Редакцияот 06.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                                  

 

 

ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ

АЙМАГЫНЫН

 ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

                                                 Т О К Т О М      

 

2026-жылдын 22-майы     №__24___                       

 

Хан-Теңири айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарга, мыйзамсыз жер басып алгандарга карата жасалып жаткан  иштер жөнүндө 

 

          Хан-Теӊири айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарга бөгөт койуу, мыйзамсыз жер басып алгандарга карата жасалып жаткан иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын  2021-жылдын  20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын  негизинде    жергиликтүү кеңеш  токтом  кылат:

  1. Хан-Теӊири айыл аймагында   мыйзамсыз курулуштарга, мыйзамсыз жер басып алгандарга карата жасалып жаткан  иштер белгиленсин.
  2. Хан-Теӊири айыл аймагындагы айылдарда  мыйзамсыз курулуштарга, мыйзамсыз жер басып алгандарга жана жерлерди курчап алгандарга карата иштер күчөтүлсүн. 
  3. Кызыл сызыктан чыгып кеткендер, кызыл сызыкка кашаа кармап алгандар  менен мыйзам чегинде иш жүргүзүү Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.

4.    Бул токтом МКК жарыялагандан кийин Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

5.    Токтомду аткарууга алуу Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.

         

 

Төрага            Т.Узаков