Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-сентябры № 653
2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны бекитүү жөнүндө
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын финансы системасын криминалдык коркунучтардан коргоо, террористтик, экстремисттик ишти жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоого жол бербөө үчүн ишенимдүү тоскоолдуктарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 570 «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруунун алкагында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия (мындан ары – Стратегия) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча чаралар планы (Жол картасы) (мындан ары – Чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Чаралар планын ишке ашырууга тартылган министрликтер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар белгиленген тартипте:
1) Стратегияда жана Чаралар планында каралган иш-чараларды так жана өз убагында аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
2) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Стратегияны жана Чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына берип турсун;
3) тиешелүү жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө Стратегияны жана Чаралар планын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды карасын, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн техникалык жардамын тартуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана Чаралар планынын аткарылышына жалпы контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Стратегиянын жана Чаралар планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле аларды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жыл сайын маалымдоону камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 74 (3834) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |