Редакцияот 06.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

  ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ

   АЙМАГЫНЫН

   ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

Т О К Т О М

09.04.2026-ж.     № _ _22_____               

Хан-Тенири айыл аймагында жол жээгинен чыккан кум, таш,

топурактарды төгүүгө карьерлерди аныктап берүү жөнүндө

 

Хан-Теӊири айыл өкмөтү тарабынан “Үч чоку” долбоорунун алкагында Каракол-Эӊилчек жолунун  Хан-Теӊири айыл аймагында жасалып жаткан жолдун  тилкесинен чыккан кум, таш, топурак жана тал-теректердин чамындылары сыяктуу таштандыларды төгүү үчүн карьерлерди аныктап берүү боюнча көтөрүлгөн маселени карап жана  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык талкуулап, жергиликтүү кенеш токтом кылат:  

1. Каракол-Эӊилчек жолунун  Хан-Тенири айыл аймагынын күн батыш тарабындагы чек арасынан Ичке-Жергез айылына чейинки жолдун жээгинен  чыккан кум, таш, топурак 717-контурга, Ичке-Жергез-Ново-Вознесеновка айылдарынын ортосундагы жол жээгинен чыккан кум, таш, топурак 532, 531, 378, 139, 137- контурларга, Ак-Булуӊ айылынан Токтогул айылына чейинки жол жээгинен чыккан кум, таш, топурак   388-контурга, тал-теректердин чамындылары сыяктуу таштандыларды  141-контурга, Ак-Булуӊ, Ак-Булак, Токтогул айылдарынын жол жээгинен чыккан кум, таш, топурактар Ак-Булуӊ айылынын эски карьерин рекультивация кылууга төгүлсүн.

2. Каракол-Эӊилчек жолунун  Хан-Теӊири айыл аймагында жасалып жаткан жолдун  тилкесинен чыккан кум, таш, топурак жана тал-теректердин чамындылары сыяктуу таштандыларды төгүүгө байланышкан иштерди жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин. 

3.    Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин.

4.    Токтом МККга басылып чыккан күнү  Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

5.    Токтомду аткарууга алуу Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

    

Төрага               Т.Узаков