Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 2-октябры № 756-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген жана турак үйлөрдү курууга жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак жай шарттарын жакшыртууга багытталган «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна анын мөөнөтсүз пайдалануусунда турган төмөнкү жер тилкелерин белгиленген тартипте өткөрүп берүү сунушталсын:
1) Ош облусу, Ош шаары, «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгы, Базар көчөсү, 65/4 дареги боюнча жайгашкан (идентификациялык коду 5110601340109), Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган, аянты 1 038,0 кв. м жер тилкесин – Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясына;
2) Нарын облусу, Нарын шаары, Кыш заводу участогу, 1 дареги боюнча жайгашкан (идентификациялык коду 4050100020946), мамлекеттик менчикте турган аянты 80 000,0 кв. м жер тилкесин – Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясына.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 126-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 2-пункттун экинчи абзацы «жер участокторун» деген сөздөрдөн кийин «аларда турган курулуштар менен» деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун тизмегинде:
– 22, 23 жана 31-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 56, 57-пункттар менен толукталсын:
«
56 | 8010100011622 | Баткен облусу, Баткен шаары, А. Орозбай көчөсү, 15 | КРМКга караштуу Маммүлктүн алдындагы «Объекттерди башкаруу боюнча дирекция» МИ | 11688 |
57 | 5110801710032 | Ош шаары, Ашимахунов көчөсү, 7 | КР ЖСга караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгы | 1500 |
».
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |