Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Миң-Куш айыл аймагынын
айылдык кеңешинин биринчи сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №1-1
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин биринчи жыйынынын эсептөө комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде №2/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Бекеев Айбек Тынайбекович Мин-Куш айыл аймагынын айылдык
кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Бекеев |