. №__13______                       

 

“Хан-Теңири-тазалык” муниципалдык ишканасынын штаттык санын жана айлыгын бекитүү  жөнүндө

 

“Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк планын карап,   Кыргыз Республикасынын    “Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык талкуулап,     жергиликтүү кеңеш  токтом кылат:

1.    “Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги жана айлык маянасынын көлөмү 1-тиркемеге ылайык  бекитилсин.

2.    “Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишканасынын бекитилген штаттык бирдиги боюнча иш алып баруу “Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишканага милдеттендирилсин.

    3. Токтом ММКга  жарыялансын жана басылып чыккан күнү  юстиция органына Мамлекеттик  реестрге киргизүү үчүн  жиберилсин.

    4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлгө алуу жергиликтүү кенештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

    

Төрага        Т.Узаков